Бектуруш Салгаманинин чыгармачылык кечеси болуп өттү

Поэзия – бул тагдыр. Мына ушул тагдырды аркалаган авторлордун бири Бектуруш. Бул акындын ырлары жаздыктын алдына жаздап алып окуй турган поэзия. Поэзия жөнүндө, акын жөнүндө сүйлөөнүн кажети жок, аны окуш гана керек. (Ж.Бөкөшов)

Бектуруштун махабат темасында, ашыглык лирикасында өзүнчөлүгү бар. Ашыктык анын жүрөгүндө жаш чагынан, бала күнүнөн бүгүнкү күнгө чейин сакталып келгенин ырларынан сезип, туюп атабыз. (Т.Самудинов)

Бектуруштун ырларын алгач жазгандан ушул күнгө чейин карап жүрөм. Ырларын окуганымда анын жазганы кыргыз ырынын рамкасына сыйбаган, башкача ырлар экен, уйкашы жок эле жаза бербейби деген ойго келгем. Себеби уйкаш авторду кысып аткандай, муун-саптары таптакыр эп келбей жаткандай, ошондой саптар аны тушап, кысып аткандай эле көрүнө берчү. Уйкашы жок эле төгүп жаза берсе мыкты ыр боло турган. Себеби акын деген акын болуп туулуп, дүйнөнү акындарча көрүшү керек. Аты жок китеп дегени абдан туура болгон. Себеби кандай ат койсо дагы ичиндеги ырларга тар келет. Китептин ичинде аалам бар. (С.Кайыпов)

Бүгүн Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык коллледжинде акын Бектуруш Салгаманинин чыгармачылык кечеси болуп өттү. Аталган окуу жайдын директору Түмөнбай Колдошовдун уюштуруусу менен өткөн кечеге Т.Самудинов, С.Кайыпов, Ж.Бөкөшев, Э.Нурушев, К.Бакиров, Б.Шамшиев, Ж.Саалаев, Б.Сарыгулова ж.б. адабиятчылар, акын-жазуучулар, ыр күйөрмандары катышты.

Кечеде автордун Аты жок китеби боюнча баяндамалар жасалып, ырлары көркөм окулуп, обондуу ырлары ырдалды. 2 саатка созулган адабий кечеге Д.Керимов модераторлук кылып, жалпы күйөрмандарга жагымдуу маанай тартууланды.