Блог

Зинакан Пасанова: Кыш элегиясы

Кыш элегиясы (ыр түрмөк) Туулган күндө жазылган ыр Тышта бубак. Жыла басып оор туман… Туулган күндө ооруп жалгыз олтургам, Үйүмө шаң, жан киргизди белегиң: Үлбүрөгөн беш тал роза – кулпурган.   Кышкы гүлдөр назик, кербез, супсулуу, Көңүлүмө жаз түнөттү жыпжылуу. Кыш чилдеде төрөлгөн жан өзгөчө, Кадыр-баркын билет гүлдүн кыпкызыл.   Куттук айтып, гүлдүн коозун арнаган, Кыска өмүрдө көңүл табат жакшылар. Жашоо өзү кайрымдуу да, берешен, Жамандан көп жакшылыгын бар кылар.   Тышта бубак. Жыла басып оор туман… Туулган күндө ооруп жалгыз олтургам. Кеселиме эм болорун билипсиң, Кочкул-кызыл розаларың кулпурган!   толугу менен…..

Казат Акматов: Күкүк

Күкүк Эрте жаздан баштап канаттуулардын бардыгы уяларын сала башташты. Бир гана күкүк эч нерсе кылбай бекерпоз жүрдү. Эрте жатып кеч турат. Ошенткен сайын, билесиңер го, уйку ого бетер күчөйт эмеспи. Ошентип жаз аягы болгон кезде куш аттуунун баары уяларына кирип, жалгыз гана күкүк ай талаада калды. «Кү-күк! Күкүк!» деп ыйламсырайт. Бирок бир да канаттуу аны уясына киргизбейт. Туура да, ар ким эле өз уясында тынч эс алып жашагысы келет эмеспи. – Айе, сен эмне уя салып албайсың өзүң?! – деди Сагызган ага боору ооруп. – Салат элем го, бирок ылайыктуу толугу менен…..

Качкынбай Осмоналиев: Боорукер

Боорукер (кыскартылды) Атасынан ажырап, энеси менен калган баланы – “бул шордуу бешиктен бели чыга электе атасын жутту. Эми боорун көтөргүчө жетим аты өчмөк беле!” деп, кейимиш болгонубуз менен жетимдин ичинен ар кандай жетимдер учурайт экен. Жумгал өрөөнүндөгү жети үйлүү кедейлерге баш калкалап күн өткөргөн Апын Кайкыча мурдунун учу көмкөрө кармаган топчуга окшошуп кетет. Көзү тегерек келип, оттуу кареги тынч жатпай шоктуу. Ал тагдырдан ата-энесинин бирин да кармай албай калды. Кур дегенде алардын өңүн түкшүмөлдөп калса эмне. Анда ал “менде ата-эне болгонбу же чын эле болгон эмеспи?” деп, турмушта күмөн санайт. толугу менен…..

Мээркан Токсобаева: Салкын

Салкын Ак булутту аралаган күмүш канат самолет учпай эле бир орунда токтоп тургандай. Мотордун бир калыпта гүүлдөгөнү болбосо салондун ичи тынчтыкта. Жүргүнчүлөрдүн айрымдары уйкуга кеткен, кээ бирлери гезит окушуп, бирөөлөрү жөн гана терезени карашат. Салкын гана самолетко көнө албай, кылт этсе жүрөгү оозунан чыгуучудай алкымына кептелип, оюнда поезд менен эле чыкпай деп өкүнүп келатты. Ушул жашка чыкканы учмага түшүп көрбөсө, анан калса “баланча жерден кырсык болуп, түкүнчө жүргүнчү набыт болуптур” деген окуялар көбөйдү. Кудай сактасын дейт өзүн-өзү сооротуп, самолеттун баары эле кыйрап жатыптырбы. Ал чанда бир кездешүүчү кырсык да. Соороткон толугу менен…..

Абдыкерим Муратов: Алайдын жылдыздары

Алайдын жылдыздары (“Жылдыздар тараган таңдар” романынан үзүндү) Абдыкерим Муратовдун “Жылдыздар тараган таңдар” романынын сюжеттик-композициялык кыймылы XX кылымдын башынан 30-жылдарына чейин уланат. Башкы каарман Биринчи дүйнөлүк согушта атчан чалгынчылардын командири катары көптөгөн эрдиктерди көрсөткөн, кийин Кеңеш бийлиги келгенде большевиктерге каршы күрөшүп, Мадаминбектин оң колу болуп жүргөн, анан Кызыл армия тарапка өтүп, кыргыз атчандар полкун түзгөн жана жетектеген Сулейман Кучуков тууралуу. Ал каармандын айланасында көптөгөн тарыхый окуяларга жана тарыхый адамдарга көркөм экскурс жасалат. Төмөндө романдын чакан үзүндүсүн окурмандарыбызга тартуу кылабыз. ***** Бала чагынан эсинде элес-элес калыптыр: көккө сайылган мунусунан нарыгысы эгиздеген тоолорго толугу менен…..

Ар тараптуу талант Атантай Акбаров

Убакыт учкан куш. Аны кармап турууга мүмкүн эмес экен. Биз, 2020-жылдагы маараке ээлерин куттуктап чагылдырууга аракет кылдык. КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер А.Акбаровдун чыгармачылыгына арналган көрсөтүү менен жылды жыйынтыктап турабыз. Жетишпей калган акын-жазуучуларыбыз арбын. Буюрса, келерки жылда адабият жаатында абдан жакшы иштерди аткарабыз деген изги тилектерибиз бар. Колдон келген мүмкүнчүлүктү коё бербегенге аракет кылып келүүдөбүз. Бизге колдоо көрсөткөн, жакшы пикирлерин айтып, тилектештигин билдирген ар бир инсанга терең ыраазычылык билдиребиз. Жаңы-жылыңыздар куттуу болсун!

Жаңы-жылыңыздар куттуу болсун!

Урматтуу калемдештер, Урматтуу мекендештер, Биз бүгүн эски жылды узатып, Жаңы-жылды тосуу алдында турабыз. Өтүп бараткан жыл биз үчүн гана эмес, бүтүндөй дүйнө үчүн оор жыл болду. Канчалаган калемдештерибизден, мекендештерибизден айрылдык. Бул жыл бизге адам кадырын, адам баркын баалай билүү керек экендигин сездирип кетти. Бардыгы адам баласы кыялдангандай, каалагандай боло бербей тургандыгын көрсөтүп өттү. Болбосо, бул жылда көп иштерди аткарууга, көп ийгиликтерди багындырууга максат койгонбуз. Тилекке каршы, ал тилектер ишке ашпай калды. Эми, максатты бийик коюп, башты өйдө көтөрүп, алдыдагы жылга ишенимдүү кадам таштайлы. Жараткан кыйынчылык берсе, артында ийгилигин кошо берет. толугу менен…..

Анара Байчукуева: Сен мен үчүн теңдеши жок бир жансың, Эркимди бүт ээлеп алып ээрчиткен

Өмүр баркы Үмүт, эңсөө желесинде бириккен, Үзүлбөгөн кыялдарга ээрчиткен. Жолочудай жолдон чыгып жылмайып, Катарлаша кошо кадам шилтеген, Оо өмүр сен, кымбатсың ээ бир келген.   Мезгилдердин арасына бекинген, Мээлжиген бийиктикке сүрөгөн. Баёо мүнөз балалыкты, жаштыкты, Өрөпкүтүп өргө карай сүйрөгөн, Оо өмүр сен, кымбатсың ээ бир келген.   Тагдыр болуп бешенеден сылаган, Таалай ташын сеники деп ыйгарган. Турмуштун тар, кенен жолун тандатпай, Арабаңа салып алып чайпалткан, Оо өмүр сен, кымбатсың ээ ушундай.   Жолдон чыгып баратканды тескеген, Жоодураган жашоо сунуп кел деген. Жомоктогу алтын балык өңдөнүп, Жокту бардай, бардын баркын сез толугу менен…..

Жоомарт Бөкөнбаевдин 110, Тенти Адышеванын 100 жылдыгы белгиленет

2020-жылдын 29-декабрында саат 12:00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрында кыргыз элинин залкар акыны, драматург, котормочу Жоомарт Бөкөнбаевдин 110 жылдыгы жана Кыргыз ССРинин Эл акыны Тенти Адышеванын 100 жылдыгы белгиленет. Акын, драматург, котормочу Жоомарт Бөкөнбаев 1910-жылы 16-майда Токтогул районуна караштуу Мазар-Сай айылында туулган. 1726–1931-жж. Оштогу, андан соң Фрунзедеги педтехникумда, 1933–1935-жж. Москвада журналисттердин коммунисттик институтунда окуйт. Эмгек жолун 1931-жылы “Кызыл Кыргызстан” гезитинде бөлүм башчы болуп иштөөдөн баштап, 1935–1941-жж. “Ленинчил жаш” гезитинин редактору, “Советтик адабият жана искусство” журналынын башкы редактору болуп иштеген. Ж.Бөкөнбаев 1941-жылы өз эрки менен Советтик Армиянын катарына толугу менен…..

Валдис Павловский: Айлакер бачики

Валдис Павловский, режиссер, Россия искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Россия мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, “Алтын маска” улуттук театралдык сыйлыгынын ээси. Айлакер  бачики Аткаруучулар: Алып баруучу Бачки (түлкүнүн баласы) Мамалак Коёнек Кирпи, куштар Музыка. Алып баруучу чыгат. Алып баруучу: Дүйнөдө, балдар билебиз, Жомоктор көп деп жүрөбүз. Башкалар сүйүп окушса, Биз жомок-ойноп сүйөбүз! Мамалак: Кышта суукка камыгып, Карга бутум малынып, Жаз жомогун ойнойлу, Жазды калдык сагынып. Коёнек: Жадырап ойноп-күлгүлө, Жаңы жылды билгиле! Жазды бирок сагындык, Жазга кеттик жүргүлө. (Бачики ырдап чыгат) Бачики: Кышта, жазда токойдон, Алдамчы атым оңбогон. Жашырбай айтсам силерге, Айлакер-бачики мен болом! толугу менен…..