Сулайман Рысбаев: Тукуянсыз (аңгеме)

Тукуянсыз (аңгеме) Жайлоо жапжашыл болуп чалкайып, көшүлүп жатат. Бүгүн деле кудайдын күнү күндөгүдөй жадырай чыгып, жайлоонун демейдеги тирилиги башталды. Өзөндө күркүрөп Көлтөр суусу агып жатат. Адырда мал айдагандар. Жон-жондо чубаган жандык мал. Кыскасы, жайлоо эки күн мурдагы адам үрөйүн учурган тополоң менен иши жоктой, эч нерсе көрбөгөндөй, эч нерсе билбегендей тынч. Тоолор гана алп баатырдын сөлөкөтүндөй көктү тиреп, ойлуу, көргөн-билгенин ичине катып томсоруп тургандай. Жайлоонун тээ четки тарабы. Жалгыз боз үй. Күндө бул маалда короодогу уй саалып, очокко от жагылып, уйдун жылуу сүтү сүт машинага тартылып, көк түтүн созолонуп көккө толугу менен…..

С.Рысбаевдин “Бүтпөй калган өмүр” аттуу китеби жарык көрдү

КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, балдар жазуучусу Сулайман Рысбаевдин “Бүтпөй калган өмүр” аттуу китеби жарык көрдү. Бул китепте өткөн кылымдагы элибиздин башынан кечирген алаамат күндөрдөгү кыйынчылыктары, ошондой шарттагы адамдык кудурет, вазипа, жана адамгерчилик сапат, өмүр үчүн күрөш, адам өмүрүнүн бүтүшү жана бүтпөшү тууралуу философиялык идея берилген “Бүтпөй калган өмүр” аттуу повесть, бүгүнкү күндөгү жаштардын жаңылыштыктары, турмуштагы ач көздүк, абийир тазалыгы жана кылмышка жараша элдик жаза – элден чыгаруу жазасы тууралуу жазылган “Тукуянсыз” аңгемеси камтылган. Китепти 1000 нускада “Жамгыр” басма үйү чыгарган. Китеп окурмандар үчүн “Шанс” китеп дүкөнүнө сатыкка коюлду.