Султан Раевди ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы болушу менен куттуктайбыз!

КР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, жазуучу, драматург Султан Раевди ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы болушу менен куттуктайбыз.  Түрк элдеринин ортосундагы бир туугандык жана тилектештик байланыштарын чыңдоо, жалпы түрк маданиятын келечек муундарга өткөрүп берүү, аны менен дүйнө жүзүн тааныштыруу максатында иш жүргүзүп келген ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун ишин татыктуу улантып кетээриңизге терең ишенебиз. Сиздин жоопкерчиликтүү ишиңизге ийгилик, өзүңүзгө бекем ден-соолук каалайбыз! КРУЖС Башкармалыгы

Шаардык китепканада “Шайтандардын бийи” аттуу китептин бет ачары болду

Ч.Айтматов, А.Жакыпбеков, Ж.Токтогазиев. Бир айылдан чыккан үч талант. Бүгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун проза секциясынын башчысы, жазуучу Жумабек Токтогазиевдин “Шайтандардын бийи” аттуу китебинин бет ачары адабият күйөрмандарынын катышуусунда өттү. Ч.Айтматов атындагы №1 шаардык китепканадагы иш-чарага КР Эл акындары Т.Мамеев, Т.Самудинов, А.Өмүрканов, К.Бакиров, КР Эл жазуучусу М.Абакиров ж.б. акын-жазуучулар, адабиятчылар катышты. КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов модераторлук кылган кече эркин баарлашуу форматында жандуу өттү. Устат жазуучулардан тышкары окурмандар да өз ойлору менен бөлүшүп, шайтандардын тилин түшүнүп, алардын бийин жазган жазуучуга чыгармачылык ийгилик каалашты. Катышуучулардын көпчүлүгү Ж.Токтогазиевдин мыкты толугу менен…..

Маметибраим Жаныбеков: Төгүлгөн кирпиктериң, жылмышып жамалыман, Оролуп бүт денеме, куланат таманыма

Акын жана котормочу Маметибраим Жаныбеков 1963-жылы Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Жар айылында жарык дүйнөгө келген. 1996-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. “Мезгил, мекен, апам жана мен”, “Тамчыдагы күн”, “Тагдыр тандыры” аталышындагы поэтикалык китептердин, “Оомат” аттуу даректүү баяндын автору. М.Жаныбеков Бабурдун рубаилерин, Ал-Хорезмдин “Махабат-намесин”, Ахмед Яссавинин “хикметтерин” кыргыз тилине которуп, окурмандарга тартуулаган. Жүрөктөр Ар пенденин көөдөнүн тээп, туйлап жаткан жүрөктөр, Ыйман, мээрим, ак сүйүүгө кең бурчуңдан түнөк бер?! Менменсинген текеберди тизгин кагып жоошутуп, Колдон келсе так секиртпей Ак жолуна сүрөп көр? Ар пенденин көөдөнүн тээп, туйлап жаткан жүрөктөр.   Тирүүлүктө толугу менен…..