Шаардык китепканада “Шайтандардын бийи” аттуу китептин бет ачары болду

Ч.Айтматов, А.Жакыпбеков, Ж.Токтогазиев. Бир айылдан чыккан үч талант.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун проза секциясынын башчысы, жазуучу Жумабек Токтогазиевдин “Шайтандардын бийи” аттуу китебинин бет ачары адабият күйөрмандарынын катышуусунда өттү.

Ч.Айтматов атындагы №1 шаардык китепканадагы иш-чарага КР Эл акындары Т.Мамеев, Т.Самудинов, А.Өмүрканов, К.Бакиров, КР Эл жазуучусу М.Абакиров ж.б. акын-жазуучулар, адабиятчылар катышты. КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов модераторлук кылган кече эркин баарлашуу форматында жандуу өттү. Устат жазуучулардан тышкары окурмандар да өз ойлору менен бөлүшүп, шайтандардын тилин түшүнүп, алардын бийин жазган жазуучуга чыгармачылык ийгилик каалашты. Катышуучулардын көпчүлүгү Ж.Токтогазиевдин мыкты аңгемечи экендигин баса белгилешти.

“Аккан арыктан суу агат” деген макалды эске салышып, Күркүрөө суусунун боюнан, Шекерден чыккан улуу жазуучу Ч.Айтматовдун, А.Жакыпбековдун жолун улаган Ж.Токтогазиевге чыгармачылык бийиктиктерди каалап, жазуучулук стилин, чеберчилигин жогору баалап, ак баталарын арнашты.