Зинакан Пасаңова: Залкар акындын музасы, акын жана романист Меңди Мамазаирова 80 жашта

Залкар акындын музасы, акын жана романист Меңди Мамазаирова 80 жашта Белгилүү акын-жазуучу, драматург, Кыргыз Эл акыны Менди Мамазаирова эженин кыргыз адабиятында өзгөчө орду бар. Залкар талант Жолон Мамытовдун музасы, татыктуу жары жана акындын адабий казынасынын мураскору болуу милдети эженин жеке чыгармачылыгын арткы планга сүрүп коюшу мүмкүн эле. Бирок, оргуштаган талант менен чыгармачылык эргүү Меңди эжеге тынчтык бермек эмес. Көөдөндү ургулаган жаратмандык ышкы, турмуштун миң тамырынын сокконун туйган сезимталдык, сергек эс-акыл жана профессионал инсандардын ордосуна жаштайынан аралашып калуу тагдыры кыргыз адабиятына таланттуу калемгерди берди. Меңди Мамазаирова кыргыз окурмандарына 70-жылдары тааныла баштаса, ошол убакыттан бери көркөм сөз өнөрдүн жүгүн моюбай көтөрүп, калемгерлердин сап толугу менен…..

Зинакан Пасанова: Жаңы жыл жана жан кечти

Жаңы жыл жана жан кечти (аңгеме) Кечээ түнү жатарда унутуп өчүрбөй койгон уюлдук телефону таң заарлап күү чалды. «Nokiaнын» экранынан тааныш сандарды көргөндө Кымбаттын жүрөгү шуулдай түштү. Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы чалып жатат. Дагы кайсыл жерде эмне болуп кетти экен?! Жаңы жылдын биринчи күнүндө таң эртелеп издегенине караганда жакшы кабар эмес. Түнү бою жаңы жыл тосуп, жамгырдай жааган майрамдык салют-фейерверктерден дүңгүрөп, коюу жана ачуу түтүнгө какаган шаар таңга маал гана тынчыган. Таң агара баштаганда ак кар жамынган дүйнө мемиреп жымжырт эле. Терезеден көпкөк тунук асман көрүнөт. Мындай аяздуу толугу менен…..

Зинакан Пасанова: Уулума кат

Уулума кат (ыр түрмөк) Перзент Ак-карасы аралашып бириккен, Аңтарылып акса дүйнө жиниккен. Ала-салбай, бек карматкан өзүмдү, Балдарыма байлап турган илинчек.   Жол арбыта жүрмөйүнчө билбеген, Жадаганда жалганы көп дүйнөдөн, Жашоого мас жаш баламдын жарыгы, Жаз чакырат жан дүйнөмө кирдеген.   Уяң мүнөз, мажүрөөмүн, чабалмын, Түз эместир дайым эле кадамым. Арданбасын деп азамат уулдарым, Ар-намысты гана бийик кармадым.   Элдей эле пендечилик жактарым, Улуулугум: энелик барк-салмагым. Улашар деп өмүрүмдүн  чаласын, Уулдарыма улуу үмүт артамын.   Турмушумдун катасы көп бейчеки, Түзөөр аны артымдагы перзентим. Өз ордумду басуучулар турганда, Өмүрдөн эч арманы жок толугу менен…..

Зинакан Пасанова: Көшөгөсүз колукту

Көшөгөсүз колукту (аңгеме) Коңшу аялдар кезектеги шеринеге адаттагыдай эле өздөрү жашаган көчөдөгү чайканага чогулушту. Он жылдан бери ай сайын ушул жерде аш жешет. Эки кабаттуу, короо-жайы кенен, чыгыш үлгүсүндө курулган сөөлөттүү чайкананын кардары көп. Биринчи кабаттагы жайлуу бөлмө атайын алар үчүн бөлүнгөн. Анын жапыз жыгач сөрүсүнө жер төшөктөр калың салынып, суук күндөрү темир меште от алоолоп күйүп, ал эми тейлөөчү кыздар жүгүрүп кызмат кылат. Бул чайкана ээсинин аларга көрсөткөн коңшулук ызааты эле. Ошону үчүнбү аялдар шеринеге кушбак көңүл менен келип,  шарактап сөз талаша сүйлөшүп, каткырык-күлкүлөрү да короонун дарбазасына чейин беймарал толугу менен…..

Зинакан Пасанова: Колуңду берчи, жакшы адам

Колуңду берчи, жакшы адам (аңгеме) -Кутуча толуптур, – деди уулум Курман айтка бир күн калганда. -Эсептеп көрчү, канча болду экен? -Санап чыктым: эки жарым миң сом чогултуппуз. Экөөбүз тең унчукпай калдык. Айлап топтогон тыйыныбыздын аздыгына ичим чыкпаса да, жээрге нан таппай отурган дагы бирөөгө жок дегенде бир апталык оокат болор деген ойдо өкүнүчүмдү бастым. Капкагынын ортосу тыйын баткыдай болуп тилинген калай кутуча үйүбүздүн кире беришиндеги текчеде турат. Күн сайын сырттан келгенибизде чөнтөк, баштыгыбызды аңтарып, колубузга илинген тыйын-тыпырды ага салып коюп, анан үйгө кирчүбүз. Бул кайрымдуулук кутучасы – уулумдун демилгеси. Менин толугу менен…..

Зинакан Пасанова: Ажалдын көзү

Ажалдын көзү Аңгеме Ажалдын ырайымсыз суук көзүн биринчи жолу көргөнүмдө жыйырма беш жаштагы келин элем. Бул куракта өлүмдү каяктан оюңа аласың. Өмүрдүн күндөрү түгөнгүстөй сезилет. Алдыда кызыктуу жана түбөлүктүү жашоо тургансыйт. Бирок ажалга көкүрөк тосуп чуркашка мажбур кылган кыйын кезеңге да туш болдум. Дал ошондой болду. Бир жерде жашаган эки улуттун кандуу кагылышы башталган алаамат күндөр эле. Шаардын көп көчөлөрүн өрттүн жалыны менен түтүнү каптап, адам каны төгүлүп, жүрөктүн үшүн алган коркунучтуу “имиш-имиштер” телефондон, вотсапптан, интернеттен селдей күргүштөп агып келип жаткан. Биздин көчөнүн эли да дүрбөлөңгө түштү. Көчө башында он толугу менен…..

Зинакан Пасанова: Аял сыры

Аял сыры (аңгеме) Аял ойгонуп кеткенде жер жарый элек экен. Терезеден агарып кирген көчө шамдарынын бүлбүл шооласынан боюн качырган караңгылык жымжырт болуп уюп турат. Чоң жолдон тынбай өтүүчү машинелердин доошу сээлдеп калыптыр. Кез-кезде гана жалгыз-жарым машиненин күңүрт доошу угулат. Түн шоокумун тыңшаган аял таң атаарга али узак экенин боолголоду. Күнүгө ушу. Түн жарымынан оогондо капыстан ойгонот да, көздөрү чайыттай ачылып уйкусу качат. Бүгүн да жүрөгүн мыкчыган белгисиз кыжаалаттык аны кайра уктата койчудай эмес. Күйөөсүнүн дем алышына караганда ал да ойгоо жаткансыйт. Бирок, аялынын түйшөлүп ойгонгонун билсе да бурулуп карабады. “Балдарын толугу менен…..