Өмүрбек Дөлөев: Ойлоруман от “дүрт” этип көз ачып, Ойгончумун дүбүртүнөн жылкынын

Ата-энедей ардактуу Кобуру, сөздөрү бар, колот, сайдын, Уу-дуусу бүтпөгөн бир жомок жайдын. Алыстан эңсеп, дегдеп келгенимде, Атчандай чаап чыккан, тосот айылым.   Дайыным калган окшоп желден жетип, Шыбагы жыпар чачат сербеңдешип. Мен кармап, анан тартчу аркан болуп, Кашка жол алып жөнөйт дегдеңдетип.   Ар кимдин өмүрүндөй бар айылы, Жол кетет улам тоону карап улуу. Бой тарткан кыздарындай суйсалышат, Суу бойлоп келе жаткан тал кайыңы.   Не кылдым бала күндөн, бөктөрүнө, келгеним, айтам элдин өздөрүнө. Келиндей жаңы келген, ийилгим бар – Айылдын адамы эмес, чөптөрүнө.   Кубанчым сөз жетпеген баарыдан да, толугу менен…..