Зинакан Пасанова: Колуңду берчи, жакшы адам

Колуңду берчи, жакшы адам

(аңгеме)

-Кутуча толуптур, – деди уулум Курман айтка бир күн калганда.

-Эсептеп көрчү, канча болду экен?

-Санап чыктым: эки жарым миң сом чогултуппуз.

Экөөбүз тең унчукпай калдык. Айлап топтогон тыйыныбыздын аздыгына ичим чыкпаса да, жээрге нан таппай отурган дагы бирөөгө жок дегенде бир апталык оокат болор деген ойдо өкүнүчүмдү бастым. Капкагынын ортосу тыйын баткыдай болуп тилинген калай кутуча үйүбүздүн кире беришиндеги текчеде турат. Күн сайын сырттан келгенибизде чөнтөк, баштыгыбызды аңтарып, колубузга илинген тыйын-тыпырды ага салып коюп, анан үйгө кирчүбүз. Бул кайрымдуулук кутучасы – уулумдун демилгеси. Менин мугалимдик маянам жана студент уулумдун кечкисин такси айдап тапканы көп деле эмес. Ошого жараша аз-аздан болсо да топтолуучу бул акчага мамилебиз өзгөчө. Кээде жол киреге, же нанга майда тыйын жок болуп калган учурда да кутучага кол салуу эч кимибиздин оюбузга келбейт.

–Кимге берсек дейсиз? – деп сурады уулум.

–Касиет эжемдин айылында жалгыз бой, карыган кемпир бар экен. Чалы, бала-чакасы же бир туугандары жок, бир үйдө коколой өзү жашайт деген. Эртең саарлап ошол кемпирге жардам алпарганча Касиет эжемди да Курман айт менен куттуктап келейин, эки иштен бир иш кылып.

–Өзүнүз билиңиз, апа. Эмне керек болсо айтыңыз,  алып келип берем, – деп уулум ордунан козголду.

Эжеме телефон чалып, жалгыз бой коңшусу экөөнө майрамдык алып барарымды айтсам, өзүнө эмес эле кемпир үчүн кубанып кеткенсиди:

–Жолго чыкканыңда чалып койсоң, үйүнө барып турам. Мектептин жанында эле жашайт, деп өрөпкүй бүтүрдү сөзүн. Бул дүйнөдө багар-көрөрү жок мусаапыр кемпирди аз да болсо кубантып коёрума өзүмдүн да маанайым көтөрүлдү. Уулумду азык-түлүк сатып кел деп дүкөнгө жөнөтүп, эки эжеге майрамдык белек тандаганы сандыгымды ачтым. Энемден мураска калган арча сандыкта жаңы буюмдар сакталчу. Той-топурда, же майрамдарда тартууланган жоолук, көйнөктүк кездеме, чачык, дасторкон, аземи салфеткалардын түр-түрү бирде топтолуп, кайра эле кимдир-бирөөлөргө белекке берилип, бөксөрүп турчу, бирок уругу үзүлчү эмес. Сандыктагы түйүндөрдүн арасынан улгайган аялдарга ылайык эки жүн жоолукту сууруп чыгып, дагы бирден чачык кошуп койдум. Анан тишке жумшак эт самса жасап барайын деп камыр ачытып, камылга көрө баштадым. Аңгыча уулум да мен айткан азык-түлүктөрдү жүктөнүп келип калды.

Таң эртелеп жолго чыгарымда Касиет эжем телефон чалды. Үнү дүрбөлөңдүү:

–Айнаш, баягы мен айткан кемпир кечээ түнү үйүнүн тепкичинен кулап, таң аткыча тура албай жатып калыптыр. Бүгүн саарлап коңшусу “тез жардам” чакырган экен, шаардык ооруканага алып кетти дейт. Мен дагы азыр келип уктум. Сени убара болбосун деп чалып жатам.

Бул кабарды уккандан кийин кечинде камдап алган тамак-ашымды эскиртпей жеткиргенче кемпирден кабар алып келейин, мүмкүн дары-дармектен каралашармын деген ойдо ооруканага жөнөдүм. Ошто эки гана шаардык оорукана бар, бири – балдардыкы, экинчиси – чоңдордуку. Жыгылганда бир жерин кокустатып алса сынык-сөөк оорулар бөлүмүнө түшкөндүр деген ойдо эң биринчи эле травматологияга баш бактым. Бул жерде издеген адамым жок болуп чыкты. Бөлүмдүн дарыгерлери “хирургияда болушу мүмкүн” дешти эле, ал жактан да таппадым. Ысымынан башка толук аты-жөнүн, телефонун, жаткан дарегин да билбей туруп издегениме аң-таң болушкан медиктерге кемпирдин жагдайы жөнүндө айтып берүүгө туура келди. Бул баяным алардын көңүлүн буруп, жүрөктөрү жибий түшкөнсүдү, ал тургай палаталарды бирден кыдырып сураштырып да беришти. Терапия бөлүмүнүн дарыгерлер каанасынан чыкканымда ак халатчан жаш жигит менен медайым кыз эч нерсе айтпай-дешпей эле мени ээрчип алышыптыр. Бейтааныш эле адамга жардам берейин деп убарагерчилик тартышым аларга бир башкача сезилсе керек. А мен жаш адистердин жакшылык кылууга астейдилдигине ичимден ыраазы болуп, ушулардан жакшы дарыгер чыгарын ойлодум.

Ошентип үчөөбүз жаңы оорукананын дубал жана каалгаларынын бозомук көк түсү менен таманга төшөлгөн агыш плиталарынын жалтыраганы көздү алган чоң имаратында бирде биринчи кабатына түшүп, кайра экинчи жана үчүнчү кабаттарга көтөрүлүп, издегенибизди уланттык. Биринчи хирургия бөлүмүндө да жок болуп чыкканда экинчи хирургиядан жана реанимациядан карап көрүүгө кеңеш беришти. №2 хирургиянын кире беришиндеги каанага баш баксак, узун бойлуу орто жаш, ак халатчан эркек колуна кармаган рентген сүрөтүн жанында олтурган балдакчан аялга көрсөтүп, алда-нени түшүндүрүп жатыптыр. “Бөлүм башчы ушул”, – деди мени менен бирге жүргөн жигит. Ага жолугуу үчүн эшик алдында күтүп калдык. Бир аз ачылган каалгадан сүйлөшкөндөрү угулуп турду. Жай жана токтоо сүйлөп, оорулуу аялдын суроолоруна шашылбай жооп берип, дарылоонун жол-жобосун майдалап түшүндүрүп, узакта бошоду. Бизди да илбериңки кабыл алып, сөзүбүздү кунт коюп укту. Бул жерге да жыгылып жараат алган кемпир түшпөптүр. Эми издеген адамымды табарымдан чындап түнүлдүм да, алып келген тамак-ашты кайра көтөрүп кетмек белем деген ойдо бөлүм башчыга кайрылдым:

–Силерде жаткандардан кабар алып эч ким келбеген, жардамга муктаж оорулуу барбы? Буларды берип коёюн.

Бөлүм башчы ойлоно түшүп:

–Бир орус киши бар эле, боло береби? Эч кимиси жок, – деди.

–Албетте, болот.

Дарыгер кубанып кеткендей түрдө бизге ал киши жөнүндө шашып-бушуп айта баштады:

–Орус көрүстөнүндө көр казгыч болуп иштейт экен. Үй-жайы жок, көр каза турган шаймандар коюлуучу үжүрөдө жашап жүрүптүр. Быйыл чилдеде бутун үшүк алып, тура албай, бир топ күн суукта жатып калыптыр. Ириңдеген бутунан чыккан сасык жытка адам чыдагыс эле. Өлүкканага алып кирип, эки сааттай жуушту. Анан операция жасадык.

Бөлүм башчы узун далистин экинчи учундагы палатага жеткенге чейин биздин каармандын таржымалын айтып баратты. “Көр казгыч”, “өлүккана” деген сөздөрдү укканда денем жыйрылып, үстүмдөн шыргалаң суу куюп жибергенден бетер ичиркене түштүм. Өлүкканага алып кирип жуушканына караганда адам кейпинен кетип калган бир макулукту элестеттим. Сакал-муруту менен чачы жапайы айбандыкынан бетер сапсайып, суу көрбөгөн нурсуз жүзү шишип-көпкөн, кийими самтырак, көз карашы ойсуз селсаяктардын бири го. Ичимдеги дүрбөлөң менен жийиркенүүнү күчтөп басып, сыр билгизбей башымды ийкегилеп уккан болом. Ошондой макулукту жууп-тазалаттырып, операция жасап, андан кийин да боор толгоп аяп, кам көргөн хирургга урматтоом артылып, кең далылуу узун боюна, бүркүт кабактуу чап-жаак жүзүнө сүйүнө тиктеп коём.

Палатанын босогосун жүрөксүй аттадым. “Көр казгыч” деген суук сөздү угуунун өзү эле сезимимди ичирткентсе, эми ошол адам менен бетме-бет көрүшө турганым мага жагымсыз болгонун жашыргым келбейт. Айтор,  алда-бир шумдукту көрчүдөн бетер сестене бердим. Бөлүм башчы алдыда кирип, түз эле терезе түбүндөгү керебетке бет алды. Чакан бөлмөгө коюлган төрт керебет тең бош эмес экен. Палатада жаткан эркектердин өңүн алактай карап, мен көрүүдөн корккон көр казгычты издедим. Аңгыча бөлүм башчы төр жактагы керебетте түптүз болуп чалкасынан жаткан бейтапка кайрылып:

-Как себя чувствуешь? Ноги не болят? – деп сураганча мага “жакыныраак келсеңиз” дегендей жаңсады. Ал оорулуу жамынган жуурканды ачып, кызыл ашыктан тизеге чейин бинт менен кабаттап таңылган бутту мага көрсөтө ага кандай татаал операция жасалганын айта баштады. Кан менен жарааттан корккон жаным көзүмдү ала качып караган деле жокмун. Бирок, кансыраган буттун ээсине карегим кадала түштү. Мына сага! Мен элестеткендей кейпинен кеткен селсаякты эмес, маңдайы жарык жаш орус жигитти көрдүм. Анын бакырайган чоң көздөрү акылдуу тиктеп, ал эми кере карыш маңдайы менен чап-жаак ак жуумал жүзү музыканттыкына окшош эле. Оозума сөз кирбей дал болуп эле тиктеп калыпмын. Бөлүм башчы мени ага тааныштырып:

-Сага жардам алып келиптир, – деди. Орус жигит жаздыктан башын көтөрө таң кала карап, өңүн жылуулук аралады.

-Кандай болуп калдыңыз? Кыйынчылык жокпу? Эмнеге муктажсыз? – деп сүйлөшкөнчө алып баргандарымды керебеттин жанындагы текчеге койдум.

–Бул самсаны ысыгында жеп алгыла. Ал эми бул акчаны өзүнүзгө иштетиңиз.

Ушинтип эки ооз сөздү шашып-бушуп айтып, тез эле бул жерден чыгып кетүүгө ыкыс бердим. Орус жигиттин кадыресе, а түгүл жагымдуу көрүнгөн кейпи да менин көңүлүмдү жайгара алган жок.

–Кайсыл кайрымдуулук уюмунан келдиңиз? – деп сурады орус жигит. Кат-сабаты түзүк эле окшойт. Текчедеги тамак-ашка үзүлүп түшпөй эле карап койгонуна караганда, кара курсактын камы эмес, өзүн кимдир-бирөө жоктоп, ал-абалын сураганы көбүрөөк кызыктыргансыйт. Менин ордума бөлүм башчы жооп берди:

–Жеке жардам экен.

–Чоң ыракмат сизге! – деп орус жигит мага колун сунду. Бир көз ирмемге ката түштүм. Көр казгычтын мага сунулган шадылуу колдорун коркунуч менен карадым. Бул арбайган колдор азыр мени апчый кармап, жер астына тартып кетчүдөй үшүмдү алды. Өлгөн адамдын жер алдындагы түбөлүк жайын казып жүрүп алакандары берч болгон колдордон караңгы көрдүн жыты ургансыйт. Чачымдын түбүнөн кара тер чыга түштү. Көздөрүмдү алайта, не кыларымды билбей жигиттин жүзүнө эндирей тиктеп калыпмын. Анын бакырайган көздөрү баланыкындай айыпсыз сезим менен ыраазы боло карап туруптур. Карегинин тереңинен сарыккан көз жашка окшош нымдуу жана жарык нур чачырайт. Мени өзүнөн качырган пенделик мажүрөө ойлорумдан шек албай:

–Ыракмат! – деп эки-үч жолу дагы кайталап айтып жиберди. Адамдан ийненин көзүндөй мээрим таап, жакшылыкка эрэркеп, кубанычын жаш баладай жашыра албаган жигиттин сунулган колун албашка аргам калбады. Жанымда бөлүм башчы, жаш дарыгер менен медайым кыз, палатадагы үч бейтап эркек – баары бизди карап турушкан. Ал колумду кыса кармаган бойдон коё берүүгө шашылган жок. Дагы бир нерсе айткысы келгенсип оозун комдоп барып, бирок айтар сөзүн ичине жутту. Жаны жоктой муздак, бирок карылуу бул колду эч унутпасам керек. Анын араң жылымтык алакан табын, күрөктүн сабына ышкыланып өгөөдөй болуп калган манжаларынын катуулугун, бул ооруканадан чыккандан кийинки жан багуу сар-санаасын, жан күйөрү жок жалгыздыгын, баарынан да жаш жүрөгү согуп турган тирүү жандын адашкан тагдырын туйгандай болдум. Көр казгыч жигитти куру сөз менен болсо да жубатмакка:

–Айыгып кетиңиз! Дагы келебиз, – дедим.

–Келесизби? Качан? – Жаш баланыкындай ишенич менен жадырай. А мен өзүмдүн берген убадамды аткара аларыма күмөнсүп, качан келеримди так айта албай, бейтаптын үмүт оту жанган көзүнөн көзүмдү ала качтым. Анан баары менен шашыла коштошуп, кетүүгө ашыктым.

Көчөгө чыкканымда будуң-чаң түшкөн ойлорумду иреттеп, көңүлүмдү сергитүү үчүн көпкө чейин жөө бастым. Кеч күз аяктап бараткан. Асман бозомук тунарып, нымдуу аба оор тартып турду. Көчө ээн экен. Кынжыйган жүдөңкү ит жол четиндеги арыкты шимшилеп, желип-жортуп баратты. Көптөн бери жамгыр жаабай же кар түшпөй чаңыган шаарды от жагылган үйлөрдүн морунан бурулдаган түтүн каптап, ачуу жыты маанайды ансайын чөгөрөт. Күз менен кыштын чегинде дайыма ушундай тажатма көрүнүш. Өмүр менен өлүмдүн чеги да ошондой кунарсыз жана оор болсо керек. “Эмнеге колумду шап бере албадым?”, – деген таң калуу көңүлүмдү өйүп жатты. Өзүмдү андан өйдөсүнтүп, жийиркенгендей болгонума иренжигеним андан бетер. Акылдуу зирек жаш жигиттин көрүстөндү мекендешке кандай тагдыр аргасыз кылды экен? Анын таржымалын бөлүм башчы жакшы билсе керек эле. Неге андан сурабадым? Бул суроо эми жанымды жай алдырбасын түшүндүм. Демек ооруканага эртең да келет окшойм.

Ушул маалда уулум телефон чалды:

–Апа, таптыңызбы?

–Ким жөнүндө сураганын түшүндүм. Издеген адамым оюмдан да чыгып кеткен экен.

–Таппадым, уулум. Шаардык ооруканада жок экен.

–Сиз каердесиз? Ошол жерден жылбастан туруп туруңуз. Мен азыр сабактан чыктым, машинамды айдап тез эле бара калам, анан издейбиз. Табабыз, апа! – деди шашыла.

Уулумдун жакшылык жасоого дилгирлигине жылый түштүм. Эми кеч күздүн чыкыроон суугу да, бозоргон кунарсыз көрүнүшү да сезилбей калды. Жол боюндагы аялдаманын пластмасса орундугуна отуруп, “а мүмкүн коңшусунун бир кабарын уккандыр”, – деген ойдо Касиет эжеге чалдым.

Эжем муун-жүнү бошогондой басмырт үн менен:

-Ооруканага жетпей каза болуп калыптыр. Бүгүн жайга коюлду.

-Аа… –Оозума сөз кирбей, дендароо боло түштүм.

Кемпирди издеп барып, көр казгыч жигитке туш болгонум жөн жерден эмес окшойт. Бул жарык дүйнөдөн кетер маалы келген эненин насиби тирүү жанга буюрган экен. Бешенеге не жазылганын эч ким билбейт тура…