Баяс Турал: Мөңкүп аккан дарыянын кыймылы бар канымда

Бийиктик жана биримдик

Турмуш өзү майдалардан куралат деп айтышкан

бизден мурун жашап өткөн адамдар.

Майда кумдар биригип,

пайда кылат үйдөй болгон таштарды.

Аскалар да пайда болот биригишкен таштардан.

А аскалар бир-бирине кошулуп, айланышат тоолорго.

Тоолор анан бири-бирин толуктап,

көтөрүшөт көк тиреген улуу, бийик чокуну!

 

…Биз да акырын тоолорго окшоп өссөк дейм.

Тоолорго окшоп умтулсак дейм биз дагы

бийиктикке күнү-түн!

Тоолорго окшоп жашасак дейм кыргыздар-

Азиянын асманын төбөбүзгө көтөрүп!

 

Тоо жана мен

Мен тоолордун арасында төрөлгөм.

Тоолорго окшоп сыймыктуумун,

салмактуумун, бийикмин!

 

Тоолор майда кум менен

топурактан турат дешип айтышат.

А мен үчүн бул тоолор

Сыймык менен Бийиктиктен жаралган!

Сулуулукка, көз уялткан кооздукка

толо тоонун арасы.

Толо тоонун арасы арчалардын жытына.

Тоо арасы толо укмуш табышмактуу сырларга.

Кайсыл жерде жүрсөм да

көздөн учат айылымдын карааны.

Уктап жатсам, аска-зоонун араларын жаңыртып,

түшкө кирет ырларым.

А ойлорум учуп жүрөт күнү­түн

обологон чокуларды айланып!

 

Фудзияма тоосу жана жапандар

Бою жапыз, ою бийик бул элдин

үзбөй улап келаткан салтына мен таң калып,

Фудзиямага чыгып бара жатышкан

жапандардан сурадым:

“Эмнени издеп чыгып бара жатасыңар ал жакка?

Ак кар баскан анын бийик чокусуна эмне бар?”

 

Чыгып бара жатышкан улан­кыздар айтышты:

“Японияны чокудан көрүү үчүн чыгып бара жатабыз”.

Түшүп келе жатышкан карыялар айтышты:

“Японияны көрүп түшүп келатабыз бийиктен”.

 

Чокуларга чыгуу дагы жөнөкөй бир иш эмес.

Жапыз эмес анан дагы Фудзияманын чокусу.

Чыгам деген адам эле чыга албайт төбөсүнө ал тоонун.

Фудзияма япондордун түшүнүгүн кеңейтип,

үндөп турат Бийик болуп, Сулуу болуп жашоого.

Фудзияма сырттан келген адамдардын баарына

жапан калкы ата салтын

ыйык туткан эл экенин турат дайым көрсөтүп.

 

Келечекти көрдүм бүгүн түшүмдө

Келечекти көрдүм бүгүн түшүмдө:

Жылдыздарды аралап жүрдүк көпкө сүйлөшүп.

“Эмне үчүн кеч келдиң?” дейт ал мага.

Келип калыш керек эле деп сени,

көп жыл болду күткөнүмө жол карап.

Келбей калса эл-журту

эмне болот деп ойлодум өзүмчө?

Кырсыктан тыш болсо экен деп,

өмүрүңдү тиледим мен күнү­түн.

 

Келечекти көрдүм бүгүн түшүмдө:

Улуу Тоонун чокусунда экөөбүз

көпкө чейин отурдук.

Улар болуп учуп жүргөн кубанычты көрдүм мен.

Сулуулукту көрдүм чексиз бактылуу.

Сүйүүлөргө толуп турган жүрөктөрдү көрдүм мен.

Көрдүм көктөн ар-намысты бүркүт болуп айланган!

Жылдыздарды көрдүм мен

балдар болуп күлүп турган асманда.

 

Келечекти көрдүм бүгүн түшүмдө:

Күндүзү Күн төбөбүздө айланып,

А түндөсү Айдын нуру турду бизге төгүлүп.

 

Төгөрөктүн төрт бурчунан келди элдер.

Бир очокту тегеренип отурдук биз баарыбыз.

Санжырасын айттык улуу Кыргыздын.

Манасчылар айтты Манас тууралуу,

Кошой, Төштүк тууралуу.

Кыргыз элин даңктаган ырларды ырдап тарадык.

 

О Улуу Тоо – Асман-Жердин түбөлүктүү түркүгү!

О Кыргыз Эл – байыркы Огуз калкынын уюткусу,өзөгү!-

көрдүм бүгүн түшүмдө мен силерди.

 

Сыймыктануу

Сырты бопбоз болгон менен бейишке окшоп, о Байас,

бул тоолордун ичиндеги сулуулукка сөз жетпейт!

 

Мен жылыга шаардан келип,

буркураган жыпар жытка мас болом.

Түркүн түстүү гүлдөр мында шамга окшоп,

күнү­түнү күйүп турат балбылдап.

Жаш сулуунун кыялындай

кызгалдактар назик, таза, кыпкызыл.

Арык бойлоп,

бийлеп жаткан камыштардын ырлары

сезимимди кытыгылап уктатпайт.

Тоодон соккон желаргынын колдору

сылайт менин чачымдан.

Айлуу түндө суу жээгиндеги ак кайың

улам-улам колун булгап чакырат.

 

Таңда туруп, тоо тарапты карайм да,

Бабалардын арбагына ыраазылык билдирем:

Бейишке окшош тоолордун арасында жашаган,

Кыргызга окшош бактылуу

бир дагы элди көрбөдүм.

О, кыргыздар,

бар болгун, бакубат жүр дайыма!

Элиң дагы, жериң дагы керемет –

бактың Байас кут болсун!

 

Салыштыруу

Мен өзүмдүн жаш кезимди көрөм сенден дайыма.

Нары­бери өткөндө

угамын мен өзүмдүн кыңылдаган үнүмдү.

Издеримди көрөм суунун жээктеринен быйтыйган.

Кулунчакты ат кылып,

ойноп жүргөн балалыгым көрөм мен.

 

Туйлап турган чөптөрдү тебелегим келбестен,

басам төтө жолдордун такырайган таманында абайлап.

Мен анткени ушул жерде келгем жарык дүйнөгө.

 

Андан бери кырк жыл өттү чубашып.

Мен ал кезде жаш элем,

байчечекей гүлүндөй аппак элем, таза элем.

Аскада өскөн арчанын балатысы болчумун.

Бүркүттүн жаш балапаны сыяктуу

канаттарым алсыз эле, кыска эле.

Ээрчип ууга чыга элек күчүгү элем илбирстин.

 

Азыр болсо башкамын:

Өйдө турсам,

көрөм кошуна элдердин бүт баарысын.

Балтыркандын карагайы сыяктуу өскөн боюм узарып.

Он-Ачардын чокусу окшоп,

төбөм менин тийип турат Асманга!

 

Тоо жана согуш

О Улуу Тоо, сен согуштун эмне экенин билесиң?

Сага эми кереги жок согуштун.

Эми эч качан тагдыр аны көрсөтпөсүн кайталап.

 

Бир убакта адамдардын күчтүүсү

кордоп турган алсызын.

Бечаралар эптеп­септеп күн көргөн

көлөкөдө жүрүшүп.

Эки айылдын иттери талашышып кеткендей,

уруу-уруу болушуп,

урушушуп турушкан бир убакта тоолуктар.

Эми эч качан тагдыр аны көрсөтпөсүн кайталап.

 

Күзүндөэле кар басып,

каптап калган чокуларын тоолордун.

Согуш болсо, энелердин чачтары

агарып калган эрте эле.

Эми эч качан тагдыр аны көрсөтпөсүн кайталап.

 

О, Улуу Тоо, канча жолу тарттырып,

канча жолу душмандан тартып алгам мен сени!

Миң­миңдеген баатырлардын башы кеткен

коргоп жатып силерди!

Сага эми кереги жок согуштун.

Ал анткени сен согуштун эмне экенин билесиң.

Эми эч качан тагдыр аны көрсөтпөсүн кайталап.

 

Умтулуу

Бүркүт шаңшып, улар учкан тоолордун

арасында жашап келген атам­энем мал багып.

Карагайлуу капталдарда кожогат жеп, гүл терип

калган менин бала чагым кармалып.

 

Жаркыраган жакшынакай үмүттөргө жык толгом.

Жаралгам мен күндүн нуру аралашкан сезимден.

Силерге окшоп, о тоолор, өскүм келет оболоп!

Силерге окшош болсом деп,

эңсейм жапжаш кезимден:

Менин дагы төбөмдө бүркүт учуп жүрсө дейм;

жылдыз күйүп турса дейм менин дагы төбөмдө;

жарык чачып турса дейм так төбөмдөн аткан таң;

мага дагы теңелсек деп,

суктанса дейм менден кийин өсүп келе жаткандар.

 

Акын болсом деп ойлоном күнү­түн:

өз элимдин кайгы­муңун, кубанычын ырдаган.

Канткенде мен адамдын

“адам” деген атын өйдө кыла алам?

 

Силерге окшоп бийик болуу

кыйын, тоолор чынында.

Адам болуу андан дагы кыйыныраак а, бирок.

Аны мезгил өткөн сайын көрөсүң.

Ал анткени бийик тоонун чокусунан

бийик чыныгы адамдардын төбөсү!

 

Мен уулуңмун,

о, чокусу нур чачып күйүп турган Улуу Тоо!

Аска менен Бийиктикти элестетет

менин оор мүнөзүм.

Менин жүзүм күлүп турган гүлгө окшоп,

арча менен карагайдын жытын чачат

чачтарымдын арасы;

мөңкүп аккан дарыянын кыймылы бар канымда.

Ал анткени сенден аккан сууларды ичип, жашымдан

суудай тунук сенин таза абаң менен дем алгам.

Сенин бийиктигиңди чоңойгом мен

өз каныма сиңирип!

 

Уулумдун өтүнүчү

Тоого баргым келет менин атаке,

ала барчы өзүң менен суранам.

 

Көргүм келет сен төрөлүп, сен чоңойгон жерлерди.

Сен жашыңда баскан ичке жолдор менен

баскым келет менин да.

 

Көргүм келет түркүн куштун үнүнө

толуп турган тоолорду.

Түркүн гүлдүн жытына

аңкып турган токойлорду баскым келет аралап.

Көргүм келет

жылдыз толгон кең асманды жамынып,

уктаганын түндө бийик чокулар.

Көргүм келет бир чокудан экинчи бир чокуга

таң аткыча жылдыздардын учуп өтүп жатканын.

Ай отурган карагайдын учтарын көргүм келет атаке.

Көргүм келет кийиктердин жайылып,

чыгып бара жатышканын Асманга!

Көргүм келет балапанын үйрөтүп учуп жүргөн бүркүттү.

Көргүм келет чагылгандар бийге түшкөн чокуну.

Көргүм келет булакка суу ичкени булут түшүп келгенин.

Көргүм келет оодарылып агып жаткан сууларды.

 

Көргүм келет

сен көпөлөк кубалап ойноп жүргөн талааны.

Көргүм келет жолдо бара жатканда

суурлардын мени тиктеп турганын.

Көргүм келет эчкини айдап түшөм деп,

сен камалган үңкүрдү.

Көргүм келет аскаларга жабышкан

арчалардын тамырын.

Көргүм келет күндөн түшкөн үнгө окшош

жөргөмүштүн желесин.

 

Тооого баргым келет менин атаке.

Ала барчы өзүң менен суранам.

Эгер эртең менин уулум чоңоюп:

“Көрсөт десе, чоң атамдын конушун,

мен уулума кайсыл жерди көрсөтөм?

“Кайсыл жерде жашаган деп сурап калса чоң атам”,-

эмне деп айтамын мен уулума?..

 

Көргүм келет сен төрөлүп, сен чоңойгон жерлерди.

Сен жашыңда

баскан төтө жолдор менен баскым келет менин да.

Сен көрсөткөн тоолорду

көрсөткүм келет мен да кийин уулума.

 

Суроо

-Кайсыл жактан келатабыз ата биз?

Мындан нары эми кайда барабыз?

Сыр-Дарыя кайсыл тоодон башталат?

Кайсыл көлдөн анын суусун алабыз?

 

-Улуу Тоодон келатабыз уулум биз,

Улуу Тоого баратабыз кайрадан.

Сыр-Дарыя Улуу Тоодон башталат.

Деңиздерге куят барып дайралар.

 

-Кайда уясы көктөгү учкан бүркүттүн?

Кайда журту бабалардын байыркы?

Эртең үйдү кайсыл жерге тигебиз?

Кайсыл жерге кондурабыз айылды?

 

-Улуу Тоодо бүркүттөрдүн уясы.

Биз түбөлүк Улуу Тоодо болобуз.

Туран – биздин түпкү ата журтубуз

Эртең дагы Туранга биз конобуз.

 

Рерих

Ыр  китепти окугандай окуган ал тоолорду.

Анан аны асман түстүү боекторго айлантып,

аппак, таза кагаздарга сүрөттөрүн түшүргөн.

 

Тоолор менен маектешип отурган

таңдан кечке чарчабай.

Тоолор ага айтып берген

байыркы улуу дастандарды, ырларды.

Боз үйлөргө киргенсип, кирген Тоонун ичине.

Жүргөн күн-түн

Көктөн келген духтар менен сүйлөшүп.

(Өзү дагы“тигил жактан” Жерге келген жан эле.

Тигилердин тилин ал

ошондуктан абдан жакшы түшүнгөн).

 

Деңиздердин түбүнөн бермет издеп

сүзгөн суучул сыяктуу,

Ал тоолордун ичинен издеп жүргөн

улуу, бийик ойлорду.

Гениалдуу боекторду тапкан анан

ал тоолорду аралап.

 

Тоолор менен аралашып жашаган.

Жайдын ысык түндөрүндө жаткан ал

улуу, бийик тоолордун чокуларын кучактап.

 

Тоонун сырын, табиятын түшүнгөн.

Тоолорду ал өмүр бою сүйгөн такыр талбастан.

Өзү да анан тирүүсүндө кеткен Тоого айланып!

 

Кеч күз

(этюд)

Жер үстүнө кыйгач тийип кайыйт күндүн нурлары.

Жайкы ысыктын табы жок, сары адырлар сумсаят.

Кызыл оттон чыккан жалын азайып,

өчүп барат акырын…

 

Жайы менен кулагымдын тынчын алган

түркүн куштун үндөрү ээрип кеткен абага.

Адыр түзгө кыроо түшүп, таңга жуук

көк муз каптап булактардын жээктерин,

ойго баткан оор жымжырттык

уюп жатат талааларда көлкүлдөп.

 

Мордон чыккан коюу түтүн уюлгуп,

жылат жердин бети менен жайылып.

Коргошундай кара күрөң булуттар

көктү каптап жерге күүгүм түшүрөт.

 

Кырс деп сынган бутак үнү

түнт токойду жаңыртат.

Жерди айланып качып жөнөйт боз коён.

А короздор таң ата элек кыйкырып,

айылдын бүт үйлөрүн ойготушат уйкудан.

Чыйрыктырган шамал согот тоолордон.

Кеч күз алсыз обон менен ырдайт ырын акырын.

Эң акыркы жалгыз алма топ этип,

түшөт жерге үзүлүп…