Сильва Капутикян: Не сурасам берген тагдыр бир гана – Бактысы артык бир сүйүүнү бербеди

АРМЯН АДАБИЯТЫНАН

Сильва КАПУТИКЯН

(1919-2006)

СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты

***

Асканын кылда чокусу.

Кызгалдак гүлү дирилдейт –

Сенсиң ал жүрөк бүлдүргөн.

Кооздукка гана арбалып,

Бийикте өсөт бул гүлдөр.

 

Төмөндө калың капчыгай.

Караймын. Булак анда бар.

Сенсиң ал. Жутпайм сууңдан.

Кетемин. Кетем жандабай.

 

Удургуп деңиз. Түбүндө,

Түбүндө жатат сан акак.

Сенсиң ал. Дудук тереңден

Ала албас кызык саматат.

 

Түбөлүк жакын, алыс да

Арарат биздин. Аппагым

Сенсиң ал. Отсуз куйкалап

Агарат түпсүз ак карың.

 

ЖОЛ КАНА?

Жоготом өзүм-өзүмдү:

Көз жоосун алган кыйырыңан.

Чачыңдын коюу токою…

Жүзүңдүн аппак карында –

Жоготом өзүм-өзүмдү.

 

Жоготом өзүм-өзүмдү:

Көзүңдүн чагылганында.

Күүгүмү басып кашыңдын,

Тикенек болуп кирпигиң,

Жоготом өзүм-өзүмдү.

 

Кыраңдан чыгам – кан жолго,

Жол тосот токой, деңизиң,

Жүрөгүң кайда болду экен?

Жоготом өзүм-өзүмдү!

1945

 

СҮЙҮҮНҮН ЫРЫ

Эгер сени сүйбөгөнүм чын болсо,

Жаздагыдай муздар эрип эмнеге,

Күн эмнеге жаздагыдай куйкалайт,

Жаздагыдай эмнеге асман чайыттай –

Эгер сени сүйбөгөнүм чын болсо?

 

Эгер мени сүйбөгөнүң чын болсо,

Сен жашаган демейдеги тар көчө

Мени эмнеге сүйүп тосот, эмнеге,

Эл, кар, айнек жана жашаң теректер –

Эгер мени сүйбөгөнүң чын болсо?

 

Сен сүйбөсөң, мен сүйбөсөм эгерде

Жылдыздардын эсебине сан жетпей,

Күндөр күлүп, күүгүм тунук эмнеге,

Бакыт жолдо, бактысыздык жолукпайт –

Сен сүйбөсөң, мен сүйбөсөм эгерде.

1945

 

УНУТКАРУУ

Сен мени унуталбайт деп чечтиңби?..

 

… Дүйнөнүн кеңдиги не кубанычы!

Ошончо муңу да бар айыга алаар!..

Мен куштай шол дүйнөгө киремин да,

Сен берген ошол муңдан айыга алам.

Өзүңдү түбөлүккө унутамын…

 

Анан бир май айына туткундалып,

Мас болуп бактысына башкалардын,

Эки адам үчүн жалгыз жолду кезем,

Жолоочу, дарак, үйгө күлө багып,

Өткөндү эстеттирбей жүрөгүмдү…

(О кандай биз басчу элек ушул жолдон!..)

 

Жарым түндө жалынып мени күтүп,

Ыр, күлкүгө жагылат отуруштар,

Дал төбөмдө куш болуп укмуш обон,

Мен тирүү бул кубанычка эрий баштайм…

(О кандай ырдачу элең сен качандыр.

Түн бою таң аткыча!..)

 

Түн көк тартып, жылдыздар үлбүлдөп сан.

Майрамдык жылуу отторго боломун мас,

Кимдиндир карашынан жүрөк “болк” деп –

Бактылуу боло түшөм бир аз, бир аз…

(О кандай жылуу, басмырт карачу элең!..)

 

Үйүмө узатканы коштой чыгат,

Тамаша айтышабыз. Болот күлкү.

Төшөлүп алдыбызда төшөмө жол,

Акыры каалашабыз бейпил уйку…

(Угулат: “Кош бол!” – деген сенин үнүң…)

 

Сен мени унуталбайт деп чечтиңби?..

 

*********

Өтөсүң үйүм жанынан,

Кайдыгер жана чоочундай…

А мен го сени: “Башка үйдө

Үмүттүү жана кусалуу

Чыгаар” – деп ойлоп олтургам.

 

Жолуңдан чыккан ким болсун,

Далайга мени алмаштың.

Турса да тилим учунда,

Атыңды оозго албасмын.

 

Жан дүйнөң сенин – конок үй,

Эл оңой кирет, жан досум…

Жулунуп кирип капылет,

Сепилдей менин дүйнөмө,

Өзүңдү катып койгонсуң.

 

Суктанам кээде ушунча

Өзүңө. Өктөөм эрибей.

Багыңды кудай жазыптыр

Мендегидей сүйүү берип эй!

1945

 

КУСАЛЫК ЖАНДЫ ЖЕҢГЕНДЕ

Келип кетчи, келип кет, келип кетчи,

Келейин деп көңүлүң болбосо да.

Жок дегенде коштошуу үчүн деле,

Келип кетчи, келип кет, келип кетчи!

 

Жылыбасын маа десе көкүрөгүң,

Элегей, жат, бөтөн жан бойдон болсун,

Мыскылдуу да, мерез да бойдон, досум,

Келип кетчи, келип кет, келип кетчи!

 

Үйөр кайгы алдыда тоссун, мейли,

Жоготуунун ырлары турсун алда!

Мейли башка бирөөнүн кучагынан

Болсо деле! Келип кет, келип кетчи!

1945

 

КҮТҮҮНҮН ЗАРДАБЫ

Сен келбедиң… Кайгым түндү карайтты.

Бош көчөдөй аңгырады жүрөгүм.

Тынчтык бузуп ким бирөөнүн кадамы,

Ким бирөөнүн күңгүрөгөн, кечиккен

Жана кооптуу дабышы узап баратты.

 

Дале ишенем. Караңгыга жутулуп,

Байкайм биздин көчөдө көп дабышты.

Улам жакын, улам бери-берилеп,

Каалгага келип катып калышты…

 

Бирок дабыш узап каалга тышынан,

Жыңсыз түндө тынчыйт, пастайт обочо.

Булкуп, сыздап ооруп алат жүрөгүм,

Азыр аны жаткан өңдүү тебелеп,

Көчөдөгү ар бир өткөн жолоочу.

1945

 

КИЧИНЕКЕЙ СТАНЦИЯДА

Сымбаты артык Толстойдун токою

Тунуп турат жымжырттыкта. Калыңдуу.

Кагаздардай шуудураган. О калаа,

Сенден жадап… Ушул шуудур жагымдуу.

 

Изиң менен илкий басам, Аннажан,

Жеңил эмес, бирок корком, кадамым.

Жер менен жер болгон сенин кайгыңбы,

Жүрөгүмбү зылдай баскан а мени?

 

О Аннажан, кан кайнады эмнеге?

Курмандыктан оор ыза жок, жок кайгы!

Аялзаты түгөнсө да түтөгөн,

Жанталашкан жан эле го ит жандуу.

 

Дүйнө дале сак. Азгырык сезим бул.

Кайра күрөш. Кайра эркиңде – жалгыз ал.

Сүйүүдөн көп жолу болбос жандарды,

Ойго келбес жоруктарга баргызат.

 

Поюз өтчү кайчылашкан жол мына,

Телефон бул кылыгыңды кылдырып,

Чалып көр! – деп акыл-эсти азгырган,

Андагы үн кекээр күлкү жылдырып…

 

О Аннажан, үйрөт бутка чалынбай,

Бой таштоону жүргөн вагон алдына!

1966

 

ЫРЛАРДЫН ЫРЫ

Не сурасам берген тагдыр бир гана

Бактысы артык бир сүйүүнү бербеди,

Күйгүн деди жалыныңды өчүрбөй,

Өмүр бою бейтынч өмүр сүр деди –

Мунун баары баткан кеч да, аткан таң

Басылбаган коркунучка куйкалап,

Ырдалбаган үмүттөрдүн добушу

Коңгуроодой узак жерден үн салып –

Шамал нени жаңсап жана дарактар,

Чагылгандуу жаан нени сүйлөөрүн,

Вертер сындуу тажап, ыйлап жана да

Билиш үчүн муңдуу ырлардын үндөрүн –

Жарыктыктан алчумду алып кооптонбой,

Жан дүйнөнүн кенчин кайра тартуулап,

Марттык дагы байлыгыма айланып,

Алып, демек, берип баарын тартууга.

Керең болбой кайгысына бирөөнүн

Баш бар кезде, куюлбаган көз жаштын,

Дүрбөлөңдүү үнүн таанып жана үнсүз

Добуштардын үнүн угуп жүрөгүм.

Дүйнөдөгү бардык аял акындын,

Эсепсиз сан жүрөгүнүн оттору

Ырларымдан бир жалынга биригип,

Кошуш үчүн бир жарыкка баштарын…

Кылымдардан кылым улап келаткан,

Китебине кириш үчүн дүйнөнүн,

Барагына барак боло ал аял

Акындардын деми жана сүйлөмү!..

1958

Которгон: Аида Эгембердиева