Кыргыз акын-жазуучулары “Абай” медалы менен сыйланды

ТҮРКСОЙ Эл аралык уюму Казак акыны жана агартуучусу Абай Кунанбаевдин чыгармачылыгын жайылтууга салым кошкондугу үчүн Т.Казаковго, А.Акбаровго, К.Кадыракуновго, А.Сарманбетовго жана А.Акматалиевге “Абай” медалын ыйгарды. Сыйлыкты Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү, Кыргыз эл акыны К.Култегин илим күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чарада тапшырды. Урматтуу сыйлык ээлери, сыйлыгыңыздар кут болсун! Чыгармачылык эргүү, бекем ден-соолук каалайбыз. Алган сыйлыгыңыздар сиздерге дем болуп, дагы көп ийгиликтерди жарата бериңиздер! Урматтоо менен, КРУЖС Башкармалыгы  

Гүлжамол Аскарова: Түшүнбөй короду көп жылдар, Акындык – ашыктык экенин

Өзбек адабиятынан ***** Эми сени күзгө тапшырам, Тапшырамын сени сүйгөнгө!.. Куру намыс, койгун! Акым жок! Турмушуна кайгы үйгөнгө.   Жетет, билем мендик эмессиң. Сендик эмес менин ойлорум. Кыяматка чейин эркимди, Жеңе албасам капа болбогун!   Элесиңди тарттым көзүмө, Эркиң билсин эми калганын. Өлүмгө өкүм кылсаң, жибимди бийигирээк жарга байлагын!   Акын курбума куса Чын, акын болбодук, жөн гана, Акынга окшогон бирөөбүз. Көп болду ашыгып сүйгөндөр, Биз сүйгөн кишилер сүйбөдү.   Атыбыз ак болсун дедикпи, Көңүлгө толсо да муң, кайгы? Кур намыс бийлеген кишиге, Ашыктык жарашпайт турбайбы…   Акыл да, жүрөк толугу менен…..

Касым Сулайманов: Чөнтөк телефон

Чөнтөк телефон Асылкан тайраңдап эрке чоңойду. Кадыр үйлөнгөндөн кийин төрт жыл балалуу болбой жүрдү. Аялы Сонунбү экөө аябай ынтымактуу жашашты. “Келинчегим төрөбөй калат окшойт, башка келин караштырсамбы, же доктурга дарылатыш керекпи”,- деп тынчы кете баштаганда гана Сонунбү кош бойлуу болуп, баарын күттүрүп төрөлгөн кызы ушул – Асылкан. Ал төрөлгөндө Кадырдын бүт үй-бүлөсүнө майрам болгон. Бүт үй-бүлөнүн баарын зарыктырып төрөлгөн ымыркайдын үстүнө үйрүлүп түшө калышчу. Өтө көзүн караган кыз бир аз чемендүү да болуп чоңоюп жатты. Кадыр менен Сонунбү үч кыз, бир уулдуу болушту. Көзүн караган Асылкан бир тең, калган балдары толугу менен…..

Абдыжапар Эгембердиев: “Аялдама бардыр бирикчү, Айрылыш жол бар же алдыда…”

 Эгемендик Бир жакшы иш элдин демин көтөрөт, Бир жакшы сөз көңүлдөрдү шат кылат. Улуу майрам түйшүгү көп жол басып, Келип турат эшиктерди каккылап.   Кыргызстаным – келечектүү кең өлкө, Жети облус жайып кенен айдыңын. Бишкек калаа саясатын жүргүзүп, Өлчөп турат өнүгүүнүн ай, жылын.   Сары-Өзөн Чүй берекеси төгүлгөн, Түшүм жыйноо, мөмө-жемиш үзүмү. Базар көрсөң көздөрүңдү тойгузат, Алма, өрүгү, алча, дарбыз, жүзүмү.   Мал киндиктүү Нарын жери ажайып, Төрт түлүгү тоонун бетин бербеген. Койнун ачып Арпа жайлоо, Соң-Көлү, Жолуктурат алыс-жакын эл менен.   Күнөстүү Ош дайым берип токчулук, Ак-Буурасы агып өтөт толугу менен…..

И.Буниндин аңгемелери Т.Чакиевдин котормосунда

КОТОРМОЧУ ТАШТАНБЕК ЧАКИЕВ: “И. БУНИНДИН АҢГЕМЕЛЕРИН КОТОРУУ, ЧЫН-ЧЫНЫНА КЕЛГЕНДЕ ӨТӨ МАШАКАТТУУ БОЛДУ”  2013-2020-жылдар аралыгында мен котормо жаатында талыкпай эмгектендим «Кудайдын кулагы сүйүнсүн» демекчи бүгүн китеп дүкөнүнө баш баккан адам  андагы текчелерде эне тилибизде жарык көргөн түрлүү китептердин жыйылып турганын көрөт. Бир кездердеги “кара курсак менен кармашып” калган күндөр артта калып, элибиз, анын ичинде өзгөчө жаш муундун жакындан бери адабиятка болгон кызыгуусу артып, совет доорундагыдай болбосо да колуна акырындап китеп кармап, ошол доордо жарык көргөн кыргыз классиктеринин чыгармаларын издеп, сураштырып жүрүп, таап окуй баштагандыктары кубандырат. Бирок, ошол эле учурда коңшу элдердин толугу менен…..

“МАНАС ДУХтун” духундагы маек

2020-жылдын 6-ноябрында саат 11:00дө “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясында (Бишкек шаары, Раззаков көчөсү 8/1, 8/2 (Ж.Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинде) Жедигер Саалайдын жаңы “МАНАС ДУХ” китебинин бет ачары болот. Буга байланыштуу автордун Айнура Майрамбек кызы менен болгон маегин назарыңыздарга тартуулайбыз:   Айнура:  – Жедигер агай, жаңы китебиңиздин чыгышы менен куттуктайм! Бир эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судья-катчысы жана ошол эле учурда чыгармачылыгыңызды таштабай кошо ала жүргөнүңүз чынында мактоого арзыйт. Китепти колго алганда эле көп окурмандын суроосу “Эмне үчүн “МАНАС ДУХ”?  “Дух” деген сөздү нукура кыргыз тилинде жазса болот толугу менен…..

Куттуктоо

Куттуктоо Урматтуу Маданият өкүлдөрү, Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилден куттуктайбыз! Улутту улут катары сактап турган негизги баалуулуктардын башатында сиздер жана сиздер жараткан улуу мурастар турат. Ар бир жараткан ийгиликтүү эмгегиңиздер эртеңки келечегибиз үчүн таберик болуп кала бермекчи. Андыктан сиздерге талыкпаган эмгек, чыгармачылык эргүү каалайбыз. Ар бириңиздерге аманчылык, ден-соолук, узак өмүр каалайбыз. Эли-журтуңуздар менен эсен болуңуздар! Урматтоо менен, КРУЖС Башкармалыгы

А.Осмонов атындагы адабий сыйлыкка сынак жарыяланат

Кулактандыруу Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыкты ыйгаруу комиссиясы 2020-жылдын 1-ноябрынан 5-декабрына чейинки убакытта Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгына сынак жарыялайт. Талапкерлер юридикалык жактардын сунуштарынын негизинде кабыл алынат. Сыйлыкты ыйгаруу шарттары: 1.Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгы поэзия, котормо жанрында улуттук адабият менен маданиятты көтөрүүгө салым кошкон, коомчулукка таасирдүү (Алыкул темасына арналган) акыркы үч (2017-2019-жж.) жыл аралыгындагы жарыяланган жаңы чыгармалар (китептер) жана Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгын коомчулукка жеткирүүдөгү өзгөчө демилгелүү ишке ашкан эмгектер үчүн ыйгарылат. 2.Аталган адабий сыйлыкка талапкерлерди көрсөтүүгө Кыргыз Республикасындагы чыгармачыл союздар, толугу менен…..