Абдыжапар Эгембердиев: Ашуудан ары ашуу бар (Кыргыз эл акыны Омор Султанов 85 жашта)

Кыргыз эл акыны Омор Султанов 85 жашта Ашуудан ары ашуу бар Кылымдардын кыйырын кезген тарыхый жолунда, тээ Манас атабыздын доорунан бери не бир чыгаан уулдары кыргыздын атагын чыгарды, анын атын алыс-жакынга таанытып, Ысык-Көлүндөй көгүлтүр байрагын мезгил түпкүрүнөн бери желбиретип, сыймык менен алып келди. Элибиз да өз кезегинде мындай азаматтарын алаканына салып, алардын ысымдарын тарых бетине алтын тамгалар менен чегелеп, бүгүнкү күнгө жеткирди. “Элдин атын эр чыгарат, эрдин атын эл чыгарат” деген ушул да. Ар бир доордун, ар мезгилдин өз баатыры, өз ченеми бар экен. Бүгүнкү жаңырган дүйнөнүн жүзү “кызыл кыргын, толугу менен…..