Кожогелди Култегин: Чырактар жарк эткенсип – киргенде сен, Чырайга чыга түшчү ресторан да!

Качып барам

Сынгандай катар турган чыны жайнап,

Сынды бүт жүргөн сага сыйым арнап –

Супсулуу, мен сыйынган чырайыңдан

Сур жылан чыккан үчүн зымыраңдап…

 

Мээримиң сезер элем куштап улам,

Мээленет жебең азыр туш жагыман.

Тебетей ичиндеги башым тоңот

Телефон номуруңдун муздагынан.

 

Ырдасам – жалгыз өзүң угуучум-ай,

Ыргакка төнүп кетчү сулуу чырай.

Экөөбүз кирчү залдан корком азыр

Экран ичинен сен чыгуучудай.

 

Жок эле ашык сөз да, ашык шамал,

Жолубуз, катар бассак, ачык жалаң.

Ал мезгил – азыр мага концлагердей,

Арт жакты карап койбой качып барам.

 

Шопен

Кайрыктарын карачы –

Касиет-сыр санаты!

Сүйкүмдөнө жүгүргөн

Шүүдүрүмдөр парады!

 

Тообо менен жолук, бар,

Толбой жүрсөң – толуп шар!

Сүйүнүчтүн сүтүнө

Сүңгүп чыккан добуштар!

 

Секет сезим – ак маңдай

Сени беттеп качкандай.

Гүлгө конуп күмүш таң,

Күлүмсүрөп аткандай!

 

Мөлтүрдү да тазартаар!

Мөлмөлдү да жашартаар!

Ырыскысы гүлазык,

Ырахматтын базар, шаар!

 

Тоо-талаадай кайкалап,

Ноталары ай тамак.

Шоруңдан да арылтар

Шопенди уксаң кайталап!

 

Көздөрүм менин

Көздөрүм менин – көчүгү ачык шок балдар.

Көздөрүм менин – бутуна чейин балдардын

жорголоп келген көгүчкөн аттуу көзөлдөр.

Көздөрүм менин – кыткылык атып, кыткылык,

көгүчкөндөргө балдардын

ыргыткан таруу-жемдери.

Ыраазы болдум Кудайга

ыр окум убак ичинде

ылайык көрүп ушунча мага көз берген!

 

Жаңы кыш

Айып бир болбос апкаарыш –

Аксак из көрдүм, аксак из…

Өнө бой зыркыраганда

Өксөөсүн калган сактап из.

 

Армандын баары айдалар

Айла бар сымал, айла бар!

Шарт өзү жөнөй берүүчү

Шашылган жолдор – дайралар.

 

Ай-аалам, үйлөр, бак-шагы,

Аппак да, тымтырс, жапжаңы.

Чокуда атым кошкуруп –

Чочутуп ийе жаздады.

 

Арча-Көл музун калдайтып,

Асманды карайт жан балкып –

Тамганы окуур айнекти

Тагынып уктап калгансып.

 

Жаңы кыш – жалжал, жаңы кыш!

Жалыныш керек, жалыныш…

Жаш кезек болсо жарашмак

Жар бол деп ага чамыныш!

 

Жолуктук

Үстүдөгү бир топ жылды жыйылган,

үстүдөгү сансыз күндү үйүлгөн

бир ирмемде эки жерден ча-арт жарып,

биз, экөөбүз көмөлөтө, жумалата аңтардык!

Жоп-жоош болуп, момурап,

жолугушуп турдук анан эки бирдей желмогуз!

 

Сынган жолдун учунда

сылык жансың көзүнө жаш байланган.

Үзүк жолдун учунда

үбөлөнүп кете жаздап мен турмун.

 

Бирге олтурсак кайра баштан көнүшүп –

бирде сенин, бирде менин демим уу!

Жайлоодогу жалпаңдаган көпөлөктөр кейипте

жайнап учат экөөбүздү айланып:

биздин күндөр – күлкүчү да, күнөөкөр,

биздин гүлдөр – теңир карай созгон дайым колдорун,

биздин сааттар – тайраң-бий,

биздин бактар – бизди ааламдан жашырган!

 

Бир “көпөлөк” конуп сенин меңиңе,

бир башкача зилдеди…

 

Актанганга сөз жетпесин түшүндүк.

Мактанганга ашыкча экен ар бир үн.

Кактанганга өткөн күндөр табына

калдык шүгүр келтирип.

Узун-туура, оң-тетири – ич дүйнөбүз, туюмдар

ууру оодарып кеткен сумке сыңары…

 

Үстүдөгү бир топ жылды жыйылган,

үстүдөгү сансыз күндү үйүлгөн

көрсө, экөөбүз бир убакта ча-арт жарып,

көмөлөтө, жумалата серпиппиз

жерде эмес да, көктө эмес,

жедеп күйгөн өзүбүздүн жүрөктө!

 

Жүрөк… жүрөк… жүрөктө

жүрө берсин, кала берсин деп чечтик

жер үстүндө жүргөн сен, мен баштанган

желмогуздай жаракаттар, кемтиктер…

Желмогуздай жаракатпыз, кемтикпиз…

 

Булбул

Закымдын тамыр кагышын

Сайраган сайын – жаңычыл!

Бул дүйнө менин энчимдей

бурчунда булбул бар үчүн!

 

Жакшылык-нени буралган

Жаткансыйт тилеп Кудайдан!

Шаттыктын келген түпкүрү –

Шакшактай шалкы муң-арман.

 

Буркурай сайрап – кооздоп нур,

Булбулдан өткөн дос жоктур!

Тырмагын кыркып жаткан да

Ыргагын анын коштоп тур.

 

Сенектен бери камтыган,

Сезимди жарчу таңшык ал!

Жүрөкчөлөрдүн учунда

Үзүлбөй жаткан тамчы бар…

 

Жер беттеп булбул конбосо,

Жеңил баа болмок орду ошо –

Каралжын тартып гүлдөр бүт,

Карасурланмак ой кошо.

 

Көксөөнү басар үндүүлөр –

Көздөн тыш деле үлгүлөр!

Кыямат келсе – ошол го

Кыйратпай баарын үлгүрөр!

 

Булбулдай чакан жер дагы…

 

Эстечи эми

Жалбырттап сен, сен элең – оюм баары!

Жалгыз саа баштап баскан жолум дагы!

Шилиден ылдый карап турсам – нак мен

Шилтенип аткан калем колумдагы!

 

Кызгантып – иттер карап үргөн багыт,

Кыналдың кыналгандай күйгөн жарык!

Дүп этип сени сүзүп алычудай

Дүмүргө мүдүрүлсөм – дүйнөм тарып…

 

Бир-бирин Чыгыш, Батыш беттеп айда-а(!),

Бир күүнү Түндүк, Түштүк черткен анда!

Чырактар жарк эткенсип – киргенде сен

Чырайга чыга түшчү ресторан да!

 

Кароодон талбайт элем кечке сени,

Калганы кунарсыз деп… эстечи эми –

Катыра карап күндү… күндөн кийин

Карайлап көрбөгөндөй эчтекени…

 

Жалбырттап сен, сен элең – оюм баары!

Жалгыз саа баштап баскан жолум дагы!

Шилиден ылдый карап турсам – нак мен

Шилтенип аткан калем колумдагы…

 

Байкоос албайт адамзат

Алга! Алга! Алгалайт

адамзада төрөлгөндөн өлгүчө.

Алга менен данга жетет, малга жетет бир далай!

Жарга жетет жарык жүз!

Барга жетет, баркка жетет барбаңдап!

 

Байкоос албайт бирок да –

бекемделип өтүк менен капталчу

бештен-бештен балапан

асты жактан ар кадамды алга сүйрөп жүргөнүн!

Бекемделип кээде-кээде мээлей менен капталчу

бештен-бештен балапан

үстү жактан үрөп жанды алга тартып жүргөнүн!

 

Пешенеңдин палбаны –

бештен-бештен балапандар так ошол…

 

Толо киши жандап жүр

(Бул кайсы өлкөдө?)

Тосмо сымал топтоптур,

Токтой калса – токтоп тур.

Тообо, минтип Төбөлдү

Толо киши коштоп жүр!

 

Сүрү сымал кармаптыр,

Сүрүлгөндө жайнаптыр.

Кокуй, минтип Төбөлдү

Короо киши жандап жүр!

 

Оо, бийиктер, оо, пастар,

Ой-акылы ноокастар,

Булар сымак – жайлоодо

Букалар да, ноопаздар.

 

Ал өзүнчө осуят,

Айбандарда жок уят –

Отузу кууйт бир уйду

Опурап да, топурап!

 

Боозутчусу – бирөөсү,

Ботколоктойт сүрөөсү!

Топко илешип жүргөнгө

Толкуйт тыңы, жүдөөсү!

 

Каалабайбы, каалайбы,

Как ошондой маанай бу –

Баштап Төбөл жүргөнгө

Баарысы тең таалайлуу!

 

Эркиндеби көрөр күн?

Эске түштү көмөр күн…

Көрдү баары концертти

Көзү менен Төбөлдүн!

 

Көрнөк кылып жок-барды,

Көңүл калар чок салды.

Төбөл кетсе – бир эмес,

Отуз орун бош калды…

 

Оо, бийиктер, оо, пастар,

Ой-акылы ноокастар,

Булар сымак – жайлоодо

Букалар да, ноопаздар.

 

Штраустун вальстары

Бап келген бүт-бардык учурга,

Бал-кайрык, бал-ыргак ушул да –

Кадамын бийлердин жумшактап,

Каалгытат муруттун учунда!

Жай калкы, тез калкы, жазыраак,

Жайкала чимирил наз улап –

Чычайган муруту генийдин

Жыкпастан оролот, жазылат!

 

Бийлебей, уксаң да – өңгөсүң,

Бириге калчулар өлбөсүн.

Бийлөөдө оң кашың, сол кашың,

Бийлөөдө оң көзүң, сол көзүң!

 

Бийлебей, уксаң да – жолдуусуң,

Бириксе эки айрым ой – бүтүн.

Бийлөөдө оң колуң, сол колуң,

Бийлөөдө оң бутуң, сол бутуң!

 

Жүрөктү дарылайт мекенче!

Жүз жаңырт, миң жаңырт, жетээрче –

Бийлесин кабышкан эки айбан,

Бийлесин чабышкан эки өлкө…

 

Ашык болгон адам

Ашык болгон адамдай

ал-ансайын өсүп-өнгөн жан жоктур

асман апчып, булут айдап, көк тилип

ар ирмемде, ар күнү!

 

Жапония – жан-дүйнөсү ошол мажнун-ашыктын!

Жалынычы – Кореянын түштүгү!

Ой-санаасы – Кытай, Кытай кылкылдап!

Ойду-келди кадамы –

оролу чоң Россия!

Кучагында кулпурууда Америка тикен-гүл!

Кубанычы – Норвегия, Малайзия, Канада!

 

Өзү болсо тигине –

өлкөлөрдүн бири менен иши жок,

ээн, бош, жетим булуңда

эндиреп ту-ур ойго чумуп – шымданбай

эчак бүтсө деле даарат ушатып…