Казат Акматов: Мансапкор күчүк (тамсил)

Мансапкор күчүк

(тамсил)

Короочу деген бир күчүк атак-даңк жөнүндө көп ойлончу болду. Өзү аябагандай уйкучу. Керээли кечке уктайт. Анан ойгонсо эле атак жөнүндө ойлоно кетет. Бир күнү ал атасына келип “музыкант болом” деген тилегин айтты. Атасы менен энеси ошого аябай сүйүнүшүп, Короочуну дароо эле музмектепке жетелеп барышты. Ал жерде келгендердин жөндөмүн текшерүүчү мугалим болот экен.

–Кана, күчүгүм, рояльдын баскычтарын мен баскандай басып до-ре-ми-фа-соль-ля-си деген үндү чыгарчы, – деди мугалим.

Күчүк дароо макул болуп рояльдын баскычтарын басса эле ав-ав, ав-ав деген добуш чыгат. Эки-үч саатча убара болду мугалим. Бирок күчүктөн ав-авдан башка эч нерсе чыкпай койду.

–Кечирип коюңуздар, музыкага шыгы жок турбайбы балаңардын, – деди мугалим ата-энесине.

Ошентип, Короочу музмектепке өтпөй калды да, бир топ күн өткөндөн кийин ата-энесине “сүрөтчү” болом деп ыйлап кирди.

Ата-энеси ага да сүйүндү. Себеби, уулубуз эптеп эле бир нерсеге жараса экен деп тилек кылышчу да алар. Көркөм сүрөт окуу жайга жетелеп жөнөштү күчүктү. Ал жерде да келгендердин шыгын текшерип көрөт экен, кара басып Короочу мында да өтпөй калса болобу. Себеби колуна карандаш берип, ар нерсенин сүрөтүн тарт десе, күчүк таптакыр тарта албай койду.

–Шыгы жок экен балаңардын, – деди мында да мугалим. Ошону менен үчөө ээрчишип үйлөрүнө маанайлары пас кайтышты. Жолдо келе жатып күчүк жолдо ыйлайт. “Шык сатып бергиле мага”, – дейт ата-энесине.

–Шык деген сатылбайт, балам. Аны деген кудай берет.

–Анда кудайдан мага шык сурап бергиле, – дейт күчүк өжөрлөнүп. Ошондо дөбөт жини келип кетип, баласын бир тиштеди: –Бас жаагыңды. Кудайдан сурап албайт шыкты. Аны алла-таала өзү берет ар кимге! Короо кайтаргын!

Ошентип мансапкор күчүк таяк жеди. Бирок мансапты унута албай жүрүп бир күнү теледен баатырлар жөнүндө көрсөтүүнүн көрдү да, ата-энесине кайра чуркап барды.

–Анда эмесе мен баатыр болом! Баатырларды окутуучу мектепке алпаргыла, – деди ал.

Ата-энеси күчүктү таңданып карап калышты.

Атасы көп ишене бербеди баласына. Бирок апасы чырылдады: – А балким болсо болор. “Бешиктеги баланын бек болорун ким билет?”

Апасы ошенткенде Дөбөт ойлонуп турду да, мындай деди:

–Болуптур, бирок менин билишимче Кыргызстанда баатырларды окутуучу мектеп болбосо керек эле. Ошон үчүн мени сени өзүм эле сынап көрөйүн. Ошентти да Дөбөт баласын жетелеп барып тоокканага киргизип жиберди. Бир маалда кызыкты көрүп алгыла: тооктордун жолбашчысы Кызыл короз деген неме ачуусуна чыдабай кыйкырып-өкүрүп кууп алыптыр. Күчүк коркконунан тоок уядан качып чыгып көрүнгөн бурчка жансоогалап жашынат. Каңшылаганын уксаңар кулак тунат.

–Көрдүңбү, балам, – деди Дөбөт күчүгүн эптеп Короздон куткарып алган соң апаптап атып: “Баатыр болуш үчүн жүрөк керек…”