С.Рысбаевдин “Бүтпөй калган өмүр” аттуу китеби жарык көрдү

КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, балдар жазуучусу Сулайман Рысбаевдин “Бүтпөй калган өмүр” аттуу китеби жарык көрдү. Бул китепте өткөн кылымдагы элибиздин башынан кечирген алаамат күндөрдөгү кыйынчылыктары, ошондой шарттагы адамдык кудурет, вазипа, жана адамгерчилик сапат, өмүр үчүн күрөш, адам өмүрүнүн бүтүшү жана бүтпөшү тууралуу философиялык идея берилген “Бүтпөй калган өмүр” аттуу повесть, бүгүнкү күндөгү жаштардын жаңылыштыктары, турмуштагы ач көздүк, абийир тазалыгы жана кылмышка жараша элдик жаза – элден чыгаруу жазасы тууралуу жазылган “Тукуянсыз” аңгемеси камтылган. Китепти 1000 нускада “Жамгыр” басма үйү чыгарган. Китеп окурмандар үчүн “Шанс” китеп дүкөнүнө сатыкка коюлду.