Уильям Фолкнер: Китеп жазуу – дүкөндүн витринасын жасалгалоону элестетет

УИЛЬЯМ ФОЛКНЕР ЖАЗУУЧУНУН ӨНӨРКАНАСЫ (Виргиния университетинин студенттери, окутуучулары менен маек) Суроо: – Готорн өмүрүндө оң каармандын образын түзө албаптыр. Анткен менен ал түзгөн терс каармандар чыгармачылык залкарлыгынын өзөгү болуп калды. Мындан биз, оң каарманга караганда терс каармандын образын оңой деп ойлосок болобу? Жооп: – Бул жазуучунун кулк-мүнөзү, таалим-табитине эле эмес, дегеле адамдык табиятына байланыштуу болсо керек: дүйнөнүн жарык жактарынан көрө, караңгы жактарын чындыкка сыярлык, турмуштагыдай ишенимдүү сүрөттөө жеңил. Суроо: – Мистер Фолкнер, жазуучу болуш үчүн жогорку билим, сөзсүз, керекпи, же?.. Жооп: – Кандай десем? Бул жазуучуга жылуу квартира керекпи дегендей толугу менен…..