Султан Раевди ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы болушу менен куттуктайбыз!

КР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, жазуучу, драматург Султан Раевди ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы болушу менен куттуктайбыз.  Түрк элдеринин ортосундагы бир туугандык жана тилектештик байланыштарын чыңдоо, жалпы түрк маданиятын келечек муундарга өткөрүп берүү, аны менен дүйнө жүзүн тааныштыруу максатында иш жүргүзүп келген ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун ишин татыктуу улантып кетээриңизге терең ишенебиз. Сиздин жоопкерчиликтүү ишиңизге ийгилик, өзүңүзгө бекем ден-соолук каалайбыз!

КРУЖС Башкармалыгы