Малика Жумадилова: Кудай ырын ырдап беришип, Таң төрөдү, кайра жаралдым

*****

Жолдо тыгын
Жолдо унаа батпаган…
Өз жолумду издеп чыктым мен!

*****
Күн уясын тапканда,
Кубанычтан кызыл нурга бөлөнгөн
Эртең кайра кубарат…

*****
Көмкөрүлүп калды асман,
Көктөн түшкөн жылдыздар
Жерде жатат жымыңдап…

*****
Кунары суз жаратылыш
Чексиз асман – эки карыш,
Туман жутуп алыптыр баарын…

*****
Түн бир оокум
Үндөр дале үзүлбөйт,
Жымжырттыкка окшогон.

*****
Албуут шамал ачууланып
Каарын төгүп жатканда,
Булут көлгө жүгүндү…

*****
Капчыгайдын кучагынан ойгонуп,
Туман кетип бара жатат таң эрте тескейдеги тоону ашып.

*****
Кең ааламда
Кең жайылбай канаты,
Куштар учат: зым- терекке урунуп.

*****
Караңгыда
Шам көтөрүп баратам,
Көлөкөмдү ээрчитип.

*****
Асфальтка боюн уруп
Жамгыр төгөт,
Жайнаган таракандар чуркап жүрөт….

*****
Айга жетпей
Капаланды чоң булут,
Сүттөй жарык болчу түн!

*****
Чуулдаган топ Каргалар,
Топ даракты ээлешип,
Жыйын куруп жатышат.

*****
“Жүрөк үнү”
…Асман
боз баскан…
Күн бүркөлүп келатат.
Тээтигинде топ каргалар чурулдап,
Ар жамандык тилешүүдө – кургурлар!

Үндөр… үндөр, чуусу үрөй учурган.
Аба жарат, ачуусунан баш жарат.
Ушундайда жерби кутун учурган,
Аба муздап, сыз сезилет көчөдөн.

Терезеден турам карап, тим турам,
Көргөнүмдү, көөдөй булут жапканда:
Акыйкатты тапкычакты
Үнүм бүтүп калгычакты кыйкырам!

“Чын айтам”

Бу күндөр эсимен түк чыгып,
Басаңдап жүрөктүн согушу.
Жооткотуп өзүмдү алчу элем,
“Жоголуп кетти” – деп оюман.

Теңирден тескери бу чыйыр,
Таптакыр койгон жок эркиме.
Түртүлсөм – тартылып эчендер,
тартылсам – түртүлөт тирүүлүк!

Сүйүүгө тойбогон учур чак,
Сүрөтүн тарттырат жаштыктын.
Жүйөөсү, жөнү жок чарчаткан,
Сезимдер сиздеги жылыбас.

Эки анжы оюман кайтамын,
Чок тиштеп калгыча түшүнүп.
Бир учур унутуп, бир күтүп,
Сүйүлгүм келген жок, чын айтам!..

*****
Ээ бербей оолуккан толкунду,
Кенебес аскалар тосушат.
Шамалдай ой кайкыйт андайда,
Бук болгон дүйнөмдү сапырып.

Ким мени токтотот, ким түтөт?
Түшүнүп жүйөөсүн жазмыштын.
Мен үчүн таштайбы, көктү да,
Асманды тиреген аскалар?!.

Ким мени токтотот, ким түтөт?

*****
Унутпай жүргөндүрсүң,
же унуттуң,
маанилүү эмес.
Мезгил бул- эстетүүчү,
эскерерсиң.
Мен балким…
Жакшымын, жамандырмын.
Сакталам жүрөгүңдө,
көптүн бири катары, же….
….мүмкүн мен
Сүйүүнүн табытында,
Эстелемин..

Жөн эле ойлоп алдым,
(сени)
унутканмын….

*****
Таң алдында уктум: чымчыктар,
Кубанычтуу ырдап жатышкан.
Көңүл жибип, жүрөк туйгандай
Топ куштардын айткан кабарын

Кудай ырын ырдап беришип,
Таң төрөдү, кайра жаралдым
Ушул күндөн баштап уланган
Өмүрүмө тобо кылармын

Кечээ батып кеткен күн кайра
Жаркыраган үмүт улады
Аруу дүйнө, улуу сезимдер
Нурдан бүттү, нурдан куралды

Өзгөрүүдө өмүр багытым:
МЕН өзгөрдүм, ДҮЙНӨ өзгөрдү…

*****
Аппак кар
Себелеп жатканда аппак кар,
Экөөбүз калгансып калаада.
Мемиреп: тынч, жылуу айлана,
Бөпөлөп тургансып сезимди.

Тиктесем жүзүнө асмандын,
Каалгып келатат бүртүктөр.
Жай таппай калышып конууга,
Көзүмө кошулуп кетишти.

Ээритти жүрөктү сулуулук,
Арзууну жатканда шыбырап.
Аяздан сулуу нур төгүлүп,
Сүйүүнүн таасири тарабайт.

Ак ниет кудайдын пейлинен,
Ак жаады ааламдын бетине.
Өкүнбөй өтөмүн бир өмүр,
Жашырбай сарпталган сүйүүгө!..