Александр Пушкин: Поэзиядагы тантыктыктын эки түрү бар: бири – …

АЛЕКСАНДР ПУШКИН

АР КАЙ ЖЫЛДАГЫ БАЙКООЛОР

(Учкул ойлор жана үзүндүлөр)

Бизде адабият бар, бирок адабий сын али түптөлөлек. Вольтерди билбеген, франмосондор тууралуу түшүнүгү да жок кемпирлер куу чирендерди франмосон, волтерянчы деп тилдеген сыяктуу эле журналисттер жазуучуларды романтика менен тилдейт.

* * *

Француз сынчыларынын романтизм тууралуу өз түшүнүгү бар. Алар кырданып кыялданган же кайгырып ындыны өчкөн чыгармалардын баарын эле романтика деп коюшат. Атүгүл айрымдары жаңыраак сөздөр менен сабатсыз саптарды да романтизмге такайт. Ошентип байыркы салттарга байланган, грек ыр түзүлүшүн француз тилине жөндөп салалбаган акын Андрей Шенье да романтик акындардын тизмесинен орун алат.

* * *

Котормочулар – агартуу почтосунун аттары.

* * *

Көралбастык – сөздүн жакшы маанисинде мелдеш мерчеми.

* * *

Грамматика тил мыйзамын түзбөйт, тек анын салт-санаасын түшүндүрөт жана бекитет.

* * *

Түштө ичер ашыңды кечкиге калтырба.

* * *

Окумал адамдын ашказанында да ак жүрөктүк касиет бар: ал сезимтал, алкышчыл келет.

* * *

Табиятын талант даарыбаган окумуштуу Мухамеддин осуяттарын орундатам деп, «Куранды» туурап жеген кембагал молдого окшоп кетет.

* * *

Жазуучунун бир беткейлиги, канчалык терең болсо дагы акылдын бир жактуулугун айгинелейт.

* * *

Биз канчалык салкын, аяр, сак болсок, шылдыңдан ошончолук алыс болобуз. Өзүмчүлдүк, мүмкүн, өтө жаман сапаттыр, арийне, андан акыл-эс байкалгандыктан анчалык күлкү чакырбайт. Бирок өзүн өзгөчө өнтөлөп жакшы көргөн, өз көсөмдүгүнө таңдайы ката тамшанган, өзүнө болгон жакшылыктарды ушунчалык жыргап, анча-мынча жамандыкты ушунчалык куурап ойлонгон адамдар болот, алардын өзүмчүлдүгү ашкере жандуулугу жагынан да, ашкере жашыктыгы жагынан да аргасыз кыйгыл күлкү жаратат.

* * *

Биздин бир акындын көкүрөк кере айтканы бар: «Менин ырларымдан, мүмкүн, тантыктык табылар, бирок прозаны эч качан таппайсыңар». Байрон айрым ырларын түшүнүктүү айтып бералчу эмес. Поэзиядагы тантыктыктын эки түрү бар: бири – сөзгө айлантар сезим менен ойдун чукактыгынан чыгат; бири – сезим менен ойдун молдугунан, аны ырга айлантар сөздүн чукактыгынан чыгат.

* * *

«Геометрияга канат байлагандын баары бизге канат байлайт» деген Паскаль. Деген да, өзүнүн философиялык ойлорун жазган.

* * *

Un sonnet sans default vaut seul un long poeme [1]. Жакшы эпиграмма жаман трагедиядан өйдө… Бул эмне дегендик?

Жаман аба ырайынан эртең мененки жакшы тамак артык десе болобу?

* * *

Tous les genres sont lons, excepte J`ennuyeux [2]. Биринчи айтканда бул жакшы угулат, бирок улуу чындыкты кайталоонун кандай зарылчылыгы бар? Вольтердин бул тамаша сөзү адабият скептиктеринин [3] үстүрт сынына, албетте, шынаа болот, бирок скептизм ашкере акылдуусунуунун ары дегенде алгачкы кадамы. Арийне Вольтер egalement bons [4] деп айтпаганын эч ким аңдабай калса керек.

* * *

Эргүү – бул таасирлер менен түшүнүктөр насилин элестүү кабыл алууга, албетте, аны айтып берүүгө болгон жан дүйнөнүн даярдыгы. Эргүү поэзия сыяктуу эле геометрияга да керек.

* * *

Сергектик али акылдан кабар бербейт. Келесоолор, атүгүл ашкан жиндилер деле тирукмуш сергек келет. Адатта абдан жөнөкөй, бардыгына калыс, тегиз, улуу насыл-нарктуу генийлерге кээде сергектик жетишпегендигин кошумчаласак болот.

* * *

Бизде прозаны катардагы жамакчылык катары карашат: турмуш чындыгын чагылдыруу, керектүү ой айтуу зарылчылыгына эмес, көйрөң форма көрсөтүү максатына колдонушат.

* * *

Дээрлик бардык окуу жайларында балдар адабият менен алек болот, коом түзүшөт, атүгүл жазган чыгармаларын жарандык журналдарга жарыялашат. Анын баары аларды билим алуудан алаксытат, балдарды жеңил-желпи ийгиликтерге азгырат, бизде ансыз дагы чектелүү идеяларды чектейт.

Которгон: Алым Токтомушев

“Дүйнө классиктеринин ой берметтери” китебинен