Акын Жолдошбек Бузурманкулов дүйнөдөн өттү

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады

КРнын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Жолдошбек Бузурманкулов дүйнөдөн өттү.

Бузурманкулов Жолдошбек Карабалаевич 1946-жылы Талас облусунун Талас районунда жарыкка келген. 1965-жылы орто мектепти аяктаган. 1966-1969-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1969-2005-жылдары КРнын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматында иштеген. Эмгек жолунун 36 жылын милицияга арнаган акын 2005-жылы ардактуу эс алууга чыккан. Милициянын полковниги. 18 медаль, ок атуучу эки курал менен сыйланган.

“Долондон канатымды кайрып алдым” (Ильястын ыры), “Жүрөккө сүйүү из салса” ж.б. элге кеңири таанымал отузга жакын обондуу ырлардын автору. Төрт адабий китеп чыгарып, окурмандарга тартуулаган.

Жолдошбек Бузурманкуловдун дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу үй-бүлөсүнө, уул-кыздарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

КРУЖС Башкармалыгы