Лао Шэ (Шу Цинчунь): Проза кулакка угулуп, көзгө көрүнүп турганда гана сөз көркүнө чыгат.

КАРА СӨЗ КАРАЖАТТАРЫ

Адабий өнөркана

Аңгеме, роман сыяктуу баяндама прозада баарынан мурда табигыйлыкка жетишүү шарт. Прозаны поэзия менен шөкөттөө көп учурда көңүлдү төтөп кыла бербейт. Не дегенде, поэтикалык идея да, поэтикалык тил да автор тарабынан табылат, а проза дегенибиз ошол даяр тил байлыгын омоктуу ойго айлантуу. Поэзиядагы айрым учурда акыл-эске сыйбас сөз айкалыштары анын табышмактуу керемет-кемелине айланышы ыктымал. Прозада антүүгө болбойт, аны талап кылбайт дагы. Албетте, аябай эле ашык болуп калсак, романдын ар эпизодун прозадагы ырга айлантууга болот. Арийне, стилди экилентип көркөмдөө – прозачынын негизги милдети эмес, аны көздөп алгандар аздектеген максатынан адашып калат. Ушул сыяктуу жагдайлардан улам айрым урунттуу маселелерге учкай токтоло кетели.

Сөз менен иштөө

Флобердин бир аныктамасында ар бир сөздүн өзүнө толук жооп берер жалгыз гана мааниси болот деп айтылат. Ошонусу менен ал, биринчиден, сөзгө өтө аспиет мамиле жасоо зарылдыгын, экинчиден, прозада поэзиядагыдай жалгама сөз жасоого болбостугун, ошол учурда тил казынасынан эбегейсиз табигый сөздөр гана тандалып алынарын эске салып атыр. Биз айтар элек, проза тапандыкка караганда сөз айкалыштарынын тактыгына муктаж, тактыкка караганда тилдин жандуулугуна жакын. Проза кулакка угулуп, көзгө көрүнүп турганда гана сөз көркүнө чыгат.

Прозаны поэтикалык көрөн-шөрөндөр менен шөкөттөө – ой жүгүртүүнүн сергек эмес, сенектигин далилдейт. Монтень айткандай: «Башкалардан өзгөчөлөнүп өнтөлөө, кийими менен бөтөнчө көрүнүү аракети кунар-нарктын көңдөйлүгүн далилдейт; а эгер кимдир бирөө ашыкча бышыктыгына байланыштуу же жетиле элек балалыгынан уламбы, айтору, убактысынын көбүн көйрөң, жаңы, кооз сөз издөөгө коротсо, бул тил маселесине да тиешелүү». Туура, көөнө замандын кийимдери менен жаш адам көзгө өтө эле комсоо көрүнөт. Арийне, биз Флобердин айтканын да макул көрүп, керектүү сөз издегенден, издегенде да Монтень үйрөткөндөй ошол учурда тирүү, жандуу тилден издөөдөн жанбашыбыз шарт. Ал тил аябагандай ар кыл, албан түс, аны менен эң элестүү, ийкемдүү, жеңил жазууга болот.

Салыштыруу

Доктор Жонсон: «Ушул жигит эч бир ашык салыштыруу жасабайт» – деп, Свифти суктануу менен кеп кылат. Прозада сүрөт көз алдыга тартылып, баян күүгө келип турганы маанилүү, ал эми «айдай, күндөй» сыягындагы салыштыруулардын көптүгү ага жолтоо гана болот. Салыштыруу поэзияга салмак кошот, ал эми прозанын стилин иритет, баяндын ишенимин жоготот. …Салыштыруунун таасирин чыгарманын маңызын ача турган жана кооздой турган деп экиге бөлсөк болот. Проза үчүн биринчиси маанилүү. Ага конкреттүү мисал келтирели. Салыштыруунун сырын алаканга салгандай ачкан чоң устат Чжуанцы бир аңгемесинде ашпоз буканын этин кантип бөлүштүргөнүн сүрөттөйт. Аңгеме аябагандай эле ачык-айкын сыяктуу, бирок эт бөлүштүрүүнү сергек философияга салыштыруу менен Чжуанцы көздөгөнүнө жетет. Качан ойду конкреттүү факты же кыймыл-аракет менен айтууга мүмкүн болсо, чубалжыган узун сөздүн кереги жок. Андай учурда кооз салыштыруулардан колдон келишинче качуу лаазым. Поэтикалык кооздук прозага поэтикалык канат байлашы мүмкүн эмес. Канткен менен түз айтып, так сүрөттөө жетишпеген учурда салыштырууга тап коюшат…

Сүйлөм  

Кыска сүйлөм окуянын ылдам өнүгүшүнө өбөлгө түзөт, ал эми узун сүйлөм жан дүйнөнүн туруктуу абалын сүрөттөөгө бир кыйла ыңгайлуу. Бир-эки сөздөн курулган эң кыска фраза чыңалган окуяны курчутууга таасирдүү курал болуп бериши ыктымал. Албетте, бир сүйлөм менен бүкүлү ой айтуу мүмкүн эмес, анткен менен ар сүйлөм курулушу окурманга опол орноктуу таасир берүүгө багытталышы шарт, антпесе ал жөн эле көбүк сөз болуп калат. Ошондой эле калган бүтүндөй сүйлөмдөргө канат-бутак болууга жарамдуу айрым сөздөрдүн көзгө матай койгондой күчтүү элеси да чоң мааниге ээ. Ар бир сүйлөмдүн өз алдынча керемет-кемели болушу шарт, качан бардык сүйлөмдөр куралып, уланып бүткөндө ритм ыргагына ылайык айрым сөздөр кыскарып же узарып кетиши ыктымал. Окуяга жыш эпизоддорду ар бири бир көрүнүштү камтыган кыска сүйлөмдөр менен чагылдыруу максатка ылайык. Эсеби маселен: «Дарыя куймаларынын» «Сүйүктүү эки жардын айванчасы канга боёлду» деген жеринен үзүндү алып көрөлү: «У Сун айтты: «Ырас баштадыңбы, ишти акырына чейин бүтүрүү керек. Жүз кишини жара тартсам да, мени бир ирет өлүмгө буйрат!» Колуна бычак кармаган бойдон ал тепкич менен чуркап түштү. «Үстүдө эмне эле чуру-чуу болуп атат?» – деп сурады командирдин аялы. У Син алардын бөлмөсүнө атып кирди. Килеңдеген баланы көргөндө аял: «Сен кимсиң?» – деп кыйкырып жиберди. У Сун аялды канжар менен качырып сала берди, экинчи шилтегенде түз эле бетине тийди, аял айкырган бойдон полго кулады. У Сун аны баса жыгылып, мууздап салайын десе, канжары өтпөйт. У Сун аң-таң болуп, канжарды айдын жарыгына салып карады. Көрсө, канжар сынып калыптыр. «Эмнеге башын кесип албаганымды эми түшүндүм» – деди У Сун. Ал ашканага көтөрүлүп, канжарды ыргытып жиберди да, колуна кичинекей балтаны алды. Анан кайрадан төмөн түштү…» Бул эпизоддо ай-буй дегиче алмашып турган көп окуя камтылган. Окуялардын ылдамдыгын чубалжыган узун сүйлөм берүүгө мүмкүн эмес эле. Алардын айдан ачык карама-каршылуулугу узун сүйлөмдөр менен кандай таасир калтырарын элестетүү оңой. Сөздөрдүн тандалышы сыяктуу эле алардын түзүлүшү эч мааниге ээ эмес, тескерисинче, ар башка эпизоддун сүрөттөлүшүндө элестүү мүнөздөр аркылуу гана ачылат. Көпчүлүк учурда узун сүйлөм менен кыска сүйлөмдөрдү ырааты менен ийкемдүү пайдалануу максатка ылайык. Анткени ыргактын ар кыл, албан түстүүлүгү окурмандарды эс алдырбай койбойт. Кыска сүйлөмдөргө ыксыз кызыгуу жазуучунун шашкалаңдыгын шардана кылып коёт. Ал эми узун сүйлөм окурмандын кабыл алуусун кыйындатып, кандайдыр бир ыкшоо маанайга кабылтат. Бир нече сүйлөм түзгөн соң үн чыгарып окуган да пайдалуу.

Абзац  

Абзац – арбын сүйлөм сыяктуу. Прозада кандайдыр бир ойду жети-сегиз сүйлөм менен эле толук жеткирүүгө болот. Демек, текстти абзацка ажыратуу автордун ой жүгүртүү ийкемине жана баяндоо ыраатына жардам бериши абзел. Эгер ой элестүү формага айланса, ал сөзсүз абзац болмок. Текстти негиздүү, даана, так абзацка ажыратуу ойдун айдан ачык жетишине өбөлгө түзөт. Роман же аңгемеде абзацка ажыратуу аябай эле жеңил, анткени аларда окуялар менен кылык-жоруктар сүрөттөлөт жана алардын башы да, аягы да болот. Маселенин оорчулугу мында: ар бир абзацтын ыргагы окуя менен кылык-жоруктарды жандандырууга жардам бериши шарт, кудум кинофильмди коштогон музыка сыяктуу сөздөр сүрөттөлгөн ойдун өнүгүш оңутуна карай жалганышы зарыл. Олуттуу окуяларды жеңил-желпи сөздөргө айлантуу – арга жок начар чыгармаларды жаратат. Проза ыргагы да кудум музыка сыяктуу ар кандай учурга жараша маанай жаратып турууга тийиш.

Диалог  

Көркөм прозада диалог өтө табигый болушу зарыл. Пейзаж тартып же айрым каармандарды сүрөттөөдө сейрек сөздөргө тап коюп же сүйлөмдөрдү, диалогдорду атайылап татаалдатып жиберүү чыгармачылык үзүр бербейт. Аларга турмушта адеп айтыла жүргөн сөздөрдү айкалыштырган оң, ал сөздөр «кулактан кирип, бойду алган» дегендей табигый касиетине карап тандалышы максатка ылайык. Автор өз каармандарын жакшы билсе, ал кандай учурда кандай сүйлөрүн да билет, ошол тил менен сүйлөтөт… Диалог – бул сүйлөшкөн сөздү көчүрүп алуу эмес, ал романдын сценаларын бир өстөнгө куйган булак. Ал прозага кызмат эле кылбай, эстетикалык милдет аткарып, тигил же бул типти, ал же бул индивидуалдуулукту чындыкка шайкеш чагылдырууга шарт түзүшү керек. Деген менен диалог кыска түзүлүшү ийги. Чубалжытып узун сүйлөө окуя оңутун мокотот. Жок, көп сөз менен гана көздөгөнүмө жетем десеңиз, аны кабыл алууну интонацияны алмаштыруу, угуп жаткандардын маанайын чагылдыруу аркылуу жеңилдетүүгө болот. Ансыз автор аламан сөздөр менен гана алаксып, тирүү адамдардын тилин унутуп калгандай сезилет. Сүйлөшүп жаткан адамдар берилген суроолорго теңирден тескери жооп берсе да диалогдун жандуулугу байкалат: адамдар чыныгы турмушта көбүнчө өз ою менен алек болот, башкалардын эмес, өз маселесин айтууга ашыгат же өзү менен өзү боло берип, маектин маанисин чаташтырып алат. Бир сөз менен айтканда, диалог табигый болуп, эмоционалдуу келиши шарт. Диалог өнөрүнө маш жазуучу каармандарды сүйлөштүрүү аркылуу ар бирин майдалап сүрөттөп отурбай, окурмандарга оголе көп керектүү маалыматтарды берип салат. Ал ыкмалардын ар кыл, албан түстүүлүгү аркылуу ишке ашат. Эсеби маселен, А. Бга кандайдыр бир иш тапшырса, анын кантип аткарылганын сүрөттөп отуруунун эмне кереги бар, оозеки эсеп бергенинен эле түшүндүрүп койсо болот. Ошондо диалог кыска да, нуска да чыгат.

Стиль

Стилди аныктап, ага коюлган жалпы талаптарды бирден терип санап отурбайлы. Урунттуу айрым учурларына токтоло кетели. Эмне жөнүндө сөз болсо да автордун илим-билимдүүсүнүп койкоңдогону эмес, сыр жашырбас ачыктыгы байкалып турсун. Цитаталар менен илимдүү-билимдүүсүнүү текстти түшүнүүнү гана татаалдантат. Тилдин сакоолугу – чыгарманын өлүмүнө тете, баяндын баалуулугу – тилдин таамайлыгы менен жөнөкөйлүгүндө. Стиль деген сөздөр менен фразалардын жөнөкөй жыйындысы эмес, анын уңгусун жан дүйнө музыкасы түзөт. Шопенгауэр аны «зат атоочтун душманы» деп аныктаган. Чындыгында эле каймана аныктамалар же сейрек колдонулган сөздөр жакшы стилди түзбөйт, тандалган ар бир сөз автордун жүрөгү аркылуу өтүш керек. Жазуучунун өз стили болот же стилден таптакыр эле куру жалак калат. Стилден жазуу ыкмасынын өзгөчөлүгү эле эмес, ой жүгүртүү кудурети да көрүнөт. Ой жүгүртүүнүн дааналыгы гана кагазга түшүрүлгөн сөздүн көөрүн төгүлтөт. Сөз тандап, сүйлөм курганды үйрөнсө болот, бирок чыгарманын негизин ой бойлобосо, калганы кыкка өтпөйт. Эгер терең ойлонуп, түшүнүктүү, тыкат жазылса, талант өзүнүн өзгөчө стилин табалбаса да, чыгарма жашап калат. Ачык-айкындык жок болсо, чыгарма да жок!

Которгон: Алым Токтомушев 

“Дүйнө классиктеринин ой берметтери” китебинен