Эдуард Асадов: Жоокер жандар чуңкур казып, бир кезде, Күрөк менен жүрөктөрдү көмүшкөн

Расул ГАМЗАТОВ: АДАМЗАТТА ЭҢ НЕГИЗГИ ҮЧ ЫР БАР Адамзатта эң негизги үч ыр бар, Абдан шаңдуу, анан дагы бүтүн зар. Ал үчөөнүн бирөө артык баарынан – Эне ырдаган бешик ыры бу жыргал…   Экинчи ыр – дагы эле эне ырыбы?! Кармап көрүп муздактыкты чыныгы, Баласынын табытында озондойт… Үчүнчүсү – бардык ырлар тиги-бу…   Эдуард АСАДОВ: БЕЛГИСИЗ ЖООКЕР БЕЙИТИ Белгисиз бир аскер жаткан бейит дөң! Андайларга Волга, Карпат көрүстөн. Жоокер жандар чуңкур казып, бир кезде, Күрөк менен жүрөктөрдү көмүшкөн.   Жол боюнда жашыл кемер азалуу, Максат, үмүт, толкундануу, санааны Жашырган ал толугу менен…..

Муратхан Шокан: Коркомун, колду шилтеп бардыгына, Бирөөгө ашык болуп каламынбы?

Муратхан Шокан 1974-жылдын 25-февралында Кытай Эл Республикасынын Тарбагатай аймагындагы Толу ооданынын Акбелдүү айылында туулган. Акын Казакстан жазуучулар союзунун мүчөсү, Алматы шаарындагы Ноорузбай районунун “Руханий жаңыруу” ортолугунун башчысы, Алматы шаарындагы жаштар саясатын өркүндөтүү мамлекеттик уюмунун алкагындагы “Адабият ааламы” ортолугунун жетекчиси. “Тулга-достук” коомдук уюмунун директору. “Жыйырманын жалыны”, “Мага жаздын белеги”, “Жүрөккө жүгүнүү”, “Тазалыкка умтулуу”, “Түнкү лирика” аттуу ыр китептеринин, “Жаратылышнаама” аттуу философиялык китептин автору. “Аалам бешик ырлары” аттуу обондуу ырлардын альбомун казак тилине которгон. Жана “Эгемендик жеңиши”, “Кытайдагы казак кесипкөйлөрү” аттуу китептердин идеясынын автору жана түзүүчүсү. Ырлары дүйнөнүн бир топ тилдерине которулган. толугу менен…..

Расемон дарбазасы

Качан экенин так айта албайм, иши кылып бул окуя кечке маал болгон. Кайсы бир малай адам жаандан корголоп Расемон дарбазасынын астында турду. Дарбаза Судзакунун адам көп каттоочу көчөсүндө болгондуктан, азыр бул жайда жаандан корголоп дагы бир нече аял жана итимэ’гаса жана момиэбо’си кийген бир нече жигит туруусу керек болчу. Бирок, кызыл түстөгү боёгу түшүп баштаган тегерек мамыда конуп отурган ийнеликти эске албаганда бул жерде андан башка кыбыр эткен жан жок эле. Мунун өзү акыркы эки-үч жыл аралыгында Киотодо болуп өткөн зилзала, бороон-чапкын, өрт, ачарчылык өңдүү көрүнүштөрдүн кесепети менен байланыштуу болчу. толугу менен…..

Рюноске Акутагава: Түнт токойдун коюнунда

Соттук тергөө учурунда отунчунун берген көрсөтмөсү Ооба. Сөөктү мен таптым. Бүгүн эртең менен адаттагыдай эле отун кыйып келүү үчүн тоо этегиндеги токойго барып, капысынан эле адамдын жансыз денесине туш болдум. Кайсы жерден? Ямасинге  кетчү жолду билесиздер да, дал мына ошол жолдон төрт-беш чакырымдай алыстыктан.  Ал жерде бамбук негизинен жаңыдан бой керип келе жаткан жапалак арча менен аралаш өсөт; анан калса, чычкан мурду жөргөлөгүс болгондуктан ал аймактан кимдир бирөөнү жолуктуруу өтө кыйын. Сөөк чалкасынан жатыптыр; үстүндө ак-көгүш түстөгү суйкан, ал эми башында, адатта борбордогулар кийип жүрүүчү эбоси шапке бар болчу. Мени толугу менен…..

АЛЬБОМ

А.П. Чехов  АЛЬБОМ Катуурак шамал болсо кулап калчудай кейиптенген Кратеров деген титулдук кеңешчи алдыга бир кадам таштады да, Жмыховго бурулуп: Улуу даражалуум! Бизге көрсөткөн аталык камкордугуңуз жана узак жылдарга созулган башчылыгыңызды эске алып… Он жылдан ашык мөөнөткө созулган,-деп кошумчалай кетти Закусин. Ооба, он жылдан ашык убакытка созулган жылдарды эске алып, биз – cиздин кол алдыңызда иштегендер, биз үчүн салтанаттуу… мына ушундай… күнү сизге болгон терең урмат-сыйыбыздын белгиси катары, бардыгыбыздын сүрөтүбүз салынган мына бул альбомду белек кылуу менен дагы далай жылдар бою, кандай десем… көзүңүз өтүп кеткиче биз менен бирге болууңузду толугу менен…..

Жан кирет эгер өпсөм жансыз ташка, Талаадан, тоодон, түздөн кезигесиң.

Акын жана котормочу Т.Чакиевдин котормолорун окурмандарга сунуштайбыз. ГАЛАКТИОН ТАБИДЗЕ Көк тулпарлар Батыш тарап кызарып, күн уяга батарда, Закым болуп алдамчы, жарк-журк этет түнкү жээк! Калып үмүт катылып, ай талаага анан да, Ың-жыңы жок жымжырттык өкүм сүрүп эреркеп Үшүн алат жүрөктүн, аска-зоолор ичинде Күйүт болуп муз баскан жатасың сен чырагым. Умтулганың көк асман. Көз албайсың тигиле, Муңум күчтүү, муңаям, билем мезгил сынагын… Кайгы-муңду билбеген күн артынан, күн келет, Жалдан тартып аттардын шам кулагын жандырып. Кубат артып, эртеңки жашоом үчүн күч берет, Алуум керек демек мен суусунумду кандырып, Өтүп жаткан өмүргө. Көз толугу менен…..