А.П.Чеховдун “Кутучадагы адам” китеби кыргыз тилинде жарык көрдү

Акын Таштанбек Чакиевдин котормосунда А.П.Чеховдун “Кутучадагы адам” аттуу китеби жарык көрдү. Китепте дүйнөлүк адабияттын ири өкүлү А.П.Чеховдун тандалма аңгемелери киргизилген. Чыгармаларда ак менен кара, өмүр менен өлүм, адамгерчилик менен наадандык, боорукердик менен ташбоордук өңдүү турмуш философиясы таасын чагылдырылган. Эскертүү: Китеп аз санда чыгарылгандыктан китеп дүкөндөрүндө азырынча жок, автордун өзүнө кайрылыңыздар.

АЛЬБОМ

А.П. Чехов  АЛЬБОМ Катуурак шамал болсо кулап калчудай кейиптенген Кратеров деген титулдук кеңешчи алдыга бир кадам таштады да, Жмыховго бурулуп: Улуу даражалуум! Бизге көрсөткөн аталык камкордугуңуз жана узак жылдарга созулган башчылыгыңызды эске алып… Он жылдан ашык мөөнөткө созулган,-деп кошумчалай кетти Закусин. Ооба, он жылдан ашык убакытка созулган жылдарды эске алып, биз – cиздин кол алдыңызда иштегендер, биз үчүн салтанаттуу… мына ушундай… күнү сизге болгон терең урмат-сыйыбыздын белгиси катары, бардыгыбыздын сүрөтүбүз салынган мына бул альбомду белек кылуу менен дагы далай жылдар бою, кандай десем… көзүңүз өтүп кеткиче биз менен бирге болууңузду толугу менен…..