А.П.Чехов: Альбом

Альбом

Катуурак шамал болсо кулап калчудай кейиптенген Кратеров деген титулдук кеңешчи алдыга бир кадам таштады да, Жмыховго бурулуп:

-Улуу даражалуум! Бизге көрсөткөн аталык камкордугуңуз жана узак жылдарга созулган жетекчилигиңизди эске алып…

-Он жылдан ашык мөөнөткө созулган, – деп кошумчалай кетти Закусин.

-Ооба, он жылдан ашык убакытка созулган жылдарды эске алып, биз, cиздин кол алдыңызда иштегендер, биз үчүн салтанаттуу… мына… ушундай  күнү сизге болгон терең урмат-сыйыбыздын белгиси катары, бардыгыбыздын сүрөтүбүз салынган мына бул альбомду белек кылуу менен дагы далай жылдар бою, кандай десем… көзүңүз өтүп кеткиче биз менен бирге болууңузду каалай тургандыгыбызды билдирип өткүбүз келет…

-Чындык жана өнүгүү жолундагы өзүңүздүн аталык кеңешиңиз менен… – деди эми Закусин, чекесиндеги чыбырчыктай түшкөн терди аарчып жатып. Анын чыны менен эле абдан сүйлөгүсү келип, ал тургай, айта турчу сөзүн дагы камдап келген көрүнөт.

–Мындан ары дагы урмат-сыйдын үстүндө болуңуз. Ар дайым желегиңиз эмгектин, коомдук аң-сезимдин урматына желбирей берсин! – деп, сөзүн аяктады.

Жмыхов жашып кетти. Сол жаагы ылдый сарыгып бараткан көз жашын сүртүп:

-Мырзалар! – деди үнү каргылданып. – Сиздерди мына минтип менин арзыбаган мааракеме көңүл бурат деп үч уктасам түшүмө кирмек эмес… Эмне дээримди да билбей калдым… Бул көз ирмемдерди мен өлөр-өлгүчө унутпайм, жана ишенип коюңуздар… достор… бөтөн бирөө сиздерге менчелик камкордук көрбөйт… Балким, ким бирөөңүздөрдү капа кылып койгон күндөр болгондур, бирок ишенсеңиздер, анын бардыгы сиздердин гана пайдаңыздар үчүн эле…

Мына ушундан кийин чыныгы штаттык кеңешчи Жмыхов титулдук кеңешчи Кратеровду кучактап бетинен өөп, толкунданып жаткандыгына байланыштуу сөз сүйлөй албай жаткандыгын билдирмекке ишарат кылды да, кымбат баалуу альбом тартуулашпай эле, тескерисинче, аны тартып алып койгону жатышкансып, бышактап ыйлап жиберди. Бетинен өпкөнүнө жетине албай кеткен Кратеровдун өңү кубарып кетти. Ушундан соң начальник өзүнө келип, дагы бир нече жалындуу сөздөрдү айтты да, дээрлик бардыгы менен кол алышып коштошкон соң, арабага отуруп узап кетти. Каретада кетип бара жатып дагы бир ирет ыйлап алды.

Үйүндө аны дагы бөтөнчө кубанычтар күтүп жаткан. Үй-бүлөсү, жоро-жолдоштору жана жөн гана тааныштары аны эзели болуп көрбөгөндөй кызуу кол чабуулар менен тосуп алгандыктан, ал: “Чыны менен эле ата мекенге опол тоодой эмгек кылган экем да, эгерде мен болбосом мекен кургурдун шору шорподой кайнамак тура”, – деген ойго келди. Ошентип, дасторкон үстүндө не бир сонун жан эргиткен сөздөр айтылып, көкүрөккө көкүрөк тийишип, көздөрдөн кубанычтын жашы акты. Бир сөз менен айтканда, Жмыхов эмгеги эл тарабынан мынчалык жылуу кабыл алынат деп күткөн эмес.

-Мырзалар! – деди ал бир маалда отургандарга кайрылып, – Мен өмүр бою ак иштегенге аракет кылдым. Көпчүлүк учурларда ал аракетимдин берекетин эмес, кесепетин көргөн күндөр да болду. «Ак ийилет, бирок сынбайт» демекчи, мындайда мен «публика биз үчүн эмес, биз публика үчүн» деген принципти кармандым. Дегеним, ошондогу тарткан азаптарым үчүн мен эки саат мурда эң жогорку сыйлыкка жеттим! Кыскасы, менин кол алдымда иштегендер чогулуп мага альбом белек кылышты… Мына! Бул үчүн мен Кудайга чексиз ыраазымын.

Майрамдык физиономиялар альбомду колдон-колго өткөрүп карап жатышты.

-Жакшы альбом экен! – деди Жмыховдун кызы Оля. – Менимче ал жок эле дегенде элүү рубль болсо керек. О, тим эле шумдук! Атаке, сен бул альбомду мага бер. Мен муну катып коём…  Макулбу?

Түшкү тамактан кийин Оля альбомду өз бөлмөсүнө алып барып, үстөлдүн суурмасына бекитип койду да, кийинки күнү альбомдогу бардык аткаминерлердин сүрөтүн алып ыргытып, ордуна институтта чогуу окушкан курбу кыздарынын сүрөтүн коюп алды. Ошентип, сүрөттөгү аскер формаларынын орду кыздардын ак көйнөктөрү менен алмашты. Ал эми улуу урматтуунун уулу Коля болсо, аткаминерлердин формасын кызыл боёк менен боёп, сакалы жокторго күрөң сакал, муруту жокторго жашыл мурут тартты. Боёгонго эч нерсе калбай калганда, сүрөттөгү кишилердин сөлөкөтүн кесип алып, көздөрүн төөнөгүч менен көзөп, аскер оюнун ойноого өттү. Титулдук кеңешчи Кратеровдун сүрөтүн кесип алып, ширеңкенин кутусуна салды да, ошол боюнча атасы отурган кабинетке алып барды:

-Ата, карасаң, монумент эмес бекен!

Жмыхов алгач боору катканча каткырып күлүп, андан соң жыгылып кетчүдөй солк этип барып оңолду да, Коляны колдон тартып бетинен шалп эттире өөп, мындай деди:

-Тентек десе, апаңа алып бар. Апаң да көрүп калсын.

“Кутучадагы адам” китебинен

Которгон: Таштанбек Чакиев