Акжол Доранбек уулу: Мындан ашык бакыт табуу мүмкүнбү, Оңой менен тил албаган тагдырдан.

Абал Байкап көрүп, алды-артымды карасам. Зээним кейип, жүрөгүмдү канатам. Баскан жолго из түшкөнү байкалбайт, Багыт кандай, билбейм кайда баратам…   Күүгүм кирсе таңдын калбай карааны, Күндөн ылдам түндүн берген саламы. Дарыянын жээгиндеги чарчабас, Чарпалектей дүйнөмдүн чар тарабы.   Күндүн чыгып, баткандыгын карасам, Зээним кейип, жүрөгүмдү канатам. Аз өмүргө тар убакыт жетишпей, Жашаганга үлгүрө албай баратам.   Ушул чак Баскан кадам турмуш-шартка эп келбей, Абал азыр эрксиздикти жектемей. Таалайым бүт-уктап, түштө ойгонгон, Таң тоспогон күндөр менен кеткендей.   Айла, амал тапчу кээде кез болот. Анын баары керектелчү кезде жок. Көп нерсени толугу менен…..