Блог

Тирүү мекен

А.Акбаров Идирис пайгамбардын изи калган Чаткал жергесинде туулуп өсүп, пайгамбар ичкен суудан ичип чоңоюп, улуу касиет-талантты боюна сиңирип алгандай. Акын туулуп өскөн жерине барып, ата-бабаларына куран окутуп, дос тамыр, тууган урук менен учурашып, элге-журтка отчеттук концерт тартуулап келди.

Бектуруш Салгаманинин чыгармачылык кечеси болуп өттү

Поэзия – бул тагдыр. Мына ушул тагдырды аркалаган авторлордун бири Бектуруш. Бул акындын ырлары жаздыктын алдына жаздап алып окуй турган поэзия. Поэзия жөнүндө, акын жөнүндө сүйлөөнүн кажети жок, аны окуш гана керек. (Ж.Бөкөшов) Бектуруштун махабат темасында, ашыглык лирикасында өзүнчөлүгү бар. Ашыктык анын жүрөгүндө жаш чагынан, бала күнүнөн бүгүнкү күнгө чейин сакталып келгенин ырларынан сезип, туюп атабыз. (Т.Самудинов) Бектуруштун ырларын алгач жазгандан ушул күнгө чейин карап жүрөм. Ырларын окуганымда анын жазганы кыргыз ырынын рамкасына сыйбаган, башкача ырлар экен, уйкашы жок эле жаза бербейби деген ойго келгем. Себеби уйкаш авторду кысып аткандай, толугу менен…..

Афина Абдылдаева: Жоголгон саат

Жоголгон саат (аңгеме) Бишкектеги азыркы ГКНБнын имараты турган жерде мурда финансы-кредит техникуму болгон. Имараттын эскилиги жеткендиктен 1959-жылы Жаш Гвардия менен Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы үч кабат окуу жайы жана батыш жагында жатакананын имаратынын курулушу салынып жаткан. Пайдаланууга бериле турган болуп, бүтөөр кезде техникумдун жетекчилери биринчи курсту бүткөн студенттерди каникулга жибербей, кара жумуштарды жасатуу үчүн алып калышты. Жаңы жаркыраган имаратта күзүндө биз биринчи болуп окуйбуз, -деп, кудуңдаган дүмбүл жаштар шатырап, кыйналдык-кысталдык дебестен кыздар терезелердин айнегин, эшиктерин, полун жууп-тазалап, уландар болсо курулуштун акыр-чикирлерин оор замбилдерге салып, сыртка ташып чыгарып жатышты. Күндөрдүн биринде толугу менен…..

Бектуруш Табалдиевдин поэзиясына күбө болуңуздар

Ырдын тулкусун жакшынакай уйкаштар, образдуу салыштыруулар, жугумдуу метафоралар, таасирдүү боёктор, туюнтмалар менен шөкөттөп жазган пейзажист, чебер сүрөткер, синэстетик, интеллектуал акын Бектуруш Табалдиев Салгаманинин чыгармачылык кечеси өтөт. Поэзия кече акындын “Аты жок” китебинин бет ачары менен коштолуп, адабиятчылар автордун чыгармачылыгы боюнча сөз кылып, поэзиясы окулуп, обондуу ырлары ырдалат.  Поэзия кечеге катышууну каалагандар үчүн эшик ачык. Келип жан дүйнөңүздөргө азык алып кетүүгө чакырабыз. Ыр күйөрмандарын 2022-жылдын 28-январында саат 14:00дө Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинде күтөбүз. Тосордо “Чөккөн тоолор окшошот мис чөөгүнгө, чокуда кар агарат пил сөөгүндөй. Жаш сулуунун булгаган жоолугундай, “жарк” дейт толугу менен…..

Баяс Турал: Мөңкүп аккан дарыянын кыймылы бар канымда

Бийиктик жана биримдик Турмуш өзү майдалардан куралат деп айтышкан бизден мурун жашап өткөн адамдар. Майда кумдар биригип, пайда кылат үйдөй болгон таштарды. Аскалар да пайда болот биригишкен таштардан. А аскалар бир-бирине кошулуп, айланышат тоолорго. Тоолор анан бири-бирин толуктап, көтөрүшөт көк тиреген улуу, бийик чокуну!   …Биз да акырын тоолорго окшоп өссөк дейм. Тоолорго окшоп умтулсак дейм биз дагы бийиктикке күнү-түн! Тоолорго окшоп жашасак дейм кыргыздар- Азиянын асманын төбөбүзгө көтөрүп!   Тоо жана мен Мен тоолордун арасында төрөлгөм. Тоолорго окшоп сыймыктуумун, салмактуумун, бийикмин!   Тоолор майда кум менен топурактан турат дешип толугу менен…..

Зинакан Пасанова: Колуңду берчи, жакшы адам

Колуңду берчи, жакшы адам (аңгеме) -Кутуча толуптур, – деди уулум Курман айтка бир күн калганда. -Эсептеп көрчү, канча болду экен? -Санап чыктым: эки жарым миң сом чогултуппуз. Экөөбүз тең унчукпай калдык. Айлап топтогон тыйыныбыздын аздыгына ичим чыкпаса да, жээрге нан таппай отурган дагы бирөөгө жок дегенде бир апталык оокат болор деген ойдо өкүнүчүмдү бастым. Капкагынын ортосу тыйын баткыдай болуп тилинген калай кутуча үйүбүздүн кире беришиндеги текчеде турат. Күн сайын сырттан келгенибизде чөнтөк, баштыгыбызды аңтарып, колубузга илинген тыйын-тыпырды ага салып коюп, анан үйгө кирчүбүз. Бул кайрымдуулук кутучасы – уулумдун демилгеси. Менин толугу менен…..

Садык Алахан: Асанбек Стамовдун повесттери

Асанбек Стамовдун повесттери (Биринчи макала) Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты жазуучу А.Стамов маданий чөйрөбүзгө өздөрүнчө бир толкун болуп келишкен М.Гапаров, К.Жусупов, К.Жусубалиев сыяктуу муундаш калемдештери менен бирге адабиятыбыздын каалгасын тээ алтымышынчы жылдардын башында какса да, анын чыныгы чыгармачылык жүзү, эстетикалык көркөм казынасынын (албетте, өз өлчөмүнө жараша) айрым учкундары бүгүнкү жетимишинчи жылдары өз келбетин көрсөтүп олтурат. Адабий сыныбызда белгиленип жүргөндөй анын чыгармачылык “көктөмү” деп аталып, болбосо А.Стамовдун көркөм изденүүсүндөгү “бурулуш” учур болуп эсептелген “Кеч күздө” повестинин жарыкка келиши менен, кыйыр түрдө айтканда, жазуучунун “мөмөлүү күзү” башталды. Бир топ адабий тыныгуудан кийин толугу менен…..

Толукбек Байзак: Биз тере элек нур гүлдөрү албыра, Биз чыга элек кырлар жатат алдыда

Кош мекеним! Кош бол эми көрүшкөнчө алсыз, жарды Мекеним. Сени таштап көпкө дейре алыс сапар кеземин. Тилеп сенин тынчтыгыңды, тилеп сага эсендик, убайымдуу бул күндөрдө, урматыңы сеземин.   Кеттим алыс, кейиш толгон жүрөк менен кыялбай. Жатканыңда жаш баладай там туң басып туралбай. Маанай чөгүп, ындын өчүп, акыл эсиң жыялбай, турганыңда кайрат эркти тилейм сага сүйүп туруп кудайдай.   Сага караан боло албадым, бу капалуу күнүңдө. Ийинимди тосо албадым, бирок менден түңүлбө. Биз кайтарбыз жеңиш менен күндөрдүн бир күнүндө, ал анткени өзүң барсың, жүрөктөрдө, сүйүүмдө.   Касиетин Ата Журттун уул эмесмин толугу менен…..

Кожогелди Култегин: Чырактар жарк эткенсип – киргенде сен, Чырайга чыга түшчү ресторан да!

Качып барам Сынгандай катар турган чыны жайнап, Сынды бүт жүргөн сага сыйым арнап – Супсулуу, мен сыйынган чырайыңдан Сур жылан чыккан үчүн зымыраңдап…   Мээримиң сезер элем куштап улам, Мээленет жебең азыр туш жагыман. Тебетей ичиндеги башым тоңот Телефон номуруңдун муздагынан.   Ырдасам – жалгыз өзүң угуучум-ай, Ыргакка төнүп кетчү сулуу чырай. Экөөбүз кирчү залдан корком азыр Экран ичинен сен чыгуучудай.   Жок эле ашык сөз да, ашык шамал, Жолубуз, катар бассак, ачык жалаң. Ал мезгил – азыр мага концлагердей, Арт жакты карап койбой качып барам.   Шопен Кайрыктарын карачы толугу менен…..

Шабданбай Абдыраманов: Самар (аңгеме)

Самар (аңгеме) Коңшубуздун кызы Самар чыбыктай шыңга, кымча белдүү арык чырай кыз болучу. Анын жаз күнүндөй жаркылдаган ачык мүнөзү менин эсимден кетпейт. Түтөгөн кыйгач каштарынын астындагы кичирээк карагаттай мөлтүрөгөн көздөрү ойноп турчу. Өзбек кыздары түспөл кырдач мурундуу, жүзү кагаздай жука. Дайыма атлас көйнөк, тар камзир кийип, шайдоот басып жүрөр эле. Кош көкүрөгү бөдөнө тумшуктанып, кыздын сымбаттуу боюн ого бетер көзгө жакын кылып турат. Сазга чыккан чымындыктай майда өрүлгөн чачы далысын тегиз жаап, үстүнөн бастыра кийген зар топу куп жарашып калганычы. Кыздын атасы ичкилик кыргыздардан боло турган. Ошондон улам Самардын тили толугу менен…..