Догдурбек Юсупов: Куйкум

Чоңоёт деген ушул -Ий-е-е, кемпир, чыга түшүп жонубуз, узарат деген ушул, кадимкидей колубуз, – деп Балпыкең, сөзүн салмактуу баштаптыр. Кубангандан толкундап, кадамын кере-кере таштаптыр. Кыбыңдатып көзүн, улантат дейт минтип сөзүн: -Уулубуз чоңоюп, эр жетет деген ушул, тамеки тарта баштаптыр. Ушул уулдан ишенимим чоң, сөзүн угуп койбойт, өзүмөн башканын. Тим эле суктанасың, окуп көрсөң, тоголок арыз жазганын. Байкап көрсөң, куп гана, өзүмдү тартканын. Карабайсыңбы аракты, ичиркенип койбой, дал мага окшоп, чоң ыстыкан менен, көмкөрүп ичип жатканын.   Жалгыз арман -Ыя, Балпыке, сенин жоктур арманың, импортный буюмдар дайыма алганың, жапондук магнитофонду көтөрүп толугу менен…..