Маметибраим Жаныбеков: Төгүлгөн кирпиктериң, жылмышып жамалыман, Оролуп бүт денеме, куланат таманыма

Акын жана котормочу Маметибраим Жаныбеков 1963-жылы Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Жар айылында жарык дүйнөгө келген. 1996-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. “Мезгил, мекен, апам жана мен”, “Тамчыдагы күн”, “Тагдыр тандыры” аталышындагы поэтикалык китептердин, “Оомат” аттуу даректүү баяндын автору.

М.Жаныбеков Бабурдун рубаилерин, Ал-Хорезмдин “Махабат-намесин”, Ахмед Яссавинин “хикметтерин” кыргыз тилине которуп, окурмандарга тартуулаган.

Жүрөктөр

Ар пенденин көөдөнүн тээп,

туйлап жаткан жүрөктөр,

Ыйман, мээрим, ак сүйүүгө

кең бурчуңдан түнөк бер?!

Менменсинген текеберди

тизгин кагып жоошутуп,

Колдон келсе так секиртпей

Ак жолуна сүрөп көр?

Ар пенденин көөдөнүн тээп,

туйлап жаткан жүрөктөр.

 

Тирүүлүктө баш аламан

оюн салган куюндан,

Сапырылып түшкөн чаңдан

жана кумдан куюлган.

Тазаланып көкүрөктөр

ишенимге жол ачсын,

Аруулукка сугарылып

алмончоктой туюмдар.

Тазалансын чыр дүйнөдө

чызгырылган куюндан.

 

Ар пенденин көөдөнүн тээп,

туйлап жаткан жүрөктөр,

Ыйман, мээрим, ак сүйүүгө

кең бурчуңдан түнөк бер?!

 

Сен планет

Ойлонтпогон кең ааламда

менин барым, жогум да,

Сен планет кыймылдагы

бир өзүңдүн огуңда.

Сездирбеген чыкылдаган

чилденин да ызгаарын,

Табы күчтүү коломтонун

үймөк кызыл чогундай.

Сен планет кыймылдагы

бир өзүңдүн огуңда.

 

Тирүүлүктүн бүтпөй турган

түйшүгүнө байланган,

Мен корабль орбитаңа

жетпей жерди айланган.

Турмуш мага космодром

багытымды башкарчу,

Тосмо койчу сапарыма

сени көздөй шайланган.

Мен корабль орбитаңа

жетпей жерди айланган.

 

Буурул таңдай шуру тизип,

шоола чачкан куланөөк,

Сен мен үчүн алы-ыстагы

жаңы ачылган планет.

 

Түн ыры

Чаалыктыңар кечке жүрүп

укта, кызым, бозоюм,

Умай-Эне ырдап өткөн

бешик ырын созоюн!

Алдей, алдей, уктагыла

канатымда көөшүлүп,

Коё бербей калкан болуп

кырсык жолун тосоюн!

Алдей, алдей, кенен жатып

укта, кызым, бозоюм!!!

 

Кайын журтту урмат кылган

алмончоктой жаш келин,

Ак мамыка жазда башты,

түйшүгүндү ташта эми?!

Алдей, алдей, ырайыңа

ыроолосун ак ыйман,

Убай-зарга чарпылбасын

жаза басып жаш демиң.

Алдей, алдей, эс ал болду,

алмончоктой жаш келин?!

 

Бейпил жатып уктагыла,

касиеттүү карылар,

Өмүр шамын өчүрбөгөн

бул ыр болсун дарыңар!

Алдей, алдей, мүрөк суусун

кана жуткун түшүңдө,

Муунуң кайра күчкө толуп…

азайбасын сабыңар!

Алдей, алдей, өмүр шамың

өчпөс болсун, карылар!

 

Алдей, алдей, баарыңарга

бирдей бешик термейин,

Акмалаган каргашага

эч киминди бербейин!!!

 

Комуз

Таш боорунан оргуп чыккан

булак өңдүү булдурап,

Дүбүрт салып кээде шаңшып,

бирде жооошуп тунжурап.

Айбалтадай тарс чабылган

кайрык моюн сундурат,

Күүгө салган өткөн күндү

кыргыздын кыл комузу.

Таш боорунан оргуп чыккан

булак болуп булдурап.

 

Жумурткадан кыр издеген

өткөн өктөм доорун да,

Алоолонгон албуут күйүп

оту жанган боорунда.

Зарын төгөт – жаш селкинин

кеткен кунга, соорунга,

Тилмеч болуп муундан-муунга

айтып келет бул комуз.

Бут кыргыздын жакшы күнүн,

залим, өктөм доорун да.

 

Таштабастан жарым жолго

жетим-жесир,карыбын,

Баян кылат үч кыл комуз

жалпы журттун тарыхын.

 

Жарык күн

Төгүлгөн кирпиктериң

жылмышып жамалыман,

Оролуп бүт денеме,

куланат таманыма.

Чалынып кээде кулап…

тебелеп келе жатам,

Күн сенин кирпигиңди

тирүүлүк дабанынан.

Оролуп бүт денеме

кулаган таманыма.

 

Ага да оо, жарык Күн,

салбастан кабагыңды,

Эң алгач өзүң сурап

ден- соолук абалымды.

Аймалап алтын жебең

көөдөндөн кере жыттап,

Жүрөккө берип турат

жашоону шар агымдуу.

Айнекти жарып өтүп

салбастан кабагыңды.

 

Жадырап, оо, жарык Күн,

салбастан кабагыңды,

Ар таңда өзүң сурап

келесиң абалымды.

 

*****

Саат жебеси бир калыпта

тыным албай кыбырып,

Мезгил оошту… ай алмашты…

күндөр учту зымырап.

Жыл картайды… барат улам

өз чегине жакындап,

Көздөн тайып кетемин деп

шарт айланып закымга.

Мезгил оошуп, ай алмашып,

күндөр учуп зымырап.

 

“Кең жайылсын кең пейилдүү

адамзаттын тамыры,” –

деген аруу тилек менен

сансыз жылдар карыды.

Бирок, чиркин, бабалардын

бизге чапкан арыгын,

Балыр басып… сазга айланып,

адам пейли тарыды.

Күңүрт тартып барган сайын

жан дүйнөнүн жарыгы.

 

Жыл картайды: арууланып

жан дүйнөсү адамдын,

Жаңы жолдон баштасын деп,

– бүт жашоосун… кадамды

 

Ооганчылар

Гүлгүн курак, көңүл куунак,

мөл булактай кезинде,

Бөтөн жерде, чоочун элди

коргоймун деп эзилген.

Ал күндөрү өчпөй турган

так калтырган сезимге,

Ажал менен арбашканы

түбөлүктүү көзүндө.

Ооганчылар… өксүгүңөр

дале турат көзүңдө.

 

Төшү толгон орден-медаль

баскан сайын шагырап,

Кагылышса кулагына

октун үнү жаңырат…

Көңүл дартын мезгилдердин

агымында дарылап,

Коогалуу күн Ата Журттан

жүрсүн үчүн арыраак,

Жоокер бойдон жашап келет

ооганчылар ар убак.

Мекенибиз коогалардан

жашаш үчүн арыраак,

Жоокер бойдон жашап келет

ооганчылар ар убак.

 

Тараза мезгил… тараза

Өмүргө келет чанда жан

жарамак үчүн намыска,

Көшөкөр келет дүйнөгө

жан үрөп атак алышка.

Өмүргө келет кээ бир жан

күн көрүп жанын багышка,

Ким кандай жашап өтсө да –

мезгилден алат калыс баа.

Тараза мезгил… тараза

баарына берет калыс баа.

 

Башаты тунук, таптаза –

жаңырган Айдай жаңырган…

Тагдырдын татаал жолунда

мүргүгөн, далай чалынган.

Маалымат… мансап… көр оокат

өктөмдүк кылса багынган:

Адамбыз, а, биз адамбыз

адашкан, жазган, жаңылган,

Тагдырдын татаал жолунда

мүргүгөн, далай чалынган…

 

…Ким кандай жашап өтсө да

мезгилден алат калыс баа,

Тараза мезгил… тараза

баарына берет калыс баа.

 

Уңгум чың кыргыз

Өзүнөн жатты көбүрөөк сүйгөн,

Бооруна тарткан достон көп күйгөн.

Башатым кыргыз… керемет дүйнө,

Коогалуу күндө жашынбас үйгө.

Башатым кыргыз жатты өздөй сүйгөн.

 

Беттеген жолго жетпесе тынгыс,

Көөнү жок ишке ордунан жылгыс.

Кайраты бекем – майышкыс, сынгыс,

Уңгум чың кыргыз, улутум кыргыз.

Кайраты бекем – майышкыс, сынгыс!

 

Кайраты бекем – майышкыс, сынгыс,

Уңгум чың кыргыз, улутум кыргыз!

 

Өмүр… өмүр

Жомоктой түзүлүшүң,

Көз жаштай сызылышың,

“Ты-ып” этип жерге түшкөн:

Тамчыдай үзүлүшүң.

Көз жаштай сызылышың

 

Көңүлгө шаттык улап:

Башатың тунук булак…

Жайрайсын кээде жолдо.

Маарага жетпей кулап.

…Башаты тунук булак.

 

Жомоктой түзүлүшүң,

Тамчыдай үзүлүшүң…

 

*****

Аалам бүткөн ири менен майдадан,

Көрүнбөгөн зыян менен пайдадан.

Тирүүлүктө бирге жүрөт ар дайым,

Качып андан бармак эле кайда адам?

Аалам бүткөн зыян менен пайдадан.

 

Коом түптөлгөн кызык менен бузуктан,

Баарын көрүп, көтөрүп жүр ысык жан.

Бул тирүүлүк өрүм чачтай чырмалган,

Ичиркенткен муздак… жана ысыктан.

…Баарын түтүп көтөрө алат ысык жан.

 

Бүгүнкү күндүн адамдары

Смайлик менен жылмайып,

смайлик менен ыйлаган,

Көөдөндөр көңдөй биздеги

туюм жок… жүрөк туйлаган.

СМС жазып сырдашып,

СМС менен айтышып,

Робот болуп барабыз

бүгүнкү күндө кыйла жан.

Смайлик менен жылмайып,

смайлик болуп ыйлаган.

 

Жан дүйнө, акыл бүт баары

айланган “АЙТИ” кулуна,

Аалам тор үзсө желесин

адашкан куштай туурунан.

Тааныбай өзүн өзү да

алдастай түшөт курган жан,

Кең дүйнө тарып кысылып,

көкүрөк турат буулуга.

Аалам тор үзсө желесин адашкан куштай туурунан.

 

Смайлик менен жылмайып,

смайлик болуп ыйлаган,

Робот болуп калдык, э-э,

бүгүнкү күндө кыйла жан.

 

Алайкуу

Кышта сынап чыйрыктырып

жүүнүңү да эркиңи,

Кычырыган көк муз,ак кар

болуп анык көркү бу.

Алайкууда жаңырып тур

улуулуктун ырлары,

Комузу жок, кыягы жок

ызгаардан күү чертилип.

Кычыраган көк муз,ак кар

болуп анык көркү бул.

 

Жайда башка көргөн жандын

турар чери жазылып:

Аскалары Ай-жылдызга,

Күнгө берип азыгын.

Алп тоолору түркүн гүлдөн

шайы көйнөк кийинген,

Өз огунда кармап турган

Жердин түптүү казыгы.

Алайкуунун аскалары –

жердин алтын казыгы.

*****

Жыңалач дырдай ачылган дене,

Абийри түгөп сатылган дене.

О-о, аны жактап айтылган кептер,

Наркына калктын атылган жебе.

Жыңалач дырдай ачылган дене.

 

Карылар “жап” деп дайыма тыйып –

Турчу жер – киндик төмөнү ыйык!

Дал ошол жерден көргөнбүз алгач,

Жашооонун шаңын, тирүүлүк ыйын.

Адамзат үчүн ал мүчө ыйык!

 

Кош дөбө сындуу аялзат төшү,

Улантып үзбөй тирүүлүк көчүн,

Наристе таткан бейиштин даамы,

Күлкүгө бөлөп, ак таңын, кечин.

Андыктан, ыйык – аялзат төшү!

 

Жыңалач дырдай ачылган дене,

Наркына калктын атылган жебе!

 

Өмүр жолу

Көрөр күнү белгиленип,

эн тамгадай коюлган,

Бир өмүрдүн жолу даңгыр…

Таштак, татаал оюрма;

Узун, кыска… гүл… тикенек

таманында, боюнда,

Оңой олжо табам дебе

ушул жолдон оюңда.

Өмүр жолу узун… кыска…

татаал… таштак оюрма.

 

Ырасында ар өмүрдүн жолу

башка, соңу бир.

Эң акыркы зыйнаты бир,

бара турган жолу бир.

Окшош баары, айырмасыз

чөнтөгү жок кийгизчү:

Ак матадан көйнөгү бир,

боз топурак тону бир.

Эң акыркы зыйнаты бир…

бара турган жолу бир.

 

Узун … кыска… гүл… тикенек

таманында, боюнда,

Бул өмүрдүн жолу татаал,

күйүктүргөн оюрма.