Акын, КРнын Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири Ш.Кулуев дүйнөдөн өттү

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады.

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев 78 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Акын Шабданбек Кулуев 1942-жылы 1-январда Жумгал районунун Чаек айылында туулган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 1963-жылы Суусамыр өрөөнүндөгү 8-март, Каракол башталгыч мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1969–1990-жылдары Жумгал районунун Жумгал, М.В.Фрунзе атындагы орто мектептеринде тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, директор, 1990–2006-жылдары Жайыл районунун Түркмөн атындагы орто мектебинде математика мугалими болуп иштеген. Республикалык “Кыргыз туусу” гезитинин штаттан тышкаркы кабарчысы болуп иштеген.

Ш.Кулуевдин “Куланчы мерген”, “Алас, алас”, “Кийик сай”, “Кылымдар жаңырыгы”, “Сезим кайрыктары”, “Мидин минткен экен”, “Өмүр издери” ж.б. китептери жарык көргөн. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири болгон.

1987-жылы “Эмгек ардагери” медалы, 1993-жылы “Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги” төш белгиси берилген. 1994-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы берилген.

2002-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын алган. “Жайыл районунун Ардактуу атуулу”. 2003-жылы “Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө эмгеги үчүн” пенсиясы ыйгарылган жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун “Кеменгер” төш белгисинин ээси.

1991-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

2011-жылдан “Кыргыз Республикасынын Эл мугалими” ардактуу наамына ээ болгон.

Акын Шабданбек Кулуевдин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, уул-кыздарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Башкармалыгы