Сүйүн Капаев: Ногой элинин тарыхынан бир үзүм

Сүйүн  Капаев – Ногой акыны, Карачай-Черкес Эл жазуучусу    

Ногой элинин тарыхынан бир үзүм!                              

Жоготподу чебер-чечен өз тилин

(толгоо)

Абалкыда

Ынтымактуу Ногойум,

Эдил-Жайык

Араларын бийледи.

Батына албай

Каруусу күч калкыма,

Эч бир жоонун

Колу дагы тийбеди.

 

Орол тоодо

Ордосунда ойноду.

Жайык суусун

Жээктеп жай орноду.

Эл энеси –

Эдилим деп эркелеп,

Эдил суусун

Айлап-жылдап бойлоду.

 

Терек дайра,

Кум дайранын арасын,

Айтып жүрдү

Ата-баба жери деп.

Жол бойлогон

Балбал таштардын баарын,

Урпактарга

Мурасталган кабыр деп.

 

Ак Кубандын

Жайлоолорун толтуруп,

Ак кийизден

Боз үйлөрүн кондуруп,

Сүттөй аппак

Токтуларын тойгузуп,

Үйүр-үйүр

Жылкыларга толтуруп,

Крымды да

Кырдап басып кыдырган,

Азовго да

Азап чегип  жол жүрүп,

Жерди кезип

Бойлоп жүргөн суу жээгин,

Көп нерсени

Баштарынан өткөрүп.

 

Жүрдү, көрдү

Хорезм, Гүл-Үргөнчтү,

Күмбөздөрдөн

Көз тайган Хорасанды,

Чебер тилин

Байытты да, өстүрдү,

Ырга салып

Ырдап өттү Асан Кайгы.

 

Анан капыс,

Ногой элим чачылды.

Таруу сымал

Турган алакандагы,

Эби кетсе

Сынат экен ийне да,

Чоң болсо да,

Тигип атып кайышты.

 

Куту учуп

Ногойумдун башынан,

Хан тукуму

Чырдап такты талашкан,

Каны бирге

Бир-бирине баш ийбей,

Ээн калды

Эл жашаган талаастан.

 

Башсапырык

Болду элдин арасы,

Өмүрлөрүн

Өлүм чапчып карачы,

Ногой элин

Чачыратып, чачылтып,

Бу дүйнөдө

Ит өлүмүн табышты.

 

Ордо аталган

Кылый көздүү Мамайдын,

Токтомуш хан

Кесип алды карт башын,

Кызыл кыргын

Салып канга бойоду,

Крымдагы Кафа* калаа ак ташын.

 

Таажы ээси

Эми мен деп Токтомуш,

Өз башынын кесилерин билбеди.

Канды төгүп,

Адамга убал дегенди

Эч убакта

Кулагына илбеди.

 

Ногой ордо

Хандан ханга оошту,

Караламан

Калк тынчтыгы кооптуу.

Миңдеген эр,

Жашы он бешке да келбей,

Кан майдандан

Кайтпай көзүн жумушту.

 

Аксак Темир

Сарай-Бөрктү талкалап,

Адамдардын

Баштарынан тоо курду,

Бүт дүйнөнүн

Кармаймын деп туткасын,

Көп элдерге

Кыргын салды майкандап.

 

Баарын жеңген

Мен эрмин деп Эдиге,

Токтомушту Тобол сууда өлтүрдү.

Тынчтык сүйгөн

Караламан башына

Кан куйдуруп,

Кетпес кордук толтурду.

 

Эрмин деген

Эдигейдин көздөрүн,

Токтомуштун

Желдеттери тешишти.

Биримдиктүү

Түзгө конгон Ногойдун,

Өмүр жолун

Өстүрбөстөн кесишти.

 

Такты сүйүп,

Такылдаган мырзалар,

Малдай көрбөй

Калың калкты сатышты.

Ушу дүйнө

Айгаксыңар бизге деп,

Бир-бирине

Мээлеп октор атышты.

 

Ок эле эмес,

Калкты кырган уу атты,

Калк эле эмес,

Дилим, тилим чатышты.

Башты кошуп,

Бириктирчү жан таппай,

Сай-сайлаган

Калктын жаны ачышты.

 

Бөлүнгөндү

Бөрү жейт деп айткандай,

Бөлүнгөндө

Жалмап алды жунгарлар.

Сыдырылган

Тобулгунун ашындай

Жулунгандын

Жеми болду кургурлар.

 

Аталаштар

Бир-бирине эңилди.

Эрлер башы

Кара жерге көмүлдү.

Пейли кенен

Ногой калкым кечирди,

Хан-мырзалар

Кыргын салган күндөрдү.

 

Эх, Ногойум!..

Не көрүп, не көрбөдү:

Жоону көрдү,

Дөөнү көрдү коркподу.

Көчүп-конуп

Талаа-түздө, тоодо өргүп,

Эч бир жерде

Жай алалбас окшоду.

 

Күнгө күйдү,

Кышта тоңду, кыйналды.

Көчтү-конду

Арыбады, талбады.

Жан сууруган

Эчен жоо көрсө дагы,

Эч убакта

Башын ийип калбады!..

Ногой тилинен которгон: Алтынай Темирова