Догдурбек Юсупов: Куйкум

Чоңоёт деген ушул

-Ий-е-е, кемпир,

чыга түшүп жонубуз,

узарат деген ушул,

кадимкидей колубуз, –

деп Балпыкең,

сөзүн салмактуу баштаптыр.

Кубангандан толкундап,

кадамын кере-кере таштаптыр.

Кыбыңдатып көзүн,

улантат дейт минтип сөзүн:

-Уулубуз чоңоюп,

эр жетет деген ушул,

тамеки тарта баштаптыр.

Ушул уулдан ишенимим чоң,

сөзүн угуп койбойт,

өзүмөн башканын.

Тим эле суктанасың,

окуп көрсөң,

тоголок арыз жазганын.

Байкап көрсөң, куп гана,

өзүмдү тартканын.

Карабайсыңбы аракты,

ичиркенип койбой,

дал мага окшоп,

чоң ыстыкан менен,

көмкөрүп ичип жатканын.

 

Жалгыз арман

-Ыя, Балпыке,

сенин жоктур арманың,

импортный буюмдар

дайыма алганың,

жапондук магнитофонду

көтөрүп жүрөт балдарың,

гарнитур, килем, вазалар.

айтпай эле коёюн калганын…

Деги

арманың жоктур эч бир, –

десе коңшусу,

Балпыкең мындай дептир:

-Башынан эле

импортный буюмдарды сүйөм,

ал тууралуу сөз болсо

дароо кулакты түрөм.

Эми бир гана арман…

импортный аял

алсамбы деп жүрөм.

 

Мен эле жатайын

Начальнигинин

кыйналганын көрүп,

Балпык андан сурады:

-Эмне, бир жериңиз

ооруп турабы?

-Ооба, ичимдин

ооруйт тыяк-быягы,

ооруканага жатам го сыягы.

Ыракмат сага,

көңүлдү

сураганыңа атайын, –

деп начальниги кайгы жейт,

анда Балпык мындай дейт:

-Сизге келген оорудан,

мен кантип качайын,

керек десеңиз сиз үчүн,

ооруканага

мен эле жатайын.

 

Мен дагы ичейин

Доктор босогону аттап,

алгандай ырды жаттап,

мындай деди

бийик чыгарып үнүн:

-Кечээкиден бүгүн

абалыңыз дурустай…

М… да-а, денеңиз,

калган экен курушпай,

өзүңүздү кандай сезесиз?

-Дурус,дурус,

калп айткан менен болобу,

дарыларыңыз мени

кадимкидей оңоду, –

анда доктор минтсе болобу:

-Мунуңузга дароо

көңүл бөлөйүн

андай болсо азыр эле,

үйгө жөнөйүн.

Мен да ошол дарыларды

ичип көрөйүн.

 

Артыман баса бер

-Токтой турсаң Качы,

мейманкананын ээси

эрди-катын эместигибизди

билип калсачы?..

Мен ушундан тартынам… –

анда Качы минтет

калп эле жөтөлүп:

-Чочуба шек санабайт,

эки чамаданды тең көтөрүп,

баса бергин артыман.

 

Сөзсүз байлаш керекпи?

Кино тартуучу жайда,

режиссёр актрисага

үйрөтүп жатты

эмне кылуу керектигин:

-Бандит келип сенин,

колу-бутуңду байлап,

зордуктап салат,

өчүн ошентип алат.

-Ал жигит сулуубу?

-Ооба, сулуу, –

деп режиссёр айтат элестүү,

буга кубанган актриса,

мындай дебеспи:

-Анда жөн эле

зордуктай бербейби

сөзсүз эле колу-бутту,

байлаш керекпи?!.

 

Өтүнүч

-Э-э, кошуна,

өтүнүчүмдү угуңуз,

бүгүн бир түнгө

аккардеонуңузду берип туруңуз, –

десе кошунасы лепилдейт:

-Сиздин сөздөн чыкпайын,

сиз үчүн бүт дайын,

эмне-е,

аккардеон үйрөнөйүн дейсизби?

-Жо-ок, бүгүн бир

тынч уктайын.

 

Кулпунун жогунан

Дүкөнгө кирген аларман,

текчелерди көрүп бош турган,

өз ичинен умсунат:

-Эч буюм болбогон соң,

андан көрө дүкөндү,

жаап койсоңорчу кулпулап.

Анда сатуучу

этек-жеңин кымтылап,

ачуусу келип тиктеди,

көздөрү чыкчудай огунан,

таштады ортого,

ачуу сөздүн чогунан:

-Жыргап турат дейсиңби,

эшикти бекиталбай,

үйүмө кеталбай отурам бу жерде

жалдырап,

дал ошол кулпунун жогунан.

 

Ойноп жаткам

Үйдүн ичинен чыккан,

уу-чууну угуп.

Балпык бир паска

күтүп туруп.

Анан,

эмне болду деп,

үйгө кирсе ылдам,

бөлмөнүн ичи будуң-чаң,

идиш-аяктар сынган.

Нарыда,

көмкөрүлүп жатат кумган.

Көкүрөгү жагжайып,

чачтары саксайып,

ортодо турат теңселип,

мас кишиче уулу Актан.

-Э-эй, мадырабаш,

бу не деген жорук?..

Актан сөздү чолуп,

көзүн албай ылдый жактан,

мындай деди:

-Өзүмчө эле туурап сени,

мас болуп ойноп жаткам.

 

Араба сүйрөп береби?

Эшегинин өлгөнүн угуп,

Балпык койбочудай аянып,

алыстан өкүрүп келди,

эки бөйрөгүн таянып.

Аны көргөн аялы,

таң калып мындай деди:

-Токтот, бул жоругуңду!..

Ушул эле калгансып деги.

Акылың жок кылчалык,

атаң өлгөндө да,

ыйлаган эмессиң мынчалык.

Анда Балпык,

көзүнөн жашын аарчып,

айтат дейт минтип:

-Басса да араң илкип,

байкушум,

эмгекчил эшек эле.

Атаң, атаң дейсиң,

ал эмне буга окшоп,

араба сүйрөп берчү беле?..