Садык Алахан: Райкан Шүкүрбековдун термелеринин башкы проблемалары жана көркөм-эстетикалык өзгөчөлүктөрү

Райкан Шүкүрбековдун термелеринин башкы проблемалары жана көркөм-эстетикалык өзгөчөлүктөрү Ырас, Р.Шүкүрбеков жинди сууну шимирген аракечтин тышкы кебете-кешпирин да эсте каларлык деңгээлде көрсөтүп берет. Билбей мээң айланып, Кийбейсиң кээде чалбарды. Маймыл көргөн немедей, Ээчитесиң балдарды. (87-бет) Жинди суу Калтыратат колуңду, Ийри кылат жолуңду. Жайдын күнү кийгизет, Кышындагы тонуңду.   Күн кайнаган жайында, Июль, август айында. Кийиз өтүк бутуңда, Мына, анык күлкү ушунда (91-бет).   Сай сөөгүң сыздап жүлүндөйт, Чылпактан көзүң ириңдейт. Оозу башың бүлкүлдөп, Сүйлөгөн сөзүң билинбейт (92-бет)   Ашаткан тери жыттанат. Үстүңдөгү кийгениң. (93-бет). Бул термеде Р.Шүкүрбеков конкреттүү тагдыр сыяктанган типтүү толугу менен…..