Чыңгыз Айтматов: Адабий тажрыйба – өтүкчүнүн өнөрү эмес

(«Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат» китебиндеги асыл нускалар)  

*****

Ар бир адамдын өз Мекени бар. «МЕКЕН» деген сөз кыргызда – ата-бабанын жери, туулуп-өскөн жер дегенди билдирет. Ал, албетте, гүлбакча эмес. Абдан сагындырып, бир көрүүгө куштарланткан Талас жергемди ак-карасы аралаш жаткан өз келбетинде көз алдыма элестетүүгө аракеттенем. Эгер мен аалам койнун аралаган космикалык саякатта жүрүп, жер жөнүндө ойлончу болсом, сөзсүз аны өз айылым Шекердин образы аркылуу элестетерим бышык. Анткени, менин башатым – ушул Шекер. Ушул жерде аталарым жана бабаларым жашаган. Ушул жерде мен жарык дүйнөгө келип, турмуш тааныгам, өз тагдырымды тапкам. Ата журт деп аталган туулуп өскөн жердин тирлик тартиби, салт-санаасы, ыр, жомогу, жаратылышы, абасы – бүткүл турпаты адамдын адам катары калыптанышында жана өз тагдырына ээ болуусунда зор таасири бар экендигине бекем ишенемин.

*****

Биздин айылдын абышкалары ар бир баладан: «Кана, жети атаңды айт!» – деп катуу талап менен сурашар эле. Элдин акыл-эс мурасы да, муундардын байланышы да мына ушуга негизделген. Бул жөнүндө мен «Ак кеме» повестимде бала менен машина айдаган казак жигит экөөнүн аңгемелешүүсүндө айтууга аракеттенгем. Турмушта жети атасын билбей эле жашап жүргөн адамдар бар экенине бала аябай таң калат:

–Жети атаңдын аттарын үйрөткөн жок беле акең? – деди бала.

–Ит билеби. Ага не таңсык болдың? Жети атамы билбейм, бирак, көрүп турасың гой, көп катары жашап жүрмин.

–Атам айтат, адамдар ата тегин унутуп койсо, бузулуп кетет дейт.

–Не үшин?

-Анда дейт, атам айтат, баары бир балдарым, балдарымын балдары билбей калат деп, адамдар арам иштен жийиркенбей, тартынбай калат дейт. Баары бир балдарым, балдарымдын балдары билбей калат деп, адамдар жакшылык кылбай калат дейт…

*****

Мен шекерликмин, ошон үчүн бул жакшы кааданы алигиче урматтаймын. Менин атам Төрөкул, Төрөкулдун атасы Айтмат, Айтматтын атасы Кимбилди, Кимбилдинин атасы Кончужок… Ушинтип отуруп биздин тукумдун башы – Шекердин өзүнө чейин санай берүүгө болот. Атамдын жана чоң аталарымдын туугандары – Рыскулбек, Керимбек, Өзүбек, Суванбек, Доолбек, Алымкул, Иманкул, Биримкул – булар да менин бабаларымдын катарына кирет. Мындай карасаң, бул жөн гана адам ысымдары. А мен үчүн мунун мааниси чоң. Эл оозунда айтылган сөздөрдөн улам мен алардын ар биринин ысымдарын тереңимде ызааттайм жана сыймыктанамын. Бул өзүбүздөн мурда жашап өткөндөрдү эстөөгө жана алардын кадыр-баркын төмөндөтпөөгө бизди – кийинки муундарды милдеттендирет.

*****

Адамзаттын агып турган тиричилиги дайыма болочокко багытталганы менен, өткөн тажрыйбасы – анын түпкү күлазыгы, таянган тоосу, келечек урпактарга энчиленген мурасы.

*****

Жаштар – турмуштун өнүп келе жаткан жаңы күчү, адамзаттын жаңыланган мууну, коомдун ар түркүн милдеттерин жана негизги идеяларын улантып, өнүктүрүп, келечекке алып кетчү канат-бутагы.

*****

Азыркы учурда кайсы гана адабият болбосун, ал өз өлкөсүнүн жана дүйнөсүнүн замандаш адабияттары менен үзөңгүлөш жүрүп, идея жана көркөмдүк жагынан өзүнө керектүү нерселерди сиңирип, өзүнө жат нерселер менен күрөшүп турбаса, ал адабият ыкчам өнүгө албайт.

*****

Чыгарма жазганда сүйлөмдөрдү жайбаракат созуп, болор-болбос окуяны он чакты бетке мыжып, же болбосо шыпылдаган кур чечендикке салып отуруу эч кандай талапка жооп бербейт. Азыркы адамдын жүрөгүн, сезимин бийлейбиз десеңер, ага чоң-чоң философиялык ойлорго толгон, чыныгы поэзияга сугарылган, адамдардын копиясы эмес, тирүү, элестүү, ой-санаасы жакшылыкка умтулган образдары бар чыгармаларды берүүгө бел байлагыла.

*****

Адабиятка киши эптеп-септеп жазармын деп келбейт. Сөзсүз жаңылык киргизем, мурункулардын салтын улап, алардын жетишкендиктерине таянып, алардан бийигирээк чыгармачылык тепкичке жетем деп, чоң максатты көздөп келет. Демек, ар ким өз мүмкүнчүлүгүн кем санабай, бардык күчүн искусствонун чокуларына жетүү үчүн жумшоого милдеттүү. Болбосо, адабиятта убара болуунун зарылдыгы жок.

*****

Ар бир жаш талант чоң художник болууну көздөбөсө, адабият өнүкпөйт.

*****

Адабий тажрыйба деген өтүкчүнүн өнөрү эмес, бир калыпка салып алып ултара бергендей.

*****

Адабиятты тааный билүү адамга дароо эле келе койбойт. Анүчүн адам көп окуп, көп иштеп, дүйнөлүк искусстводон бир катар кабардар болуусу зарыл. Мындайча айтканда, жазуучу өзүнө адабий табит иштеп чыгуусу – башкы шарт. Табит дегенибиз – ал: адамдын ички маданияты, ички сезими, ички түшүнүгү.

*****

Талант – тубаса жөндөмдүүлүк, шыктуулук. Талант – адамдагы кандайдыр бир ички мүмкүнчүлүк. Ал эми мүмкүнчүлүк иш жүзүнө ашуу үчүн ага шарт керек. Жазуучунун ички мүмкүнчүлүгү, таланты дейли, чоң маданияты болбосо, өз заманындагы искусствонун алдыңкы жемиштеринен оозанбаса иш жүзүнө ашпайт. Жаш жазуучунун талантына керектүү шарт – маданият жана талыкпаган эмгек жана маданиятка талыкпастан кызыгуу.

*****

Жазуучуну атайылап окутуу кыйын. Жазуучу өзүнө-өзү мугалим болууга аракеттениши керек.

*****

Жазуучунун бир күнү текке кеткени – чоң жоготуу.

*****

Убакытты өлчөп болбойт. Анын аягы да, башы да жок. Жерди айлангандай, аны бардык жагынан айланып да чыга албайсың.

*****

Адамзаттын түбөлүктүү турмушунда жарым кылым деген, албетте, бир көз ирмемдей эле нерсе. Мүмкүн, бул көп кылымдык караңгылык доорунан кийинки кичинекей гана жарыкчылыктыр.

*****

Элдин өмүрү анын тилинде, элдин тили – бул феномен, бул жалпыга маанилүү кымбат нерсе. Ар бир тил – жалпы адамзат генийинин кенчи.

*****

Жакшы ишке ич күйдүлүк кылуу – күнөө эмес.

*****

Эне, боз үй, от күйгөн коломто – жашоонун жана туулган жердин символун билдирет.

*****

Маданият менен искусство дайыма көп күч талап кылган тармактардан, анткени рухий казына өзүнөн-өзү жарала койбойт. Алар аздектеп көңүл бурууну, камкордук көрүүнү, этиеттикти талап кылат.

*****

Ысык-Көл – менин кутман бешигим. Ал наристе кезимде мени алдейлеп, боз улан курагымда боюма кубат уютуп, чыгармачылык иште мээ чыңалткан сапсаргалуу ойго муктаж болуп турганда ар качан демөөр болуп, дем бергени үчүн мага кымбат.

*****

Энгельс: «Жаратылыштын үстүнөн болгон жеңиштерибизге ашкере манчыркабай коё туралы. Ушундай ар бир жеңиш үчүн ал бизден өч алат. Бул жеңиштердин ар бири алгачкы учурда биз каалаган натыйжаларды бергени менен, анын биз алдын-ала болжоп көрө албаган, көп учурда биринчи натыйжалардын маанисин жокко чыгарган экинчи, үчүнчү, кезектеги башка да натыйжалары бар».

*****

Илим – дөңгөлөк астында түрүлгөн жолдун танабына гана карап, ал эми имерилиштен нары эмне бар, аны билгиси келбеген жана капарына албаган алаңгазар шофёрдун абалында турат.

*****

Түбөлүктүү нерсе аз, жаралуу бар жерде жоготуу бар, эзелтеден өнүгүүнүн жолу ушундай эмеспи.

*****

Улуттун башына эмне иш түшсө да – ал улуу иш, жамандыгы да, жакшылыгы да ар кимибизге тиешелүү.

*****

Улуттун дагы бир касиети – ал: кажыбас кайраты.

*****

Тубаса генийлер өзүнчө бир, эки замандын кошулуп турган чегинде албырттап күйүп турган түбөлүк от сыяктанат. (Чыңгыз Айтматов бул сөздү Карамолдо Орозов тууралуу айткан).

*****

Бир адамга берилген бийик баа, урмат-сый – ошол адамдын жеке керт башына эмес, элдин өзүнө өзү берген баасы, өзүн өзү сыйлаганы, беделин көтөргөнү.

*****

Актёрдук өнөр – адам рухунун эң бир жаркын көрүнүштөрүнүн бири.

*****

Карасанатай адам ар кандай жамандык үчүн да шылтоо табышы мүмкүн.

*****

Адамдын ар кандай жагдайдагы алмашпас куралы – акыл-эси.

*****

Жакшылык иш дүйнөнү кырсык балээден сактайт деген сөз бар.

*****

Акыл-эс – биздин тирегибиз.

*****

Эң зор капитал – бул: элдин нравалык маданияты. Ал жокпу – демек, өскүлөң аң-сезимди да күтүп кереги жок.

*****

Абийирдин таңсыктыгы барып турган амалдуу, коомго кас жорук-жосундарга алып келет.

*****

Адамды тарбиялоо – дан жасар иш. Адегенде инсанды торолтуу зарыл!

*****

Батышта барпаа болгон балакеттүү бардык көрүнүштөр биз үчүн эскертүү жана сабак болууга тийиш.

*****

Өзүн инсан катары көрсөтүү көксөөсү – адам мүнөзүнүн маанилүү касиети.

*****

Трагедия – чындыктын объективдүү категориясы, аны этибар албоо же тоготпой коюу жарабайт. Трагедия – бул: бакыт, аң-сезим, чыгармачылык сыяктуу эле адам менен түбөлүк бирге болучу нерсе.

*****

Адамды рухий дүйнөдөн, кубануу же бирөөлөрдү кубантуу, бирөөлөр үчүн күйүү сезиминен ажыратуу – бул: баарынан коркунучтуу нерсе.

*****

Изденүүлөр жекече жүрөт, бирок анын табылгалары жалпыга таандык.

*****

Жазуучу – өз доорунун күзгүсү.

*****

Көркөм чыгармачылыкта башкы нерсе – адам руханы, анын күчү жана касиети.

*****

Сын – адабий процесстин ажырагыс бир бөлүгү, анын башка жанрдан эч кандай төмөнчүлүгү жок.

*****

Сынчы жаңы нерседен дагы жаңы нерсени көрө алышы жана ага конкреттүү жардам этиши милдет.

*****

Сынчыны талаа кыдырып, жерден баш көтөргөн ар бир өнүмгө суу бурган сугатчыга окшотсо болот. Бирөөнү эле көздөн жаздым калтырса, ал соолуп калышы ыктымал.

*****

Замандаштар – бир мезгилде жашап турган адамдар гана эмес, ой жүгүртүүнүн жалпы белгилери боюнча айырмаланган бирдей ой-пикирдеги адамдар.

*****

Адабияттын милдети – өзүңдүн негизги кызыкчылыгыңды көкүрөктө тутуп, бирок кеңири масштабдар менен ой жүгүртүү.

*****

Эмгекчилдик – адам касиетиндеги эң негизги жана зарыл сапат. Адамдын ким экендигин анын эмгеги аркылуу билебиз.

*****

Эгер адамзат тынчтыкта жашоону үйрөнбөсө, жер үстүнөн тукум курут болору бышык.

*****

Фантастикалуулук – бул: чындыкты жаңыча, күтүлбөгөндөй көз караш менен көрүүгө мүмкүндүк берүүчү турмуш метафорасы.

*****

Адамды ишенимдүү жана терең чагылдыруу – бүткүл дүйнөнүн жазуучуларынын алдындагы милдет.

*****

Жазуучу – дүйнөнүн жаңырыгы.

*****

Андрей Вознесенский: «Эгер адамга келтирсе кыйындык – бардык өсүштүн баасы тыйындык», – деп айткан.

*****

Горький: «Жазуучу өз көкүрөгүнүн гана жаңырыгын тыңшабай, ал өзү дүйнөнүн жаңырыгы болуусу тийиш», – деген.

*****

Жүрөгү, бүткүл руханы адамга жана адам даргөйүндөгү асыл ойлорго, күйүткө жана сүйүүгө толуп-ташып турганда гана художник адамзатка кызмат кыла алат.

*****

Керт баштын эркиндиги деген – бул: өзүнүн кадыр-баркын көтөрүү дегендик эмес, ошону менен бирге, бул: бир жагынан өзүн өзү кармай билүү, жоопкерчиликти сезүү дегендик.

*****

Гражданин болуу – демек, кенен ой жүгүртө билүү, коомдун кызыкчылыгын өз кызыкчылыгым деп түшүнүү.

*****

Адам өзүн ким гана деп эсептебесин, ал ишсиз, аракетсиз жашай албашы бышык.

*****

Окумал, билимдүү, умтулуулары, кызыкчылыктары кенен, интеллигент адам кандай гана иште иштебесин өзүн жолсуз, армандуу эсептебейт.

*****

Антонио Прието: «Бүгүнкү күндөгү прозаик сынчы да, публицист да, адабиятчы да болушу керек», – деген пикирин айтты.

*****

В.И.Ленин: «Кызмат абалдын кадыры жөнүндө кам көрүүчүлүк – даңкка умтулуучулук, өзүнө-өзү ыраазы болуучулук, ичи тардык, рухий мерездик; ички маданияттын төмөндүгү – биздин эң каардуу душмандарыбыз».

*****

Толстой: «Искусствонун мааниси – адамдарды бирдиктештирүү», – деп айткан.

Топтоштурган: Мээрим Сайдилкан