Табихат Тынарбекова: Сеникиндей каректи көрбөгөнмүн, Көргөн сайын алоолоп өрттөнөмүн

Тынарбекова Табихат Тынарбековна 1999-жылы Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. 2017-жылы мектепти ийгиликтүү аяктап, борбор калаабыздагы И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика факультетинин бюджеттик бөлүмүнө тапшырган. Учурда 4-курста окуйт. Үзүрлүү эмгек жумшоонун натыйжасында окууда, университетте жана университеттен тышкаркы уюштурулган көптөгөн сынактарда жакшы ийгиликтерге жетишкен. Ырлары “Арабаев пресс” газетасына басылып чыккан. “Жаш калемгерлер” клубунун жана “Заман” адабий мектебинин мүчөсү. Университет тарабынан көптөгөн баалуу сыйлыктар, громаталар, дипломдор менен сыйланган. Жылдызын жашырган шаар Түнкү шаар үнүн тыңшасам, Терезе түбүн энчилеп. Тургандыр да бир санаалаш, Термелип ойго менчилеп.   Бүлбүлдөп кай бир толугу менен…..

Лао Шэ (Шу Цинчунь): Проза кулакка угулуп, көзгө көрүнүп турганда гана сөз көркүнө чыгат.

КАРА СӨЗ КАРАЖАТТАРЫ Адабий өнөркана Аңгеме, роман сыяктуу баяндама прозада баарынан мурда табигыйлыкка жетишүү шарт. Прозаны поэзия менен шөкөттөө көп учурда көңүлдү төтөп кыла бербейт. Не дегенде, поэтикалык идея да, поэтикалык тил да автор тарабынан табылат, а проза дегенибиз ошол даяр тил байлыгын омоктуу ойго айлантуу. Поэзиядагы айрым учурда акыл-эске сыйбас сөз айкалыштары анын табышмактуу керемет-кемелине айланышы ыктымал. Прозада антүүгө болбойт, аны талап кылбайт дагы. Албетте, аябай эле ашык болуп калсак, романдын ар эпизодун прозадагы ырга айлантууга болот. Арийне, стилди экилентип көркөмдөө – прозачынын негизги милдети эмес, аны көздөп алгандар толугу менен…..