Садык Алахан: Райкан Шүкүрбековдун термелеринин башкы проблемалары жана көркөм-эстетикалык өзгөчөлүктөрү (“Жинди суу”)

Райкан Шүкүрбековдун термелеринин башкы проблемалары жана көркөм-эстетикалык өзгөчөлүктөрү (4-макала, “Жинди суу”) Залкар акындын аталган жанрдагы экинчи чыгармасы болуп атактуу «Жинди суу» аттуу термеси эсептелет. Суу темасы дүйнөлүк поэзияда бөтөнчө бир бийик пафос менен көркөм иликтенип келе жаткан түбөлүктүү темалардын бири. Бу дүйнө жаралган алгачкы субстанциялардын негизгилеринин бири катары саналуу менен суу дүйнө элдеринин баарысынын көркөм адабиятында тээ алмустактан бери ар түрдүү өңүттө ырга кошулуп келет. Байыркы Вавилон менен Египетте суу табияттагы Адам акылы жетпеген кереметтүү сырлардын бири катары сүрөттөлүп берилсе, андан кийинки грек жана Рим мифологиясында да сууга өзгөчө орун толугу менен…..