Сильва Капутикян: Не сурасам берген тагдыр бир гана – Бактысы артык бир сүйүүнү бербеди

АРМЯН АДАБИЯТЫНАН Сильва КАПУТИКЯН (1919-2006) СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты *** Асканын кылда чокусу. Кызгалдак гүлү дирилдейт – Сенсиң ал жүрөк бүлдүргөн. Кооздукка гана арбалып, Бийикте өсөт бул гүлдөр.   Төмөндө калың капчыгай. Караймын. Булак анда бар. Сенсиң ал. Жутпайм сууңдан. Кетемин. Кетем жандабай.   Удургуп деңиз. Түбүндө, Түбүндө жатат сан акак. Сенсиң ал. Дудук тереңден Ала албас кызык саматат.   Түбөлүк жакын, алыс да Арарат биздин. Аппагым Сенсиң ал. Отсуз куйкалап Агарат түпсүз ак карың.   ЖОЛ КАНА? Жоготом өзүм-өзүмдү: Көз жоосун алган кыйырыңан. Чачыңдын коюу токою… Жүзүңдүн аппак карында толугу менен…..

Фридрих Шиллер: Опколжуткан жаламада жол жатат – Ортосунда өлүм менен өмүрдүн

Фридрих Шиллер Немец акыны (1759 – 1805) ********** Көрбөгөндөр жараланган жүрөктү – Көрбөгөнү ай-чырайлуу чүрөктү. Укпагандар шат күлкүсүн селкинин – Укпаганы кубанычтын эпкинин.   Жаңы кылым Адамзатка тынчтык келчү кайсы убак? Ал дегеле азат күндү көрөбү? Эски кылым кеткен эле кансырап, Эмки кылым канга оролуп төрөлдү.   Эски адат, эски каада бүлүндү, Эл маталган уруулук салт үзүлдү. Кары Рейн, Нил кудайы, мухиттер, Бүркөдүбү согуш, сенин жүзүңдү?   Эки тарап чагылгандай чартылдап, Эрегишип найзалары жаркылдап. Дүйнө жүзүн бөлүштүрүп жатышат, Адамзатты муундуруп алкымдап.   Тартып алып алтын, акак таштарын, Талоончулук зомбулугун баштады. толугу менен…..

Сүйүн Капаев: Ногой элинин тарыхынан бир үзүм

Сүйүн  Капаев – Ногой акыны, Карачай-Черкес Эл жазуучусу     Ногой элинин тарыхынан бир үзүм!                               Жоготподу чебер-чечен өз тилин (толгоо) Абалкыда Ынтымактуу Ногойум, Эдил-Жайык Араларын бийледи. Батына албай Каруусу күч калкыма, Эч бир жоонун Колу дагы тийбеди.   Орол тоодо Ордосунда ойноду. Жайык суусун Жээктеп жай орноду. Эл энеси – Эдилим деп эркелеп, Эдил суусун Айлап-жылдап бойлоду.   Терек дайра, Кум дайранын арасын, Айтып жүрдү Ата-баба жери деп. Жол бойлогон Балбал таштардын баарын, Урпактарга Мурасталган кабыр деп. толугу менен…..

Михаил Пришвин: Атак-даңкка жетүү өлүмгө жеткенге окшош

Атак-даңкка жетүү өлүмгө жеткенге окшош (Эссе) Жаратылыш колтугунда көйкөлгөн тунук көл жатат. Анын күзгүсүнөн асман көрүнөт, тоо көрүнөт, токой көрүнөт. Адам өзү бутуна турганы аз келгенсип, күзгүнү ала туруп, андан өз сүрөтүн тааныйт. Ит күзгүдөн өзүн көрбөйт, башка итти көрөт. Күзгүдөн өзүн көрүп, өзүн түшүнгөн адам гана болсо керек. Маданият тарыхы ошол адам күзгүдөн көргөндөрүн айтып бергенден турат. Адам күзгүдөн дагы эмнелерди көрөт – биздин келечек бүтүндөй ошого байланыштуу. * * * Жазуучудан «чыгармачылыгынын сырын» суроо, менимче, текеден сүт сураганга тете. Текенин милдети – эчкини сүйүү, а сүт берүү – толугу менен…..

А.С.Пушкин: Кавказ туткуну 

Кавказ туткуну  Арноо (Николай Николаевич Раевскийге) Жан досум, cѳзүмдү ук кулак салып, Эркиндик музасынан* сага алып, Арнадым куугун кѳргѳн чердүү ырды, Бош кезде боюм балкып, күйүп-жанып. Күнѳсүз, кубаныч жок кыйналганда, Туш-туштан ушак шыбыр таралганда, Түсү суук, кыянатчы болот канжар Жол тосуп, туура тартып, кадалганда, Уйкусу мухаббаттын болуп үстүн Мерт кылып мени ѳлтүрѳ талаганда, Жаным жай тынычтыкты сенден мен таап, Мени сен, чындап сени сүйдүм мен да. Тийгенде мага бороон бет алдымдан Дуба окуп, “беттен кайтпа” дегенмин да. Кайгылуу капа баскан күндѳрүмдѳ, Муӊканган менин зардуу үндѳрүмдѳ, Кавказдын тоосу мага ой түшүрдү, толугу менен…..

Жалолиддин Руми: Ооруп жаткан кошунасынын ал-абалын сураганы барган кулагы керең адам жөнүндө

Ооруп жаткан кошунасынын ал-абалын сураганы барган кулагы керең адам жөнүндө Бир дүлөйгө айтышыптыр: “Каада күтүп калдыңбы? Коңшуң ооруп үйдө жатат, ага басып бардыңбы?”   Дүлөй ойлойт: “Кулак керең, кантип билем абалын, Суроо берсе кантип табам жооп берүүнүн амалын?”   Эч айла жок, барыш керек куубасам да илдетти, Барбай коюп унутамбы кошуналык милдетти?   Керең болуп калсам дагы бар го менде акыл-эс, Кыймылдаткан кезде эрдин, түшүнөрмүн ага тез.   -Кантип калдың? – деп биринчи кайрыламын мен ага, -Мурдагыдан жакшымын – деп жооп кайтарар ал мага.   Мен кубанып: Жакшы, – деймин, толугу менен…..

Уильям Фолкнер: Китеп жазуу – дүкөндүн витринасын жасалгалоону элестетет

УИЛЬЯМ ФОЛКНЕР ЖАЗУУЧУНУН ӨНӨРКАНАСЫ (Виргиния университетинин студенттери, окутуучулары менен маек) Суроо: – Готорн өмүрүндө оң каармандын образын түзө албаптыр. Анткен менен ал түзгөн терс каармандар чыгармачылык залкарлыгынын өзөгү болуп калды. Мындан биз, оң каарманга караганда терс каармандын образын оңой деп ойлосок болобу? Жооп: – Бул жазуучунун кулк-мүнөзү, таалим-табитине эле эмес, дегеле адамдык табиятына байланыштуу болсо керек: дүйнөнүн жарык жактарынан көрө, караңгы жактарын чындыкка сыярлык, турмуштагыдай ишенимдүү сүрөттөө жеңил. Суроо: – Мистер Фолкнер, жазуучу болуш үчүн жогорку билим, сөзсүз, керекпи, же?.. Жооп: – Кандай десем? Бул жазуучуга жылуу квартира керекпи дегендей толугу менен…..

Лао Шэ (Шу Цинчунь): Проза кулакка угулуп, көзгө көрүнүп турганда гана сөз көркүнө чыгат.

КАРА СӨЗ КАРАЖАТТАРЫ Адабий өнөркана Аңгеме, роман сыяктуу баяндама прозада баарынан мурда табигыйлыкка жетишүү шарт. Прозаны поэзия менен шөкөттөө көп учурда көңүлдү төтөп кыла бербейт. Не дегенде, поэтикалык идея да, поэтикалык тил да автор тарабынан табылат, а проза дегенибиз ошол даяр тил байлыгын омоктуу ойго айлантуу. Поэзиядагы айрым учурда акыл-эске сыйбас сөз айкалыштары анын табышмактуу керемет-кемелине айланышы ыктымал. Прозада антүүгө болбойт, аны талап кылбайт дагы. Албетте, аябай эле ашык болуп калсак, романдын ар эпизодун прозадагы ырга айлантууга болот. Арийне, стилди экилентип көркөмдөө – прозачынын негизги милдети эмес, аны көздөп алгандар толугу менен…..

Александр Пушкин: Поэзиядагы тантыктыктын эки түрү бар: бири – …

АЛЕКСАНДР ПУШКИН АР КАЙ ЖЫЛДАГЫ БАЙКООЛОР (Учкул ойлор жана үзүндүлөр) Бизде адабият бар, бирок адабий сын али түптөлөлек. Вольтерди билбеген, франмосондор тууралуу түшүнүгү да жок кемпирлер куу чирендерди франмосон, волтерянчы деп тилдеген сыяктуу эле журналисттер жазуучуларды романтика менен тилдейт. * * * Француз сынчыларынын романтизм тууралуу өз түшүнүгү бар. Алар кырданып кыялданган же кайгырып ындыны өчкөн чыгармалардын баарын эле романтика деп коюшат. Атүгүл айрымдары жаңыраак сөздөр менен сабатсыз саптарды да романтизмге такайт. Ошентип байыркы салттарга байланган, грек ыр түзүлүшүн француз тилине жөндөп салалбаган акын Андрей Шенье да романтик акындардын тизмесинен толугу менен…..

РЮНОСКЭ АКУТАГАВА: Эң татаал искусство – эркин жашоо

ЭРГЕЖЭЭЛДИН ЭКИМЕТИ        Искусство искусство үчүн Искусство искусство үчүн деп чуулдагандардын көпчүлүгү искусствонун чуркалары. Ашынган улутчул адамдардын көбү да ата мекенсиздер. Биздин эч кимибизге кудай кут кылган нерседен башканын кереги жок.  Тарыхый материализм Агер ар бир прозачы турмушту Маркстын тарыхый материализмине тууралап сүрөттөсө, анда ар бир акын ай менен күндү, тоо менен сууну Коперниктин күндү айлануу теориясына ылайыктап ырдашы шарт. «Батыштан күн батты» – деп айтуунун ордуна, «Жер мынча градус, түкүнчө мүнөткө ооду» – деп айтууга туура келет. Аны көркөм сөз деп ким айтат. Дагы ошол жөнүндө Азыркы Кытайдын ашкан толугу менен…..