Фридрих Шиллер: Опколжуткан жаламада жол жатат – Ортосунда өлүм менен өмүрдүн

Фридрих Шиллер

Немец акыны

(1759 – 1805)

**********

Көрбөгөндөр жараланган жүрөктү –

Көрбөгөнү ай-чырайлуу чүрөктү.

Укпагандар шат күлкүсүн селкинин –

Укпаганы кубанычтын эпкинин.

 

Жаңы кылым

Адамзатка тынчтык келчү кайсы убак?

Ал дегеле азат күндү көрөбү?

Эски кылым кеткен эле кансырап,

Эмки кылым канга оролуп төрөлдү.

 

Эски адат, эски каада бүлүндү,

Эл маталган уруулук салт үзүлдү.

Кары Рейн, Нил кудайы, мухиттер,

Бүркөдүбү согуш, сенин жүзүңдү?

 

Эки тарап чагылгандай чартылдап,

Эрегишип найзалары жаркылдап.

Дүйнө жүзүн бөлүштүрүп жатышат,

Адамзатты муундуруп алкымдап.

 

Тартып алып алтын, акак таштарын,

Талоончулук зомбулугун баштады.

Кылым баасын Бренн сымак Франк да,

Кылыч менен таразалап таштады.

 

Тарбаңдатып кан күсөгөн байрагын,

Таракандай флот арбап курчады.

Эркин жаткан Амфитрида аймагын,

Ээлеп алып өз үйүндөй кулптады.

 

Түндүктөгү аралдарды, сууларды,

Түштүктөгү Сахараны, кумдарды.

Басып алып кургакты да деңизди,

Барды… барды… табалбады бейишти.

 

Алтын кылым, эркин бейиш замандар,

Картада жок аны баскан кадамдар.

Жашыл бойдон жайнап турган жерлер жок,

Жап-жаш бойдон тура бербейт адамдар.

 

Канча барсаң ошончо бар жер-дүйнө,

Карытар да арытар да кең дүйнө.

Ошончонун ичинен бир кичине –

Орун да жок он бактылуу кишиге.

 

Жүргөн жакшы кирбей ызы-чууларга,

Жүрөк барда жалгыз эркин жашап чык!

Чын сулуулук турмушта эмес – ырларда,

Чындыкта эмес – кыялыңда азаттык!

 

Тоо жолу

Опколжуткан жаламада жол жатат –

Ортосунда өлүм менен өмүрдүн.

Сак кайтарып кабат-кабат тоо жатат,

Салып койгон ажал жолу Теңирдин.

Кокус болуп кабылтпасын көчкүгө,

Кокуй, секин! Кобурашпай өткүлө!

 

Албуут сууда көпүрө бар ийилген –

Аска менен аска башы тийишкен.

Адам колу жеткен эмес ырымга,

Ал агымга даап барыш кыйын да.

Аска жарып алкымына жармашат,

Алп менен алп канча кылым кармашат?

 

Касабалуу аскаларда капка бар,

Калдайышат сөлөкөттөр калкагар.

Андан өтсөң – алтын өрөөн байкалат,

Жаз менен күз жыт алышып жайкалат.

Ойдогу жер! Биз жадаган тараптан –

Ошол жакка сызгың келет канатчан!

 

Ал тараптан агып чыгат төрт агым,

Багыттарын көрсөтө элек көз-жалын:

Батыш, Чыгыш, Түндүк, Түштүк тарапка,

Баары атылып бир булактан агат да –

Ажырашып кетет такыр көрүшпөй,

Башатына бир кайрылып келишпей.

 

Анда турат кыл чокулар көк чийип,

Алда канча жердегиден көп бийик.

Көкөтеңир жалгыз андан жай табат,

Көпкөк эфир, аппак булут айланат.

Эч ким анда болгон эмес ырымга,

Болмок эмес дагы келчү кылымда.

 

Кыл чокуда түбөлүктүү жоодурап,

Кыз-каныша тактан жылбай отурат.

Алтын кыргак жаркыратат маңдайын,

А башында алмаз таажы ар дайым.

Ажайып Күн алы кетип кубара,

Алтын чачып жылыта албай убара.

 

Алтын күбөк

“Болсун баатыр, болсун жакыр, кул-кутан,

Болсо да ким? – Боюн урсун аскадан!

Карагыла, алтын күбөк ыргытам,

Калыс болсун карап турган канча жан.

Алып чыкса ким эгерде тереңден,

Ал күбөктү сыйлык кылып берем мен!”

 

Так ушундай жарлык айтты падыша,

Калкка карап салаңдаган аскадан.

Ак-карасы санаасында жарыша,

Айлампага алтын күбөк таштаган.

“Ким эр жүрөк? Акка моюн ким сунат?

Ким баралат? Коркпой алып ким чыгат?”

 

Баатыр турду, жакыр турду унчукпай,

Жооп болуп – турган кейпи тунжурап.

Тобокелге бара турган кул чыкпай,

Томсорушат оюн айтпай кулпулап.

Таксыр нээтин үчүнчү ирээт билдирет:

“Табылбайбы тайманбаган эр жүрөк?”

 

Баары жымжырт. Аңгыча бир жаш жигит,

Алдыга өттү топтон аста билинбей.

Кийген киймин, белден курун шарт чечип,

Сүйлөбөстөн жерге койду тигиндей.

Рыцарларды, айымдарды ой басат:

“Ким болосуң? Жаш экенсиң! Кайра тарт!”

 

Ал чыкты да тумшугуна асканын,

Айлампанын тереңдигин карады…

Албуут ташкын жарга согуп ак жалын,

Күр-шар, күр-шар… түбү түпсүз карарды.

Күлдүрөдү буура жинин чачкандай,

Күн күркүрөп, добул жүрүп жаткандай –

 

Деңиз онтоп ач ышкырык угулат,

Дем кышылдап, толкун отко жуурулат.

Көккө атылып өзөктөн буу суурулат,

Көбүк кайнап жар ташына урулат.

Терең ирим окторулуп жулкунат,

Бир деңизден – эки деңиз булкунат.

 

Бир оокумда деңиз тынчып жайланат,

Азоо толкун айлампага согулат.

Ак көбүктөр акчардактап айланат,

Араан ачкан кулкунуна сорулат.

Кирип жатат ач карынга куркурап,

Ал карындан онтогон оор үн чыгат.

 

Байкап Улан эмки келер ташкынын,

Куткаруучу Кудайына сыйынды.

Боюн таштап көрсөттү өктөм жаштыгын…

Баары селт деп бир демигип тыйылды.

Айлапанын ачкан оозу жабылды,

Аралжы күч эми кайдан табылды?

 

Айлампа тынч… Өз огунда айланат,

Андан такыр көзүн албай тургандар.

Арман кагып ар ким ичтен ой кылат:

“Кош, азамат, атың калчу заман бар!”

Айлампа тынч… жаммы жымжырт, санаалуу,

Күтүү кыйнайт: “Балким чыгып калабы?”

 

Дагы ыргытып алтын таажы тактыңды,

Жар салсаң да: “Аман чыкса ким алып,

Ээлейт менин байлыгымды, бактымды!” –

Барбас элем буйругуңа алданып.

Жаш Уланды ирим эми кайтарбас,

Жандуу пенде анын жөнүн айталбас.

 

Адам тургай мачталары бачырап,

Илеп тартып кеме соргон айлампа.

Суу астынан – суу үстүнө чачырап,

Калкып калган чамындылар мап-майда.

Бирок мына, дене-бойлор дүрүлдөп,

Жаңы ташкын келе жатат күрүлдөп.

 

Деңиз онтоп жарылалбай буулугат,

Дем кышылдап, толкун отко жуурулат.

Көккө атылып өзөгү бүт суурулат,

Көбүк кайнап, жарга удургуп-урунат.

Окторулуп көтөрдү эле ташкынды,

Оозун ачып от аралаш ышкырды.

 

Аңгыча эле жалт дей түштү ак неме,

Аласалып жиреп деңиз толкунун…

Көрө салып эл алкады шарт эле,

Көбүк чачкан колу менен колтугун:

Бир кол менен кулач урат болжоп ал,

Бир колунда алып чыккан олжо бар.

 

Жээкке жетип көпкө турду энтигип,

Жарык дүйнө жайнап алкыш жаадырды.

Эл алкады: “Аман чыкты!” – деп сүйүп –

Эркек болбойт мындан өткөн кадырлуу.

Тилсиз жоодон, көрдөн, суудан ташыган,

Тирүү кайтты жанын алып жаш Улан!

 

Аскадагы эл сыйнатын баштады,

Ал ийилди кармап алтын идишти.

Анан хандын буту алдына таштады,

Өкүмдар да сыйлаганга киришти.

Сунду шербет өз кызынан алдырып,

Сулуу жигит жутту суусун кандырып.

 

“Жашасын хан! Жашасын калк жердеги!

Жашоо барда жер үстүндө жыргап ал!

Жер астына киргизпесин пендени,

Күн астында Теңириңди сыйлап ал!

Эсиң болсо, акылыңан ашпагын,

Жашыруун сыр – жердин астын ачпагын!

 

Октой сызып барып көрдүм мен аны,

Окторулган ташкын урду тереңге.

Жараңкадан атырылып суулары,

Жаңы лава мени соро берерде –

Башым ылдый айланкөчөк буралып,

Барып калдым жаткан жерге суу агып.

 

Жаным чыгып Жаратканга жалындым,

Жардам кылды Кудай гана куткарып:

Тунарыкта аска учуна кабылдым,

Туруп калдым ташты кармап ныкталып.

Ал жердеги каухарлардан нур чыгып,

Алтын күбөк калган экен кыпчылып.

 

Караш кыйын оңурайган ар жагын,

Чоң коркунуч дымып жатты түбүндө.

Жыйып келип тоодой оор салмагын,

Башталчудай окторулма – күрүлдөө.

Көрдү көзүм: шумдук тынып жатканын,

Айтып болбойт астындагы батманын.

 

Көзүм көрдү: оролушуп уюлдай,

Капкара сел жылып келе жатканын.

Жалгыз тиштүү желмогуздай, куюндай,

Суу күрзүсү бетин тыткан асканын.

Арсак азуу – башка нерсе сезбедим,

Ал сугунса – өлө турган кез дедим.

 

Жалгыз элем, опот болор жерде элем,

Калган эле көр оозунда тагдырым.

Алса Кудай, алсын дедим жер менен,

Алкагыла, жердегинин бардыгын.

Жашоо берген эл тилине кулдук ур!

Жерге кирсин –

Жер астында тил билбеген шумдугуң!

 

Коркуп кеттим… Аңгыча жер солк этип,

Жылып келет зор ажыдаар жүз буттуу.

Араан ачып сорорунда, болк этип,

Ташты таштап, таба койдум жылчыкты.

Ташкын мени суу үчтүнө ыргытты,

Көз көрбөсүн мындай тири шумдукту!”

 

Жагып калды падышага бул баян:

“Эрдигиңе алтын күбөк сый кылам!

Алмаз күйгөн алтын шакек, пул даяр,

Алдыңа мен каалаганың жыйдырам.

Агер дагы түпкө түшүп бир сапар,

Ачып келсең деңиз сырын бир катар!”

 

Бул жарлыкты падышанын кызы угуп,

Атасына айтты сөзүн буулугуп:

“Жетет ата, барбадыбы озунуп,

Мобул топтон чыгар болсо суурулуп –

Анда эмесе, күчүн сына башканын,

Уланды эмес! Рыцарлардан баштагын!”

 

А падыша кызын укпай түнөрдү,

Ал күбөктү кайра ыргытып жиберди:

“Агер жигит, алып чыксаң дагы да,

Рыцарь кылам жакын алып тагыма,

Кызымды да аялдыкка аласың,

Кыйындыкта колдоочуңду табасың!”

 

Жашай турган келечеги жарк этип,

Эр кайраты күйүп турду көзүнөн.

Кыз кубарып, албырганы жалп өчүп,

Улан көрдү бир коркунуч өңүнөн.

Өктөмдүгү бийлеп алган шекилдүү,

Өмүр-өлүм иримине секирди…

 

Айлампа тынч… Бирок күр-шар кайрадан,

Көбүк бүркүп улуу ташкын күрүлдөйт.

Кыздын көзү жалдыраган-жайнаган,

Кыйбас Улан чыгабы деп түңүлбөйт.

Толкун келет – толкун келет бүдөмүк,

Бүттү, тамам!.. Улан кетти түбөлүк!

Которгон: Эрнис Турсунов