Акын Т.Нурманбетовдун чыгармачылык кечеси өтөт

ЭлТР МТРКсы акын, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тынчтыкбек Нурманбетовдун чыгармачылык кечесин өткөрөт. Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында өтө турчу кече ЭлТР МТРКсынын “Мени издесең ырларымдан табасың” аттуу теледолбоорунун алкагында уюштурулууда. Долбоордун жетекчиси Айбек Асанбек уулу. Аталган чыгармачылык кече 10-мартта саат 14:00дө башталат. Акын-жазуучулар, маданият өкүлдөрү, жаш таланттар менен бирге автордун ырларын аткарып жүргөн ырчылар катышат. Ыр күйөрмандары үчүн эшик ачык. Келип күбө болуп кетиңиздер! Аял Бириңден калып көңүлүм, Бириңе турам арбалып. Бириңе сайып өмүрүм, Бириңе калдым алданып.   Азапты бириң тарттырып, Агарттың кара чачымды. А бириң дилим толугу менен…..