Бүкадича Акимжанова: Кайчы жолдор

Кайчы жолдор (Новелла) Бүгүн ичимде уйгу-туйгу болгон сезимдерди сөз менен айтып жеткирүү кыйынга турат мен үчүн. Тээ качан бүткөн жарам кайра сыйрылгандай, ичим эңшерилип, жүрөгүм ооруп, көңүлүм сыздап турам сени эстеген сайын. Капыстан кайра табышканыбызга бир сүйүнсөм, бир күйүнөм. Бир капталым көкөлөп көккө учту кубанычтан, тээ качанкы алоолонгон сезимдер жалындай дүрт дей түштү кайрадан. Алоолонуп күйгөн жалын менен көп жыл жашара түшкөнсүдүм. Бир капталым болсо үнсүз солкулдап ыйлап турду. Тагдырга болгон таарынычы, ызасы үстөмдүк кылып, жашоону кечиргим келбей турду. Зымырап өткөн убакытка карабай «сен» деген сезимдин соолубаганына ызаландым. Капыстан табышкан толугу менен…..