Керимбек Кадыракунов: Шылтоолоп чакырууга себебим жок, Жөн эле үйгө достор, келгилечи

Токой Сансыз дарак сабын бузбай тизилген, Саргайыңкы жалбырагын күз илген. Мээлүүн желдин мемиреткен шоораты, Узап аздан чексиздикке үзүлгөн.   Дүйүм шилби токойдогу аралдай, Саксайышат саамайлары таралбай. Иңир кирсе үшүн алат адамдын, Сезимиңди селт эттирчү караандай.   Тоонун башын көрүп булут чалганын, Тобун издеп, көзөмөлдөп калганын. Карагайлар балатыга курчалган, Тойго ээрчитип бараткандай балдарын.   Жан-жаныбар бейпил жашап жай кылган, Тирлик өтөп уланышкан ай, жылдан. Чар тарабы өсүп барат токойдун, Жердеги бир алп кемедей жай жылган.   Калса болду уланып Өткөн күндү дасторкондой жайгым бар, Койну толо кубанчым бар, кайгым бар. Өтөлгөлүү толугу менен…..