Мурза Гапаров: Байчечек

Байчечек Телефон шыңгырап атты… Кыяз анын үнүн көпкө угуп жатып, араң ойгонду. Үйдүн ичи караңгы. Кайсы маал экени билинбейт: кечпи, түн ортосубу, таңга жуукпу. Аэропорттон самолёттордун гүрүлдөгөнү угулат. Бирок алар күнү-түнү учуп турушат да… «Беймаалда телефон чалган ким? Болгондо да шаардан эмес: телефондун коңгуроосу узун шыңгырайт…» –Эй, телефон шыңгырап атат, – деди аялын түртүп. Бирок аялы ойгоно бербеди. Турууга туура келди. Стол, стулдарга чалынып барып, трубканы алды. –Алло… –Бул Ысаковдун үйүбү? –Ооба. –Ноокат менен сүйлөшөсүз. Ноокат – мунун туулуп, өскөн району эле. Ал жакта анын көп сандаган тууган-уруктары жашайт: атасы, толугу менен…..