Кыялбек Урманбетов: Асылды табамын деп алтын издеп, Асылды жоготобуз өмүр деген

Кечиктим Таңшыган булбул белең бутагымда, Талпынам кучагыман учарыңда. Карааның карегимен үзүлсө да, Элесиң кала берет кучагымда. Сен жакка агылармын дагы далай. Өзүмдү ташып бүтпөйм дарыядай. Көзүңчө жаш баладай жайнасам да, Өзүмчө ойго чөгөм карыядай. Билемин, менсиз деле арманың көп, Астыртан аяр карап зарладым көп. Сөз менен жалынычым айтпасам да, Көз менен айтып келем “ардагым” деп. Кербендер өтүп кетти, кайрый албайм, кечиктим, кантип анан кайгыланбайм. Өзүңөн өмүр бою айрылсам да, Ойлордон сен жөнүндө айрылалбайм… Өмүрзар Жашайбыз бала күтүп, кайрым тилеп, Жашайбыз жаралгандан кайгы-муң жеп. Жан барда арман жоктой гүлдөйлүчү, Жашайбыз дагы толугу менен…..

Поэзия кечеге келиңиздер

КР Улуттук жазуучулар союзу 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинин концерттик залында поэзия кечесин өткөрөт. Кечеде Кыргыз эл акыны Карбалас Бакиров, Калчоро Көкүлов, Кубанычбек Басылбеков, Кыялбек Урманбетов, Атахан Кожогулов, Эрлан Жумагазиев, Мирлан Алтымыш уулу жана Адилет Зарылбек уулу ыр окуйт. Адабий -музыкалык поэзия кечени белгилүү ырчылар коштойт. Бардык ыр күйөрмандары үчүн эшик ачык. Дареги: Бишкек ш., Ахунбаев көчөсү 121, Тыныстанов көчөсү менен кесилишет. Жалпыңыздарды 6-март күнү саат 16:00дө күтөбүз. Келип, акындардын ырларынан азык алып кетиңиздер.