Блог

Акжол Доранбек уулунун “Күн жана мен” аттуу чыгармачылык кечеси жогорку деңгээлде өттү

Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында акын,  Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, Маданияттын мыкты кызматкери, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын вице президенти, “5 акын” теледолбоорунун жеңүүчүсү Акжол Доранбек уулунун “Күн жана мен” аттуу чыгармачылык кечеси жогорку деңгээлде өттү. Кечеге КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков баштаган акын-жазуучулар, поэзия күйөрмандары катышып, жандуу кечени жандуу сүрөп отурушту. Адаттан тыш, сахна толгон катышуучулары жок кечеде автор гана ырларын окуп берип, обондуу толугу менен…..

Улуттук жазуучулар союзунун имаратын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун имаратын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.  Эгемендүүлүк алган жылдан бери  кароосуз калган Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзуна сонку жылдары мамлекет тарабынан көңүл бурулуп, көп көйгөйлөр чечилип келүүдө. 2023-жылдын башында Президентибиз Садыр Жапаров жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Министрлдер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Иш Башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаев тарабынан Улуттук жазуучулар союзунун коммуналдык төлөмдөргө болгон бир жарым миллион сомдон ашык карызы төлөнгөн. Быйыл жыл башында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов КР Улуттук толугу менен…..

Аскар Медетов: Акындын жасалма поэтикалык дүйнөсү

Акындын жасалма поэтикалык дүйнөсү Азыркы учурда интернет да чыгармачылыкка, көркөм ой жүгүртүүгө өзүнүн терс таасирин тийгизип жаткан кез. Анча-мынча “сокур чымыны” менен ыр кураштырып жүргөн талапкерлер ырларын соцтармакка жайгаштырса, аны түшүнүп-түшүнбөй эле көкөлөтүп мактап, шатырата кол чаап, суу кечпес пикирлерин калың элге жарыя кылып, дарбыган поэзия күйөрмандары көбөйдү. Чыныгы чыгармачылыктын азабын тартып көрбөгөн, нукура поэзия эмне экенин түшүнбөгөн версификаторлор төрт сабы төрт жакты караган халтурасы үчүн мактоо угуп, өзүн пиар кылганга, элге акын катары таанылууга муктаж экени, интернет айдыңында алеки саатта атактуу болууга суусап турганы ырас. Мындай көрүнүшкө компетенттүү деген толугу менен…..

Айтыңыздар маарек болсун!

Урматтуу мусулмандар, Урматтуу калемдештер, Мусулмандардын ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайбыз! Ыйык рамазан айындагы отуз күндүк орозоңуздар, соопчулук үчүн жасаган иштериңиздер кабыл болсун! Рамазанда отуз күн арууланып, тазаланып, кечиримдүү болуп, мусулманчылыктын парзын аткарып, бүгүн орозо айтта бири-бирибизге “Айт маарек болсун” айтып, айттап барып, бири-бирибизден кабар алып, бири-бирибизди кечирип, жылуу маанайда жакшы тилек айтып майрамдайлы. Мусулмандардын эзелтен келе жаткан бул майрамы ар дайым биримдикте, ынтымакта болууга үндөп келет. Мындай улуу күндө элибизге тынччылык, берекеси төгүлгөн бейпилчилик, ынтымак каалайбыз. Ылайым элибиз, жерибиз ар кандай кырсыктардан, апааттардан алыс болсун. Айтыңыздар маарек болсун! КРУЖС толугу менен…..

Абдиламит Матисаков: “Атамды көргөн өлбөсүн…”

(аңгеме) Үйүбүз жогорку көчөнүн эң башында. А автобус үч көчө ылдый, дүкөндүн оозуна токтойт. Айылыбыз чоң, узун-узун алты көчө, а автобус бир жерге (дүкөндүн оозуна дебедикпи) токтоп өтөт. Биздин көчөнүн аксакалдары үмүт кылышабы, кээде: “О шопур бала, карыганда кыйраңдатпай жогорку көчөгө бир токтоп кой, кемип калбайсың” дешип калат. Анда автобус менен бир болуп келаткан кары-картаң жаалап, шопурдун ордуна өздөрү эле жоопту “катырып” коюшат. –Ысыгында ушул жерден түшүп калсаңарчы! –Же Папанга кошулуп барып, тамаша кылып келесиңерби? –Көтөр чыптаңды, кадам сайын сага токтоп жүрөлүбү!.. “Об-бо закүнчүлөр ай, өкмөттүкүн өзүнүкүндөй көргөн ушулардыкы жаман толугу менен…..

Султан Раев: Өмүр

Өмүр Киши көзү чылк жумулуп, керең чексиздикте жатты. Анын актык деми бүтүп, кылдын учунда турду. -Сен кимсиң?! – деди киши, чочугандай. Анын жанында, бир-эки кадам арыда, кексе, ак сакалдуу, жүзүн бубак баскан чал турду. -Мен Чындыкмын, – деди чал. -Чындык, – Киши таң кала суроо узатты. – Мен сени чакырган жокмун. -Мени чакырбайт, мени издейт… Өмүр бою… – деди чал. – Эч бир жан табалбайт. -А, мен сени издегемин, акыры таптым деп сүйүнгөмүн, – деди киши. – Мен сени тапкамын. өзүм издеген Чындыкты тапкамын. -Мениби? – деди чал. -Сени… – толугу менен…..

Майрамыңыздар кут болсун!

Урматтуу мекендештер, Кадырлуу калемдештер, Баарыңыздарды улустун улуу күнү – Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Нооруз жаңы жылдын, күн менен түн теңелген жаңы күндүн майрамы. Токчулуктун, молчулуктун, берекенин майрамы. Жер жарылып чөп чыккан жадыраган жаздын, жаңылануунун, жаңыруунун майрамы. Ата бабаларыбыз бул күнү кош өгүзгө соко кошуп жер бетин жаңы жылдын эсебинен алгачкы ирет тилип, эгин айдашып, апаларыбыз көжө, сүмөлөгүн жайнатып, жаңы кийимдерин кийип жакшы тилек менен майрамдап келишкен. Бүгүнкү күнү да ошондой шаң, маанай менен майрамдап келүүдөбүз. Нооруз майрамына карата канчалаган үйдө сүмөлөк кайнатылып, канча тилектер айтылат. Жүздөгөн, балким миңдеген энелер элге, толугу менен…..

Кубанычбек Басылбековдун чыгармачылык кечеси өттү

Бишкек шаардык мэриясынын Ардагерлер эс алуучу жайында акын, котормочу К.Басылбековдун 75 жылдыгына карата чыгармачылык кечеси болуп өттү. Кечеге КР Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Кадырбеков, КР Эл жазуучусу С.Жетимишов, акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү катышты. Бишкек шаардык мэриясынын “Ардагер” мекемесинин жетекчилиги тарабынан уюштурулуп, маданий программа менен коштолду. ЖК депутаты Н.Кадырбеков К.Басылбековдун котормочулугу жөнүндө сөз кылып, “Ыйман” фонду аркылуу котормочунун 2 китебин чыгарып бергендигин айтып, Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын жана акчалай сыйлык тапшырды. Чыгыш адабиятынын, дүйнөлүк адабияттын акындарынын чыгармаларын кыргыз окурмандарына тартуулап, өз өмүрүн котормочулукка арнап койгон К.Басылбеков соңку жылдары өз калемине таандык, толугу менен…..

Гүлзада Станалиева: Мурза Гапаровдон Кавабатага, Кавабатадан Дзэнге

Мурза Гапаровдон Кавабатага, Кавабатадан Дзэнге Мурза Гапаровду тамшанып окубаган кыргыз окурманы дегеле жоктур деп ойлойм. Себеби, анын өзгөчө сезимталдык менен сүрөттөгөн турмуш көрүнүштөрү окуган адамдын жан дүйнөсүн башкача бир арууланууга жетелеп, табышмактуу ааламга баш бактырып, гөзөл бир дүйнөнү ачып эс-акылды дендароо кылат. Мындай дендароо эстетикалык таасирдин өзү эмей эмне?.. Ошентип, эстетикалык сыйкырга байланып-багынып калган окурман чын-чынына келгенде, тили бал, дүйнөсү купуя жазуучу Мурза Гапаровдун чыгармаларынын маани-маӊызын, адабияттын тили менен айтканда, көркөм идеясын деле жакшы аӊдап-түшүнө албай калышы мүмкүн. Анын себеби, Гапаровдун түрдүү дүйнөлүк адабияттын бай казынасын казып окуп, алардан өздөштүрчүсүн толугу менен…..

Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыкка сынак жарыяланат

ЖАГЫМДУУ ЖАҢЫЛЫК, өткөрүп жибербеңиздер! 📚📚📚✍️  Жаш акын, калемгерлердин чыгармачылыгына дем берүү жана колдоо максатында 🔸 «Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыкка» сынак жарыяланат. 🔹 Сынакка  18 жаштан 45 жашка чейинки  (45 жаш кошулат) акындар катыша алышат. 🔰♻️ Конкурстун максаттары:⤵️ 🔹кыргыз тилинин көркөмдүгүн, байлыгын, тереңдигин даңазалоо; 🔸 кыргыз тилинде ыр жазган акындардын арасынан мыктыларын аныктоо; 🔹акындардын талантын ачууга жана адабий жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү. ⏳ Сынактык чыгармалар 2024-жылдын 15-мартынан 15-майына чейин кабыл алынат. Байге фонду – 200 000 (эки жүз миң) сом 🏆📍Жеңүүчүлөр Ысык-Көл жээгинде жыл сайын өтүүчү  “Жылдыздуу жээк” поэзия фестивалында толугу менен…..