КР Эл акыны Ясыр Шивазанын 115 жылдыгы белгиленди

КР Эл акыны Ясыр Шивазанын 115 жылдыгы белгиленди Москва районунун Александровка айылындагы Ясыр Шиваза атындагы №1 мектепте КР Эл акыны Ясыр Шивазанын 115 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү. Кыргыз, орус, дунган тилдеринде жазган акын, жазуучу, дунган жазуусунун, орфографиясынын, алиппесинин түзүүчүсү Ясыр Шиваза Александровка айылында 1906-жылы жарык дүйнөгө келген. Акындын 115 жылдыгына арналган кеңири масштабдагы иш-чара былтыр пландалып, өлкөдөгү болуп жаткан кырдаалдардан улам үзгүлтүккө учурап, өтпөй калган. Ага карабай ысымын алып жүргөн мектептин эмгек жамааты жыл сайын май айында эскерүү кечесин уюштуруп келишет. Бул ирет май айындагы эскерүүгө чейин 115 жылдыгына толугу менен…..

Эсенгул Ибраевди эскерүү кечеси өттү

Эсенгул Ибраевди эскерүү кечеси өттү Бүгүн Эл аралык Кувейт университетинде КР Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, сатирик Эсенгул Ибраевди эскерүү, чыгармачылык мурасын окуп үйрөнүү кечеси болуп өттү. Бул эскерүү кечеге Кыргызстандын жана Кувейттин көрүнүктүү окумуштуулары, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, орун басары К.Кадыракунов, КР Эл акыны А.Өмүрканов, адабиятчы Б.Усубалиев баштаган акын-жазуучулар, чыгармачыл ишмерлер, студенттер жана акындын өмүрлүк жубайы С.Абдрахманова катышты. Э.Ибраев өмүрүнүн соңку жылдарында Эл аралык Кувейт университетинде эмгектенип, окуу жайдын журналистика кафедрасын түзүүгө жана калыптандырууга жигердүү катышкан. Акындын бул эмгеги эске алынып анын ысымы журналистика кафедрасына толугу менен…..

Эсенгул Ибраев: Калыпка куйчу кыш эмес, чыгарма деген түгөтүң

(Сатиралар, тамсилдер) Силердин ишиңер Приказы илинген соң, Институтка өткөнү билинген соң. Эшикти шарт ачып, Мадырайым кирип келди шашып. Анан Ата-энесине кайрылды, Желкесин кашып: –Институтка болсо өттүм. Эми-и, Ачыгы жакшы кептин. Тойдун камын көргүлө, Аял алайын деп чечтим! Апасы атасына карады, Атасы апасына карады: –Уулум! Бизге түшүндүрчү абалы. Үйлөнүш үчүн Адегенде байкоо керек чамасын. Айтчы, балам, Деги, Кимди аласың? Анда уулу күңкүлдөйт, Жазбай туруп курушун: –Кимди алуу, Кимди коюу – Менин жумушум! –Аныңа деле мейли, Үйлөнсөң үйлөн эле дейли. Колуктуң сени билеби, Билген күндө да сүйөбү? –Ушундай сасык суроого Бышат экен толугу менен…..