Жалолиддин Руми: Ооруп жаткан кошунасынын ал-абалын сураганы барган кулагы керең адам жөнүндө

Ооруп жаткан кошунасынын ал-абалын сураганы барган кулагы керең адам жөнүндө Бир дүлөйгө айтышыптыр: “Каада күтүп калдыңбы? Коңшуң ооруп үйдө жатат, ага басып бардыңбы?”   Дүлөй ойлойт: “Кулак керең, кантип билем абалын, Суроо берсе кантип табам жооп берүүнүн амалын?”   Эч айла жок, барыш керек куубасам да илдетти, Барбай коюп унутамбы кошуналык милдетти?   Керең болуп калсам дагы бар го менде акыл-эс, Кыймылдаткан кезде эрдин, түшүнөрмүн ага тез.   -Кантип калдың? – деп биринчи кайрыламын мен ага, -Мурдагыдан жакшымын – деп жооп кайтарар ал мага.   Мен кубанып: Жакшы, – деймин, толугу менен…..