Афина Абдылдаева: Жоголгон саат

Жоголгон саат (аңгеме) Бишкектеги азыркы ГКНБнын имараты турган жерде мурда финансы-кредит техникуму болгон. Имараттын эскилиги жеткендиктен 1959-жылы Жаш Гвардия менен Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы үч кабат окуу жайы жана батыш жагында жатакананын имаратынын курулушу салынып жаткан. Пайдаланууга бериле турган болуп, бүтөөр кезде техникумдун жетекчилери биринчи курсту бүткөн студенттерди каникулга жибербей, кара жумуштарды жасатуу үчүн алып калышты. Жаңы жаркыраган имаратта күзүндө биз биринчи болуп окуйбуз, -деп, кудуңдаган дүмбүл жаштар шатырап, кыйналдык-кысталдык дебестен кыздар терезелердин айнегин, эшиктерин, полун жууп-тазалап, уландар болсо курулуштун акыр-чикирлерин оор замбилдерге салып, сыртка ташып чыгарып жатышты. Күндөрдүн биринде толугу менен…..