
Бүгүн Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында ЭлТР МТРКсынын “Мени издесең ырларымдан табасың” теледолбоору кезектеги поэзия кечесин өткөрдү. Бул поэзия кече КРнын Эл акыны Абдыжапар Эгембердиевдин чыгармачылыгына арналды. Бул долбоор журналист, алып баруучу Айбек Асанбек уулунун демилгеси менен уюштурулуп, 2021-жылдагы үчүнчү ирет өткөрүлүп жаткан чыгарчылык кече. Кечеге КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри К.Иманалиев, Т.Мамеев, М.Абакиров, А.Жакшылыков, А.Рыскулов баштаган КРнын Эл акын, эл жазуучулары, маданият ишмерлери, студенттер жалпы ыр күйөрмандары катышты. Акындын ырларын КРнын Эл артисттери М.Алышпаев, Т.Абдыразаева, актерлор Э.Осмонов, Ө.Израиловдор көркөм окуп берип поэзия күйөрмандарынын черин толугу менен…..