Толукбек Байзак: Биз тере элек нур гүлдөрү албыра, Биз чыга элек кырлар жатат алдыда

Кош мекеним!

Кош бол эми көрүшкөнчө

алсыз, жарды Мекеним.

Сени таштап көпкө дейре

алыс сапар кеземин.

Тилеп сенин тынчтыгыңды,

тилеп сага эсендик,

убайымдуу бул күндөрдө,

урматыңы сеземин.

 

Кеттим алыс, кейиш толгон

жүрөк менен кыялбай.

Жатканыңда жаш баладай

там туң басып туралбай.

Маанай чөгүп, ындын өчүп,

акыл эсиң жыялбай,

турганыңда

кайрат эркти тилейм сага

сүйүп туруп кудайдай.

 

Сага караан боло албадым,

бу капалуу күнүңдө.

Ийинимди тосо албадым,

бирок менден түңүлбө.

Биз кайтарбыз жеңиш менен

күндөрдүн бир күнүндө,

ал анткени өзүң барсың,

жүрөктөрдө, сүйүүмдө.

 

Касиетин Ата Журттун

уул эмесмин сезбеген,

алыс жерде өзүңү эстеп

сагынамын эскерем.

Бирок ушул кыйын күндө

сага берер, саа жөнөтөр,

үмүт, сүйүү, ырдан башка

эчтемем жок, эчтемем.

1993

 

Жылаңач кышты күткөн дарактарым

Жылаңач кышты күткөн дарактарым,

Мен дагы силер өсчү тараптамын.

Жазыксыз биз аяган бариктерди,

Карачы, шамал айдап баратканын.

 

Биз дагы тирүүлүктө көбүн жоктоп,

Көктөйбүз, чачылабыз силерге окшоп.

А бирок калк катары тонолбоско,

Каршылык көрсөтүүдөн башка жол жок.

 

Кордолгон сулуу сымал менин жергем,

Жан окшоп зөөкүрлөрдөн запкы көргөн.

Туудай болсок дечү элем элим кармар,

Суудай болсок дечү элем өмүр берген.

 

Кайырсыз канча күндү барактадым,

Көөдөндөн кетире албай жараат тагын,

Акчанын, арсыздыктын кулу болдук,

Кечиргин бизди бүгүн Жаратканым!

А силер табияттын кулусуңар,

Жылаңач жазды күткөн дарактарым…

1989

 

Жаштыгым

Жолун издеп көрүнбөгөн бактыңын,

Жээрип таштап күндөрүңүн шаттыгын,

Кайырчыдай тагдырыңан ыр сурап,

Кайда, кантип баратасың, жаштыгым.

 

Биз тере элек нур гүлдөрү албыра,

Биз чыга элек кырлар жатат алдыда,

Тай минишкен жаш балдардай дуулдап,

Кирип келдик жигиттиктин айлына.

 

Жүрсөк дагы ой чабытты кеңейтип,

Күлкүлөрдү күлүк күнгө өңөртүп,

Тандайбыз деп кыя жолду түз эмес,

Каршылыкты алдык белем көбөйтүп.

 

Туш тарабың кыял эмес карагын,

Айта албайсың акмын деп же карамын,

Балалыктын бал күндөрүн узатып,

Эр бүлөөнүн тартып калдык азабын.

 

Бир жашарбыз аз да болсо ыкташып.

Турмуш менен муназа таап, мушташып,

Кези келип, кол булгалап бир күнү,

Кеткичекти карылыкка учкашып.

 

Кимге керек тетир аккан ташкының,

Кимге керек кур кыялга мастыгың,

Канжыгаңа байлап алып санааңды,

Кайсы жолдо баратасың, жаштыгым?..

1987

 

Апама

Апам менен бул дүйнөгө карадым,

Апам берген сүйүү менен барамын,

Апам барда дүйнө мага бейиштей,

Апам барда мен алиге баламын.

 

Ак жол тилеп сапарыңа бараткан,

Ар мүнөттө ойлойт алыс тараптан,

Кем кылбаган мээриминен апамдын,

Кулдук сага, урмат сага Жараткан!

1988

 

Дарыялар кайда агарын билишпейт

Дарыялар кайда агарын билишпейт,

Ала тоонун ар жагынан куюлуп.

Дарыялар жансыздыкты сүйүшпөйт,

Өмүр бою ырдашчудай туюлуп.

 

Бирок жолдон күтөт канча тосмолор,

Ар кай жакка чачыратып бурушат.

Керек болсо дудук кылып кээ бирин,

Суу сактагыч көлмө кылып тынышат.

 

Дарыялар кайда агарын билишпейт,

Эркиндиктин ырын ырдап түбөлүк.

Азып тозуп алар агып жеткиче,

Алыстагы деңиз барат түгөнүп.

 

Эх, досторум, дарыялар сыяктуу,

Алсыздыкты, жансыздыкты сүйбөгөн.

Биз да өмүрдө агып шашып келебиз,

Дайралардай кайда агарын билбеген…

1990

 

Балмуздактай таттуусуң да, балмуздактай муздаксың…

Айтар элем, эгер уксаң «сүйөм» деп…

Бирок буга бүгүн көбү ишенбейт.

Кантем анан жалындасам көрүнбөй,

жазган ырым чындык эмес, төгүндөй.

Билбей калсаң, сезбей калсаң,

кетээри чын ак сүйүүмдүн жок болуп,

максатына жетпей өчкөн өмүрдөй.

 

Мен өкүнбөйм түшүнүшпөй калганга.

Чындык дайым тик туралбас жалганга.

Мен өкүнөм бир гана

сүйүү деген сезимдин,

баркын билбей бурмалап,

кеткенине кээ бирөөнүн

чөөлөргө окшоп тытмалап.

 

Дал ушундай тоолорумдун тоң кызы!

Болгондо да болуму жок чоң кызы.

Тиктеп туруп сенин муздак көзүңдү,

угуп туруп сенин супсак сөзүңдү,

тиктегендей актай дептер барагын,

тыңдагандай саясаттын сабагын,

үч көчкөндөй жададым.

 

А сен бийкеч,

ошол кезде мага арнап,

сүйүү ырларын бекер гана ырдапсың.

Кечир мени, бетиңе айтсам чындыкты

балмуздактай таттуусуң да,

Бал муздактай муздаксың.

1988

 

Күзгү сүйүү

Жыландай кыз жылытпадың жанымды,

Жек да көрдүм сенин жылтыр жагыңды,

Унчукпастан кете бердиң кош айтып,

Тек ичиме таштап коюп жалынды.

 

Күндөр өттү күйүтү жок алданып,

Күз да келди күлүп өткөн жай калып,

Күзгө окшошуп калган жокмун саргарып,

Калсам дагы калп сөзүңө алданып.

 

Кездер болбойт азыр менде күйүнгөн,

Ансыз дагы арбын максат үйүлгөн,

Башын жөлөп бир сүйүүнүн көз жумган,

Кошок кошуп тургансыймын бүгүн мен.

 

Эч айтпасмын, үмүт менден үзүлгөн,

Кайдыгердик көрө албайсың жүзүмдөн,

Көр пендеге окшобоймун эми мен,

Сүйүү адамда бир болот деп түшүнгөн.

 

Асман болбос дайым көпкөк, булутсуз,

Биз да ошондой аласы көп улутпуз,

Отко, сууга салып коюп сезимди,

Келдиң, кеттиң саясаттай туруксуз.

 

Денеме өткөн уу сүйүүңдөн туралбай,

Эстейм сени кээде чиркин кыялбай,

Жектей албайм жек көрсөм да канчалык,

Коомду жектейм сени кылган жыландай.

 

Жашайм, күлөм, жалындатып куракты,

Ыйманымдан сызып салбай уятты,

Татыш үчүн даамын дайым жаштыктын,

Кудай кийин бере койбос убакты.

Сүйүүнүн да өтөт тура мезгили,

Табияттын  күзү болгон сыяктуу.

1986

 

Акын алсыз деген адам жаңылат

«Акын алсыз» деген адам жаңылат,

Акын күчтүү, ага көптөр багынат.

Сен кыйналган, сен ооруган кездерде,

Турсам деймин ырым менен дарылап.

 

Биз жашаган ушул чиркин өмүрдө,

Алешемдик тийип бүткөн көңүлгө,

Каалайсыңбы бүт бардыгын унутуп,

Ырдап берем жалгыз өзүң жөнүндө.

 

Калсам дагы убакыттан кечиге,

Салгым келет бир нерсени эсиңе.

Өзүм дайым кудай туткан ырымды,

Кулдай кылып жумшап берем өзүңө.

 

Болсоң дагы сен бүлөөсү бирөөнүн,

Өзүңү издеп, жоктоп турар жүрөгүм.

Махабатсыз мааниси жок бу жашоо,

Махабатсыз мааниси жок бул өмүр…

1986

 

Неге жүрөк ургулайсың тынчыбай

Мас адамдай келип турат кулагым,

Мен бактылуу болгон кезде сүйүүдөн.

Ак карасын аңдабадың анчалык,

Анан неге мен мынчалык күйүгөм.

 

Кайдигерлик жебе болуп сайылган,

Чоктой өчтүм, чоочуркадым, чүнчүдүм,

Түн оокумда коңгуроодой кагылган,

Укпай койдуң жүрөгүмүн түрсүлүн.

 

Өмүр бою көкүрөктө катылып,

Өмүр бою үн безеген ырчыдай.

Бүлкүлдөгөн бир сырымды жашырып,

Неге жүрөк ургулайсың тынчыбай?

1988

 

Сактасам дейм жүрөктөрдү үшүгөн

Бир түп өрүк мен жашаган короодо,

Эрте жазда эрте гүлдөп алыптыр.

Түркөй мезгил түк түшүнбөй сүйүүсүн,

Ызгаар бүркүп бүт үшүтүп салыптыр.

 

Табияттын тамашасын карагын,

Баары тегиз байланыштуу сезилет.

Өрүк сымал жүрөктөгү сүйүүнү,

Эрте үшүтүп салган жандар кезигет.

 

Азап тарткан сагынычтан, күтүүдөн,

Азаматтын арман күүсүн түшүнөм.

Сарсанаага салып жүрөм өзүмдү,

Сактасам деп жүрөктөрдү үшүгөн.

1987

 

Депрессия

Чаалыккан жылдарымдын бекетинде,

Чарчабас үмүттөрдү турам күтүп.

Чыкыроон деми менен дирилдеткен,

Чаржайыт бу жашоодон барам үшүп.

 

Бу кандай окшош күндөр каран калгыр?

Чыгарбай февралдын күрмөсүнөн.

Өзүмдү өзүм издейм чабалактап,

Өзүмчүл караңгылык түрмөсүнөн.

 

Адам да саясаттай өзгөрүлмө,

Ал чындык, болбой чыгат күткөнүңдөй.

Ойлор да бири бирин турат талап,

Ыркы жок бир айылдын иттериндей.

 

Ачылбай сырың калып аяр туткан,

Жазылбай ырың калат баштабаган.

Тыңчыдай бурулуштан күтөт аңдып,

Жалгыздык сени унутуп таштабаган.

 

Өкүнбөй бу өмүрдүн өтөсүндө,

Айлардын караңгы, айсыз кечесинде,

Баратам караан кылып жалгыздыкты,

Эчаккы эскерүүнүн көчөсүндө,

Эскирген арман күндүн бекетинде…

2017

 

Күз шолоктойт тереземдин түбүндө

Күз шолоктойт терезенин артында,

Күнү боюу айтып бүтпөй күйүтүн.

Ошондо да жүрөгүмө от калап,

Ошондо да дем бересиң, үмүтүм.

 

Дал ушундай муздак, жаандуу кечтерде,

Жан дүйнөмү чулгайт неге муң басып,

Дарылаймын эч ким сезбес дартымы,

Сарсанаалуу, сагынычтуу ыр жазып.

 

Аздап берген таттуусуна алданып,

Чиркин жашоо кызыгына тойбодук.

Мурункудай терезеге жөлөнүп,

Сен да эмнени турдуң экен ойлонуп?

 

Тез жоголот оңой келген нерселер,

Топук кылам ошон үчүн бүгүнгө,

Күнү бою айтып бүтпөй күйүтүн,

Күз шолоктой тереземдин түбүндө.

2018

 

Күз нөшөрү

Бир өмүргө күз да келет,

Муңайбайлы курдашым,

Жайдын соңу күз да демек,

Төксүн нөшөр, ыйласын.

 

Жүрөктөгү кусалыкты,

Кимдер келип жаза алат?

Жан аздырган ызабукту,

Турсун нөшөр тазалап.

 

Бир катаны турмуштагы,

Эртеби кеч төлөйсүң,

Бир арманды көңүлдөгү,

Өмүрүңө бөлөйсүң.

 

Жаңылбастыр кудай гана,

Жүрөк тынбай ырдасын,

Күз ыйласын сен ыйлаба,

Көтөр башты, курдашым!

2018