Рахим Карим: Мен тилмечтерди сокурларды жетелеген адамдарга окшоштурам…

Мен тилмечтерди сокурларды жетелеген адамдарга окшоштурам… Рахим Карим (Каримов) – өзбек- кыргыз- орус совет акыны, жазуучу, публицист, котормочу. 1960-жылы Ош шаарында туулган. Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. КРнын Улуттук жазуучулар жана журналисттер союзунун мүчөсү. Орус тилдүү жазуучулардын эл аралык федерациясынын (Лондон-Будапешт) Кыргызстандагы расмий өкүлү. Евразия элдери Ассамблеясынын (Россия) Адабий кеңешинин теңтөрагасы. Россия Жазуучулар союзунун мүчөсү. Эл аралык «Алтын табуретка» сынагынын лауреаты, (БААУ). Кыргызстан. Эл аралык “Тилдер көп – дүйнө бирөө” сыйлыгынын лауреаты, (БААУ) Кыргызстан. Молдо Нияз, Эгемберди Эрматов атындагы республикалык адабий сыйлыктардын лауреаты. Философия илимдеринин ардактуу доктору (Марокко). «Туран» толугу менен…..

Керимбек Кадыракунов: Бир тамчы

Бир тамчы Кылтайды тоодон күн чыгып, кыймылдан “тырс” деп үн чыгып. Бой түзөйт гүлдөр, жатты эле, шүүдүрүм басып тумчугуп.   Көлкүлдөп күндөн жашынбай, мөлтүлдөп жылып шашылбай. Бойлоду гүлдүн сабагын, бир тамчы көздүн жашындай.   Таркатар бойго кубатты, алмашар айлап сугатты. Бүт өмүр күткөн бир учур, кез келген балким убак бу.   Татканып тамчы мүрөктөй, кулпунду гүлгө кир өтпөй. Алыстап кетти айдарым, арманда калып бир өппөй.

Керимбек Кадыракунов: Эске түштү

Эске түштү Учур жок түркүн куштар сайрап турган, гүлдөр жок көз кубантып жайнап турган. Бараткам кышкы бакта аяр басып, жол менен чилде ызгаары тайгак кылган.   Капыстан чочуп кеттим… каттым дагы, төбөгө “лап” дей түштү бактын кары. Күбүлгөн аппак кардан күтүүсүздөн, тунжурай түшкөнсүдү жактын баары.   Моюнга муздак кардан үшүк жетип, күбүндүм, токтоп калбас киши кетип. Карасам бакты силкип ойноп коюп, каткырып бала турат тиши кетик.   Жылмайдым күлкүм келип, каткырбадым, жоругун сезип турдум жактырганын. Менин да бала кезим эске түштү, ойногум келчү күбүп бактын карын.

Садык Алахан: Райкан Шүкүрбековдун термелеринин башкы проблемалары жана көркөм-эстетикалык өзгөчөлүктөрү

Райкан Шүкүрбековдун термелеринин башкы проблемалары жана көркөм-эстетикалык өзгөчөлүктөрү (3-макала) «Аралаш төкмө» термесинде Р.Шүкүрбеков дегеле баяндоонун түркүн-түс түрлөрүн өзгөчө бир билгичтик менен колдонуптур. Экинчи бөлүмчө дээрлик баштан аяк карама-каршы көрүнүштөрдү жуурулуштура сүрөттөө аркылуу курулган десек болот. «Эки жашар кезден» өтүп эр жеткен куракка келгенин, «оңбогондой сүйгөн» учурун эске салып ашык болгон адамынын кебете-кешпирин момундайча сүрөттөп көз алдыбызга тартат: Мурдуң кичине муштумдай, Мурунтан кудай туш кылбай. Колдоруңдун салаасы, Коошоп койгон устундай. Бети, башың таптаза Көргөн адам кускандай! Этиң жумшак темирдей, Бетиң аппак көмүрдөй. Ашыктыктын айынан, Качып жүрөм көрүнбөй. – – – – толугу менен…..

Габриэль Гарсиа Маркес: Айттырып келген ажал баяны

Айттырып келген ажал баяны (Повесттен) Аны өлтүрүп кеткен күнү Сантьяго Насар епископ келер кемени тоскону таңкы 5.30да турган. Түшүндө ал жумшак жамгыр себелеген анжир багын аралап баратыптыр, кандайдыр бир ирмемге бакытка балкый түшкөнсүдү, бирок ойгонгондо шакка конгон чымчыктар башынан ылдый чычып жибергенсиген сезимден арыла албай койду. “Ал түшүндө бак-даракты көп көрөр эле”, – деди мага апасы мындан 27 жыл мурдагы каргашалуу дүйшөмбүнүн кылт эткен кыймылынан өйдө эстей. “Андан бир жума мурда түш көрсө, калдыркан калайдан жасалган самолётто учуп баратыптыр, жалгыз экемин, бадам багынын бир бутагына да тийбей аралай чаап учуп толугу менен…..

Сүйүнбай Эралиев: Качан болсо, кызматыңа мен дайын, Карегимдей Ата-Журтум, Мекеним

Кармышак Ташбаев Заман жана ата журт Унутулбайт өткөн доордун издери… Ушул күндөр буйрук кылсын бизге эми. Заманыбыз – бизге дарак мөмөлүү, Бүт жемиши бышып турган күздөгү. Токчулуктун болуп турат заманы, Тууган жердин мелмилдеген түздөрү.   Арбын болуп, артып улам байлыгы, Бар бол, элим! Билбейли биз кайгыны?! Турсун дайым тууган жерден угулуп, Түгөнбөгөн күүлөрүнүн кайрыгы. Бүт ааламга тарай берсин түбөлүк, дүңгүрөгөн Ата Журттун айдыңы!   Сен кыргызсың Сен кыргызсың аба жутуп, нур жутуп, Жер боорунда жашап жаткан күн көрүп. Кубанганда тебетейди ыргытып Терип келген тоонун назик гүлдөрүн.   Сен кыргызсың кымыз толугу менен…..

Байдылда Сарногоев: Жүрөктө жүрөт эскирбей, Сүйөмүн деген бир сөзүң

Булакка Алдастап бат, бат дем алып, Арыкка боюн ургулап. Аманбы? – курбум дегендей, Агасың, булак шылдырап.   Билерсиң бала кезимде Көп жолу сени бойлогом. Убара кылып шарыңды Тегирмен салып ойногом.   Калкыткам көлчүк жериңе, Кайыкты жасап кагаздан, Көйнөктү чечип жалбызга Кирингем ысып баратсам.   Ойногун! – дейсиң эми да, Кайрадан бала болбосмун. Жээгиңди бойлоп мен чылап, Бөбөктөрүм ойношсун.   Кайсы сенин терезең Атын билем сен жашаган көчөнүн, Бирок, билбейм үйүң кайда экенин. Биргелешип кирмек элем киного, Бүгүн сени кайдан табар экемин?   Үй номериң сегизби же сексенби? Көчө бойлоп көрүп толугу менен…..

Садык Алахан: Р.Шүкүрбековдун термелеринин башкы проблемалары жана көркөм-эстетикалык өзгөчөлүктөрү

Райкан Шүкүрбековдун термелеринин башкы проблемалары жана көркөм-эстетикалык өзгөчөлүктөрү (2-макала) Мына ошентип, Р.Шүкүрбековдун «Аралаш төкмө» деп аталган термесинин шарттуу түрдөгү биринчи бөлүмчөсүнүн башталышынан биз киришүү бөлүмчөсүндө айтылган «калп айтпоо», «чынчыл болуу» деген дидактикалык ойлордун ырааттуу улантылышына эмес, тескерисинче, элдик төкмөлүк өнөрдө өзгөчө кеңири колдонулуп келген калп жанрынын чукугандай ишке тартылышын, ушундан улам окуянын, автордук баяндоонун андан аркы өнүгүшү таптакыр башкача нукта өнүгүп, ушул олтурган адамды, окурманды алда немедей психологиялык абалга алып келгенине күбө болдук. Ырасында эле «калп айтпоо», «чынчыл болуу» жөнүндөгү насият ойлордон кийин: О, баягы жылы эшекчен Айга чыгып келгенмин, толугу менен…..

Омор Султанов: Сага эми кезиксе экен мендей бирөө, Болбосо менден жакшы, менден эстүү

Кыйылып турам Жылкы айдап үрөң-бараңдан Жылганы бойлой бастырсам, Жайлоонун салкын абасы Эркелей согуп астыртан, Көңүлгө сиңген гүл жыты ай, Көркөмү менен мас кылган.   «Ашуу-Төр» менен «Чолок-Төр», Эңседим сени сагынып. Жадырап өскөн гүлдөрүң Жакама үзүп тагынып, Абаным созсом бөлүшчү Аскаңдан чыккан жаңырык.   Тоодогу өткөн балалык Тобулгу чикит чабышып, Бир күндө он жол урушсак, Он жолу кайра табышып, Куушуп оюн салчу элек Кулундар менен жарышып.   Ушинтип жүрчү күндөрүм Бүлбүлдөп узап баратат. Кыйылып турам кош дебей, Кымбаттуу курбум, бала чак, Мен тойбос бала кезимди Мезгилим колдон талашат.   Ак кууну толугу менен…..

С.Батыркулованын “Каректе калган издер” китебинин бет ачары өттү

А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында акын, жазуучу, журналист Сайра Батыркулованын “Каректе калган издер” китебинин бет ачары болуп өттү. Аталган китеп автордун жазуучулуктагы алгачкы дебюту. Бул – китеп Эл агартуунун отличниги, КР Эмгек сиңирген мугалими, Октябрь революциясы, Эмгек Кызыл Туу ордендеринин ээси, Баатыр эне Шааркан Кенжегулованын өмүр жолун чагылдырган даректүү китеп. Иш-чарага КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов, КР Эл акыны К.Бакиров, КР Жогорку Кеңешинин депутаты М.Самыйкожо, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары С.Аманова, КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү С.Тоялиев, КР Ардагерлер кеңешинин төрагасы толугу менен…..