
КР Президенти С.Жапаровдун 2021-жылдын 27-февралында көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналып өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарада сүйлөгөн сөзүнөн үзүндү.
Жазуучу, драматург жана тарыхчы Орозбек Айтымбетов көзү тирүү болгондо 75 жашка чыкмак. Ал 1947-жылы 16-августта Ысык-Көл районундагы Сары-Камыш айылында туулган. 1964- жылы Балыкчы шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы он бир жылдык орто мектепти бүткөндөн кийин ошол калаадагы кеме чарбасында матрос, ушул шаар менен аскердик гарнизондун футболдук тандалма командасында келишим боюнча оюнчу – тренер, “Тамчы” совхозунун курулуш бригадасында жумушчу, “Союзпечаттын” Ысык-Көл райондук агентствосунда эксплуатациялык иштер боюнча инструктору болуп иштеген. 1966-67 – жылдарда Токмок шаарындагы улуттук мектептер үчүн орус тил мугалимдерин даярдоочу бир жылдык окуу жайды ийгиликтүү аяктагандан кийин өз айлында, Ат-Башы жана Кочкор толугу менен…..
Жарыя! «Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд» Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун колдоосу менен “Жаш Толкун 2022” II республикалык поэзия сынагын жарыялайт. Сынакка 18 жаштан 35 жашка чейинки жаш акындар катыша алышат. Конкурстук чыгармалар 2022 – жылдын 15 – июнуна чейин кабыл алынат. Байге фонду 200 000 сом. Конкурстук арыздар fond.tursunbekov@gmail.com электрондук почта аркылуу же Кулиев көчөсү № 2, почта индекси 720010 дарегине жиберилиши зарыл. Сурап билүү үчүн телефондор0312 658-658, 0557 27-23-07. Так маалыматты фонддун соц. тармактагы баракчасынан жана КР Улуттук жазуучулар союзунун интернет баракчасынан алсаңыздар болот.
Кыргыз Республикасынын Эл акыны Токтосун Самудинов менен пародиялары, 40 жылдан бери үзгүлтүксүз чыгып келе жаткан балдардын сүйүктүү “Байчечекей” журналы, замандаштары жөнүндөгү маектин биринчи бөлүгүн сунуштайбыз. КР Улуттук жазуучулар союзунун ютуб каналына катталып, пикир калтырып, колдоо көрсөтүп туруңуздар.
Бир тамчы Кылтайды тоодон күн чыгып, кыймылдан “тырс” деп үн чыгып. Бой түзөйт гүлдөр, жатты эле, шүүдүрүм басып тумчугуп. Көлкүлдөп күндөн жашынбай, мөлтүлдөп жылып шашылбай. Бойлоду гүлдүн сабагын, бир тамчы көздүн жашындай. Таркатар бойго кубатты, алмашар айлап сугатты. Бүт өмүр күткөн бир учур, кез келген балким убак бу. Татканып тамчы мүрөктөй, кулпунду гүлгө кир өтпөй. Алыстап кетти айдарым, арманда калып бир өппөй.
Эске түштү Учур жок түркүн куштар сайрап турган, гүлдөр жок көз кубантып жайнап турган. Бараткам кышкы бакта аяр басып, жол менен чилде ызгаары тайгак кылган. Капыстан чочуп кеттим… каттым дагы, төбөгө “лап” дей түштү бактын кары. Күбүлгөн аппак кардан күтүүсүздөн, тунжурай түшкөнсүдү жактын баары. Моюнга муздак кардан үшүк жетип, күбүндүм, токтоп калбас киши кетип. Карасам бакты силкип ойноп коюп, каткырып бала турат тиши кетик. Жылмайдым күлкүм келип, каткырбадым, жоругун сезип турдум жактырганын. Менин да бала кезим эске түштү, ойногум келчү күбүп бактын карын.